АКЫРЕТКЕ ДАЯРДЫК🕌🕋
5.54K subscribers
1.17K photos
523 videos
1.31K links
Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу☝🏻❤️

📖Куран аяттар
🕋Хадистер
🕌Сүннөт амалдар
⚡️Баяндар
📲👨‍👩‍👦 ✔️Диний маалыматтар
📷Өзүм тарткан видео сүрөттөр

КАНАЛГА КАТТАЛЫП, ДҮЙНӨЛҮК ЖАНА, АКЫРЕТТИК ПАЙДА АЛЫҢЫЗДАР

🧕🏻https://t.me/polotovaAiz
Download Telegram
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Катталыңыз!
➤➤https://t.me/polotovvaai
*Нике кереметти*

*Копко жар тандоо кесепети*

Учурда жаштар оздору турмуш курууга шашпагандай, ата-энелери да аларды шаштырбайт. Алардын кобу озун <<даяр эмесмин>> деп ойлошот. А чынында, було алдында жоопкерчиликти ала алса - турмушка даяр. Жашоо эби анан пайда болот, укук - милдеттерди да анан уйронот. Бойго жеткен жигит - жоопкерчиликке кантип даяр болбосун. Азыр даяр болбосо - кийин деле даяр болуп жарытпайт. Демек, алар оюнкараак, болгону ээнбаштыкты жакшы корот.
💫💫💫💫💫💫💫💫
Кээ Бир жигиттер копко чейин жар тандайт. Даяр кыз жок дешет. Тамак бышыра алса, кийим жамап, куйгузбой утуктой алса, эрди эр деп билсе, озун ага сактай алса - кыз турмушка даяр. Калганын эри озуно, булосуно ыктап алат да. Динде таалим - эрге коюлган милдет. Калганын кайын - журт, тууган - урук тарбиялайт.
💫💫💫💫💫💫💫💫
Пайгамбарыбыз салаллоху алейхи ва саллам кайсыдыр сахабасынан: *<<Эмне учун уйлонбой журосун>>* деп сураптыр. <<Аллахтын Элчиси, ал аялды багууга каражатым жок>> - дейт сахабасы. Анда Пайгамбарыбыз салаллоху алейхи ва саллам: *<<Уйлоно бер. Балким сенин берекен ал аялдын колундадыр>>* дейт. Бул уйлонууго каражатым жок дегендерге жооп.
💫💫💫💫💫💫💫💫
Кыз атанын уйундо ардакталган зат. Кыргызда <<Уулу туур тон кийсе да, кызына суусар тебетей кийгизет>> дешет. Бирок, обу жок эрке кыздар да бар. Кыз бойго жеткени анын кээ бир одоно кылыктарын ата - энеси тыйып турбаса турмушка даярданбай кыйнайт кыз.
💫💫💫💫💫💫💫💫
Кыргызда илгертен уул - кыздардын жашына карап аташкан. Эркек балдарды - бобок, оспурум, боз улан, тестер, жигит дешсе, кыздарды чачына жараша - секелек (мандайындагы чач), кара далы, бийкеч деп аташкан. Кыздар секелек жаштан откон сон, чачын кырк кылып артына орушкон. Ал эми турмушка чыгып, келин болгону сон чачын эки болуп оргон. Кара далы дегени - копко чейин кырк чачы далысын карайтып жургондон айтылган кеп.
💫💫💫💫💫💫💫💫
Кыз деген тын келет, бирок учурда кобу бала кыял жана нымжан. Тушунуктору алсыз, бат эле алданып калат. Кээ бирлери бойго бутуруп алып тиет эрге. Эгер тийсе, тийбесе ал дагы эле ойноп журо берет. Кызын эр албай уйдо олтурса ага онойбу? Илгери жаман кызды гана эр алчуу эмес. Аталар уятына чыдабай же башкасына кесепети тийбесин деп коркчу.
💫💫💫💫💫💫💫💫
Дагы Бир хадисте: *<<Комууго даяр соок турса да, жуучу келсе кызды берип, анан соокту ком>>* дейт, Пайгамбарыбыз салаллоху алейхи ва саллам. Жашы кырктан ашса да турмуш курбай жургон аялдардын дээрлик кобу - оз учурунда эр тандап отуруп, таалайын откоруп жибергендер болсо керек. Копко куйоо тандап, бактысыз калган кыздар жонундо кыргыз эпосторунда, жомокторунда коп айтылат. Мисалы, <<Олжобай менен Кишимжанда>> Бегимжан эр тандап журуп тийгенине карабай тез эле жесир калат. Эрте жесир калган Зулайка да копко чейин тандап отуруп акыры Кожожашка аран макул болгон. Кызжибек алтымыштан ашык жуучуну таанып, Тологонго тийген, жашабай туруп, кыз боюнча жесир калат. Эр Тоштукто Кок Доонун кыздары да тандоо откорушуп, эки кызынын куйоолору начар чыгат. Манаста Шорук канды чапканда кырк кыз оздоруно эр тандашат. Ошолордун баары кийин жесир калат. Акылай баласыз отот. Жаныл Мырза куйоолоп келгендерди чанып журуп акыры карыган Калматайга тийип, акыр аягы аны олтуруп тынат.
💫💫💫💫💫💫💫💫
Акыркы учурда жашы отуп баратканына карабай кызын ойноп алсын деген ата - энелерди коробуз. Бойго жеткен кыз эмнени ойнойт? Ойунга тойбогон кыз алтымыштан да ойной берет. Эртесин ойлогон кыз ата уйундо эрге камынат. Турмушка эрте жана тез чыкканга аракет кылат. Эрте тынган кыз - ата - эненин, тууган - уруктун да санасын тындырат.



*📗Нике кереметери китебинен:*



Катталыңыз!
➤➤https://t.me/polotovvaai
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Намазды тыштабаңыздар урматуу мусулман бир туугандарым .❤️
Forwarded from 🕋БАКТЫЛУУЛУК ДИНДЕ🕋 (Нуржигит Абдуллаев)
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥 56 - cүрөө «Аль Ваки'а,
63-69 - аяттары» – Ислам Собхи
📖 Кыргызча мааниси менен

🌐 @azimkulov_77
Live stream finished (3 minutes)
Live stream finished (1 hour)
Аллахтын сиз менен бизге берген дагы бир Жума күнү Маарек болсун, Аллахым ар бирибизге үй бүлөөбүзгө жана ошондой эле жалпы Пайгамбарыбыз с.а.в дын үммөтүнө берекелүү пайдалуу кылып берген болсун.

Ассалому алейкум рахматуллахи ва баракатух.

СубханАллах🌹
Альхамдулиллах🌸
Аллаху Акбар🌼


Катталыңыз!
➤➤https://t.me/Akyretke_daiardyk

➤➤https://t.me/Akyretke_daiardyk_2