АКЫРЕТКЕ ДАЯРДЫК🕌🕋
5.77K subscribers
1.17K photos
526 videos
1.32K links
Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу☝🏻❤️

📖Куран аяттар
🕋Хадистер
🕌Сүннөт амалдар
⚡️Баяндар
📲👨‍👩‍👦 ✔️Диний маалыматтар
📷Өзүм тарткан видео сүрөттөр

КАНАЛГА КАТТАЛЫП, ДҮЙНӨЛҮК ЖАНА, АКЫРЕТТИК ПАЙДА АЛЫҢЫЗДАР

🧕🏻https://t.me/polotovaAiz
Download Telegram
🌴 108-КҮН🌴

АЗИРЕТИ НУХ (А.С.)

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ: "Нухту өз журтуна: "Элиңе оор азап келе электе эскерткин" деп жибердик". ("Нух"* сүрөсү; 1-аят)

🌴 ХАДИС:"Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мынтип айткан:_
"Кыямат күнү Нух (а.с.) менен үммөттөрү Аллахтын алдына келишет. Аллах андан:

- Менин динимди жеткирдиңби? - деп сурайт.

- Ооба! Оо, Жараткан!* - дейт Нух (а.с.)

Аллах бул жолу үммөттөрүнөн:

- Нух (а.с.) силерге динди жеткирдиби? - деп сурайт._

- Жок! Бизге Пайгамбар келген жок, - дейт үммөттөрү.

Аллах Нухка (а.с.) кайрылып:

- Ким айткандарыңды сага далилдеп бере алат? - дейт._

Нух (а.с.):

- Мухаммад (с.а.в.) жана анын үммөтү,- дегенде менин үммөттөрүм:

- Азирети Нух (а.с.) динди (аларга) жеткирген,* - деп күбөгө өтүшөт". (Абу Саид).

🌴 ОКУЯ: АЗИРЕТИ НУХТУН (А.С.) КЕМЕСИ

Азирети Нух пайгамбар (а.с.) элди Аллахтын адал жолуна күчүнүн жетишинче аракет кылып чакырат. Бирок саналуу гана адамдар анын сөзүнө кулак төшөп, Аллахтын адал жолуна түшкөн эле. Ошондуктан Нух пайгамбар (а.с.) Аллахка алакан жая дуба кылып жалбарат. Аллах ага: "Эй, Нух! Кайгырба! Мен туура жолго түшпөгөн адамдарды оор азапка салып жазалайм. Алардын баары жок болот!" деп кабар берет.

Ошондой эле Аллах Азирети Нух пайгамбарга (а.с.) бир бороон жибере тургандыгын, ишенбегендерди жазага тартаарын, ишенгендерди куткаруу үчүн бир кеме жасашын, бул кеме менен адал жолдогулар кутула тургандыгын билдирет. Ошентип Нух пайгамбар (а.с.) кеме жасай баштайт. Кеменин жасап болгон соң Жараткан Аллах Азирети Нух пайгамбарга (а.с.) кемеге ошол кездеги дүйнөдөгү болгон жаныбарлардын ар биринен бирден алып, өзүнө ишенгендер менен чогуу кемеге салуусун буйруйт. Азирети Нух пайгамбар (а.с.) буйрукту аткарган соң уулу үчүн сарсанаа болот. Анткени уулу Жаратканга ишенбеген каапырлардын катарында эле. Азирети Нух пайгамбар (а.с.) Аллахка:

- Уулумдун абалы эмне болот? Ал дагы менин бүлөмдүн бир мүчөсү эле, - деп кайрылат.

Анда Аллах:

- Жок, Нух! Ал сенин үй-бүлөңдөн эмес, анткени ал Мага ишенбейт. Сен ал үчүн капа болбо! Ким мага ишенсе, мына ошол сенин үй-бүлөңдөн болот! - дейт._

Ошентип көптөн күткөн убакыт да келет. Албууттанган топон суу каапырлардын баарына, алардын арасында Азирети Нух пайгамбардын (а.с.) уулун дагы жууп кетет.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Катталыңыз!
➤➤https://t.me/polotovvaai