АКЫРЕТКЕ ДАЯРДЫК🕌🕋
5.82K subscribers
1.18K photos
527 videos
1.33K links
Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу☝🏻❤️

📖Куран аяттар
🕋Хадистер
🕌Сүннөт амалдар
⚡️Баяндар
📲👨‍👩‍👦 ✔️Диний маалыматтар
📷Өзүм тарткан видео сүрөттөр

КАНАЛГА КАТТАЛЫП, ДҮЙНӨЛҮК ЖАНА, АКЫРЕТТИК ПАЙДА АЛЫҢЫЗДАР

🧕🏻https://t.me/polotovaAiz
Download Telegram
▷ Бир аял аалымдан:

– Мен турмушка чыкканга чейин көп намаз окуп, көп орозо кармачу элем. Куранды ырахаттануу менен окучум. Турмушка чыккандан кийин ыйман ырахатын такыр сезбей калдым? – деп сураганда, ал:

– Күйөөңө болгон мамилең кандай? – деп сурады.

– Шейх, мен сизден орозо, намаз, ыйман жөнүндө сурасам, сиз менден күйөөм тууралуу сурайсыз го? Бул суроого күйөөмдүн кандай тиешеси бар? – дегенде аалым айтты:

– Ооба, кызым. Билесиңби, эмне үчүн кээ бир аялдар ыйман ырахатын сезишпейт. Себеби пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан: «Аял күйөөсүнүн алдындагы милдеттерин толук аткармайынча ыйман ырахатын сезбейт».

═════════
@azimkulov_77
Катталыңыз!
➤➤https://t.me/polotovvaai
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Инсан ОЛГОНДО КУДАЙДАН ЫЙЛАП ЭМНЕНИ СУРАНАТ...

Катталыңыз!
➤➤https://t.me/polotovvaai
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
ОЛУМ МУСУЛМАН УЧУН ЖАКШЫЛЫК...

Катталыңыз!
➤➤https://t.me/polotovvaai
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ырыскы эки турдуу болот...

Катталыңыз!
➤➤https://t.me/polotovvaai
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Эн кучтуу эки Дуба...

Катталыңыз!
➤➤https://t.me/polotovvaai
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
АЛЛАХ БИЗ МЕНЕН БИРГЕ...

Катталыңыз!
➤➤https://t.me/polotovvaai
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Баардык ибадаттардын
Эн мыктысы...

Катталыңыз!
➤➤https://t.me/polotovvaai
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Экоо бири-бирин жетелеши керек...

Катталыңыз!
➤➤https://t.me/polotovvaai
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Умутум узулуп калды эле


Катталыңыз!
➤➤https://t.me/polotovvaai
Бейиш жана тозок
Акыреттик жашоонун негизги жери бейиш жана тозок болот. Бул экөөнүн ортосунда «Аараф» деген жер бар. Бирок бул жерде кимдердин болоору туурасында так маалыматтар жок. Айрым аяттардын маанисинен бул жердеги адамдар тозоктон Аллага баш калкалагандыгы жана бейишке кирүүгө үмүт байлагандыгы маалымдалат. (Аараф сүрөсү, 46-47.)
Бейиш – өтө кооз, өтө ырахаттуу жер. Ал жерде пенделердин баардыгын өтө жагымдуу, даамдуу тамак-аш менен күтүп алышат. Аллах Таала бейиште көз тайгылткан кооз имараттар, бакчалар, өзөн дайралар түрдүү мөмө-жемиштер жана башка ажайып кереметтерди жараткан. Булардын баардыгын тил менен сүйлөп, калем менен жазуу мүмкүн эмес.
Бейиште дагы кандай ажайыптар бар?
Бейиште болгон момун пенделер Аллах Тааланын кудуретине таң калышат.
Бейишке кандай адамдар киришет?
Бул дүйнөдө Аллах Таала буюрган иштерди аткарган, шариятка туура келбеген иштерге баруудан сактанган момун пенделер киришет. Кээ бир күнөөкөр мусулмандар болсо тозокто күнөөлөрүнүн өлчөмүнчө азабын тарткан соң бейишке киришет.
Бейишке кирген момун пенделер кайра чыгабы?
Жок, бейишке кирген момун пенделер эч качан чыгышпайт.
Тозок деген эмне?
Тозок өтө эле коркунучтуу жай. Күнөөсү бар пенделер тозокко түшүп, ал жерде от азабы сыяктуу бир топ азаптарды көрүшөт. “Забаны” аттуу периштелер күнөөкөрлөрдү ырайымсыз жазалайт.
Тозокко ыйманы жок динсиздер жана Аллах Тааланын буйругун аткарбаган жана дин, шарият мыйзамдарын бузган пенделер тозоко киргизилет.
Тозокко түшкөндөр, азаптан кутулуп тозоктон чыгабы?
Ыймансыз адамдар тозокто түбөлүккө азап тартып калат. Аллах Таала тарабынан күнөөсү кечирилгендер тозоктон чыгарылып, азаптан азат болуп бейишке жиберилет.
Күнөөлүү пенделер
Ислам дининин чындыгына жана ислам дининде, ишенүүгө тийиштүү болгон маселелерге көңүлү менен ишенсе да, бирок напсиси жаман болуп күнөөлү иштерди жасаган адам мусулманчылыктан чыгабы, жокпу?
Момун адам мусулмандыктан чыкпайт, көңүлүндө ыйман менен ишенүү болгондуктан ал адам момун жана мусулман болот, бирок ушундай болсо да фасык (күнөөкөр) деп аталат.
Күнөө иштерди кылып Фасык аталган кишилердин тозок азабынан кутулуу ыктымалы барбы?
Аллах Таала кечирим жасаган кээ бир күнөөкөр пенделер тозокко кирбей, бейишке кириши да мүмкүн. Алар чын дили менен Аллах Таалага кулчулук кылса, тообо келтирип, ыйласа күнөөсүн Аллах Таала кечирет. Аллах Таала ар кандай күнөөлөрдү кечирүүдө ыктыяр Өзүндө, бирок Аллах Таала адилеттүү болгондуктан бир адамдын экинчи бир адамга жасаган ишин, ошол киши өзү кечирип ыраазы болсо гана кечирет.
Аллах Таала кандай күнөөлөрдү кечирет?
Жасаган иштерине өкүнүп чыныгы ыкласы менен тооба кылгандары гана кечирилет.
Жасалган күнөөсү үчүн тооба кылганга жетише албай каза болуп кетсе, ал момун пенденин күнөөсүн кечирүүгө болобу?
Жакшы адамдардын пайгамбар шапааты аркасында көп күнөөлөрү кечирилиши мүмкүн. Сүйүктүү пайгамбарыбыз момундарга шапаат кылат. Ал өзүнүн үммөттөрүнүн ичинен парыз жана ваажип амлын кылуу менен сүннөттөрдү аткарган момундарга шапаат-жардамын кылат.
Пайгамбарлар менен кээ бир адамдардын шапааттарынан кур калган күнөөкөрлөрдүн күнөөсү да кечирилиши мүмкүнбү?
Мүмкүн, Аллах Таала кечиримдүү, өзү каалаган пенделерге ырайым кылат. Күнөөсү үчүн тооба кылалбай каза болгондорго өзүнүн кеңчилиги менен кечирим кылуу өз ыктыярында. Бирок Аллах Тааланын кечирим кыла турганын билип күнөө иш кылуу эч качан туура эмес. Аллах Тааланын кечиримдүүлүгү менен бирге анын каардуулугу да бар. Аллах Таала каардуу жана адилеттүү сыпаты менен күнөөкөр кишини катуу жазалайт.

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
Телеграм катталыңыз⤵️

➤➤https://t.me/polotovvaai