АКЫРЕТКЕ ДАЯРДЫК🕌🕋
5.75K subscribers
1.17K photos
525 videos
1.32K links
Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу☝🏻❤️

📖Куран аяттар
🕋Хадистер
🕌Сүннөт амалдар
⚡️Баяндар
📲👨‍👩‍👦 ✔️Диний маалыматтар
📷Өзүм тарткан видео сүрөттөр

КАНАЛГА КАТТАЛЫП, ДҮЙНӨЛҮК ЖАНА, АКЫРЕТТИК ПАЙДА АЛЫҢЫЗДАР

🧕🏻https://t.me/polotovaAiz
Download Telegram
Катталыңыз>>>
https://t.me/Akyretke_daiardyk
Катталыңыз >>>
https://t.me/Akyretke_daiardyk
Катталыңыз >>>
https://t.me/Akyretke_daiardyk
🌸ЫЙМАНДЫН 6 ШАРТЫ.🌸

1. Аллах Тааланын бар жана бир экенине ишенүү.
🌸2. Аллах Тааланын периштелерине ишенүү.
3. Аллах Таала жиберген китепке ишенүү.
🌸4. Аллах Тааланын пайгамбарларына ишенүү.
5. Акырет күнүнө ишенүү.
🌸6. Тагдырга б.а. жамандык жана жакшылыктын Аллах Тааладан экендигине ишенүү.

https://t.me/Akyretke_daiardyk
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ибрахим-42
Мухаммад Лухайдин

https://t.me/Akyretke_daiardyk
*🟤 КАНТКЕНДЕ КҮНӨӨЛӨРДӨН АРЫЛАМ?*

Чындыгында катачылык, жаңылышуу жана унутчаактык - адамдын табиятындагы бар сыпаттардан. Көбүнчө адамга жаман сыпаттар - өзү сезбеген абалда жугуп, анда калыптанып калат. Ал жаман сыпаттардын себебинен, пенде Аллахка күнөө кылат. Аллахтын газабына дуушар кыла турган күнөөлөрдү текеберлигинен, нафсисинин каалоолоруна эрчигендигинен улам кылып алат. Ошондой эле адам - Аллахтын азабын унутуп кечиримине таянып алуусунан жана кылган иштеринде адамдарды ыраазы кылам деп Аллахтын каарын келтирген күнөөлөрдү жасап коёт. Чындыгында Аллах Таала ыйык Куранда, бир нече жерде кунөөкөрлөрдү эскерип жана алардын азабын айтып өткөн. Ошол күнөөкөрлөр менен бирге эле, тообо кылгандарды жана жакшы иштерди кылгандарды да эскерген. Ошондой эле күнөөкөрлөрдүн арасынан күнөөлөрүнө тообо кылып, жакшы иш-аракеттерди кылгандар, күнөөкөрлөрдүн катарында эмес экенин дагы баяндаган. Бул да болсо Аллахтын берешендигинен, даанышмандыгынан жана кечириминин кеңдигинен кабар берет. Ушул жерде окурман адамда суроо туулушу мүмкүн:
“Аллахтын ыраазычылыгына, кечиримине жетүү үчүн жана Аллахтын бейишине кирүү үчүн, кантип кунөөлөрдөн кутулууга болот?!” Жообун бул макаладан толук түрдө таба аласыз.

*1) Аллахка тообо кылып кечирим суроо*

Аллахка тообо кылып, кылган күнөөлөргө кечирим суроо – күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө биринчи кадам болуп саналат. Тообо кылуу – Аллах үчүн болгон чын ыкластуулукту талап кылат. Ошондуктан сен билгин! Тообо кылууңдан негизги максат - тообо кылып жалгыз Аллах Тааланын ыраазылыгын табуу. Аллахтын кечиримине жетүү. Эгерде сенин тообоң чыныгы тообо экендигин билгиң келсе, анда сен кылган күнөөлөрүңө канчалык деңгээлде өкүнүп жатканыңа кара. Эгерде сен күнөөлөрүңө чындап өкүнүп жаткан болсоң, анда сенин тообоң чыныгы тообо экенин билгин. Ал эми кылган күнөөлөрүңө өкүнбөгөн болсоң, анда сен өзүңдү жакшылап карап чык. Аллахка дуба кылып: жүрөгүңдү жумшартуусун сура. Куфрлукту, бузукулукту, күнөө кылууну сага жек көргөзүүсүн жана туура жолдогулар менен бирге кылуусун сурагын.Өзүңө суроо бергин! "мен күнөөлөргө кайтпоо үчүн канчалык деңгээлде чечкиндүүлүк кылдым?!- деп. Сен тообо кылдым деп алып, жүрөгүң күнөөгө болгон сүйүүсү кала берсе, күнөөгө кайтууга жүрөгүң даяр болсо, анда бул Аллах менен болгон адепке туура келбейт. Эгерде Аллах сенин жүрөгүңдөн жакшылыкты көргөн болсо, анда сени Өз буйругу менен туура жолго салып, тообоңду кабыл кылат. Туура жолго салып, түз жүрүүгө ийгилик берет. Күнөөлөрүңдү, каталарыңды кечирет. Ошондуктан сен ар дайым истигфар айтып жүрүүгө бекем бол. Себеби Аллахтан кечирим суроо – күнөөлөрдүн жана каталардын кечирилүүсүнө карай жол болуп эсептелет. Бул үммөттүн улуу пайгамбары, адамдардын эң жакшысы Мухаммад (саллаллаху алайхи ва саллам) күнүнө жетимиш иреттен ашык Аллахтан кечирим сурайт эле. Ал эми күнү-түнү күнөө кылган биз кантебиз? Эгер жогоруда айтылган сөздөр түшүнүктүү болгон болсо, анда Аллахка тообо кылып, ниетиңди “Аллах үчүн” - деп түздө. Өтүп кеткен нерселерге өкүнүп, күнөөгө кайра кайтпоого чечим кылгандан кийин Аллахтан көп-көп кечирим сура.

*2) Укуктарды өз ээлерине кайтар.*

Күнөөлөрдүн эки түрү бар: Алардан Аллахтын акысына байланыштуу жана адамдардын акыларына байланыштуу. Аллахтын акысына байланыштуусу: намаз окубай койуу, орозо кармабай койуу сыяктуу. Ал эми адамдардын укуктарына байланыштуусу: гыйбат кылуу, уурдоо, адамдын өмүрүнө кол салуу ж.б. өзгөгө зыян тийгизген күнөөлөр. Ушул пенделердин укуктарына байланышкан күнөөлөрдө, Аллахтан кечирим сурап, тообо кылуу менен чектелүү, жетиштүү болбойт. Ал укуктарды өз ээлерине кайтарып берүү керек. Мындайча айтканда: уурдаган акчаңды ээсине кайтарып, андан кечирүүсүн сурап, өтүнүүң керек. Кылганыңа өкүнүп, бул күнөөгө кайра кайтпоого бекем болууң керек. Мына буларды аткаруу менен Аллах күнөөлөрүңдү кечирет.

https://t.me/Akyretke_daiardyk