Аллах жүрөктөрдүн ээси💛
56 subscribers
80 photos
69 videos
1 link
Оо ЖАРАТКАНЫМ!!!
Мен сага кандай гана учур болбосун муктажмын.
Жашоомдо бактылуу учур болгон кезде да,
жан дүйнөм өрттөнгөн кезде да мен сага гана муктаж алсыз пендеңмин йаа расул Аллах🧡.
ЧЫНДЫГЫНДА СЕН ЖҮРӨКТӨРДҮН ЭЭСИСИҢ.
Download Telegram
Грыжа - бул кайсы бир анатомиялык структуранын өсүп чыгышы. Карапайым адамдар грыжа деген сөздү укканда дароо эле омуртканы элестетет. Бирок башка жактарда да грыжа болушу мүмкүн аны эстен чыгарбаңыздар.

Бүгүн мен сиздерге айтып берчү нерсе бул омуртка аралык дисктин грыжасы.

80% омуртка аралык дисктин грыжасы белде кездешет. Анткени жүктүн баары белге түшөт.

Келип чыгуу себептеринин эң негизгиси оор нерсе көтөрүү.

Омурткалардын арасында атайын кемирчектен пайда болгон түзүлүш болот аны диск деп атайбыз. Диск эки нерседен турат:

1. Фиброздуу кемирчектен - дисктин сыртындагы катуу чел кабык.

2. Суюк заттан - бул дисктин ичинде жайгашкан ядро.

Качан адам оор нерсе көтөргөндө, травма алганда, семирип кеткенде, картайып баштаганда, омуртканы кармап турган булчуңдар алсырап кеткенде баягы дисктин ичиндеги суюк зат фиброздуу кабыкчаны тешип чыгып кетет. Ошентип анан грыжа пайда болот.

Демек грыжа деген жөнөкөй сөз менен айтканда дисктин ичиндеги ядронун дисктин сыртына өсүп чыгыш экен.

Ошол өсүп чыккан өсүндү анан сиздин сазайыңызды берип, нормалдуу жашоонузга тоскоол жаратат😙.

Ал өсүп чыккан ядрону кантип кайра дискке киргизип салуу керек?

Биздин организмди Аллах Таала ушунчалык уникалдуу кылып жараткандыктан бул өсүндү өзүнөн өзү кирип кетүүгө жөндөмдүү. Бирок биз тараптан грыжанын кайра кирип кетүүсүнө жардам керек.

Кандай жардам?

1. Грыжанын резорбциясын тездетүү;
2. Иммунитетти бекемдөө;
3. Грыжага тиешелүү эффективдүү гимнастикаларды жасоо;
4. BTL, HIL, SIS аттуу лазерлер менен жардам берүү;
5. Уйку эрежелерин сактоо;
6. Грыжаны пайда кылуучу нерселерден алыс болуу - тик туруп иштөө, оор нерсе көтөрүү, туура эмес кыймыл, семиздик ж.б.
7. PRP- терапия;
8. Медициналык хиджама - бул ыкма грыжанын резорбциясында өзгөчө таасир берет. Бирок муну көпчүлүк невропатологтор билбейт.

Анан сиздерге кеңешим грыжаңды операция кылам десе кылдырбай эле койуңуздар. Анткени операциядан көрө резорбция кылуу жеңил жанан эффективдүү.

Грыжасы барлардын грыжасы тез эле жок болуп кетсин! 🤲

⛑️Бекжан Турабеков
Ангина деген термин негизи медицинада колдонулбай калган. Бирок карапайым адамдар тамак ооруну, фарингитти, тонзилитти ангина деп атап алышкан. Эми бүгүндөн баштап ангина дебей фарингит деп атайбыз.

Фарингит - тамактын курч жана өнөкөт сезгенүүсү.

Көбүнчө бул ооруну вирустар чакырат. Бирок бул ооруну чакырган дагы бир өтө начар бактерия бар, анын аты В-гемолитикалык стрептококк.

Ушул бактерия себептүү канчалаган адамдар ревматизм болушту, жүрөктүн тешикчелери пайда болду ж.б.

Карапайым адамдар тамак ооруну көөдөнгө илбей беймарал жүрүшө берет, бирок канча көп тамагыныз ооруса ревматизм болууга жана жүрөктө тешикче пайда (порок сердца) болууга ыктымалдуулук жогорулайт.

Бул ооруну аныктоодо көп врачтар катачылык кетирип дароо эле антибиотик сунуштай калышат. Бирок антибиотикти ичүүгө конкреттүү түрдө көрсөтмө керек. Ошон үчүн эгер ангина болуп калсаңыз атайын B- гемолитикалык стрептококкту аныктоочу экспресс - тест жүргүзүңүз. Бул тести эгер тамак оору жөтөл менен коштолуп жатса же мурундун бүтүүсү менен коштолуп жатса, үндүн чыкпай калуусу менен коштолуп жатса жана ооздун оюулуусу менен коштолуп жатса сөзсүз жасоо керек. Анткени бул белгилер вирустук фарингитте көбүрөөк кездешет.

Эгер экспресс тест таппасаныз анда бул белгилер аркылуу бактерия аркылуу пайда болгон фарингит экенин билсеңиз болот:

-таңдайдагы без шишип сыртына ак нерселер пайда болуп жатса;
-дене табыңыз 39 дан өйдө болуп жатса;
-моюн бездери шишип жатса;
-жөтөл жок болсо анда бактериялык ангина.

Кантип дарылоо керек?

Бул жерде жазылган ыкмалар жөн гана маалымат ирээтинде, ал эми дарыланууда сөзсүз дарыгер менен кеңешиниз!

1. Пайгамбар медицинасынан:

-медициналык хиджама - 16 жаштан жогорку бейтаптарга ушул ыкманын эффективдүүлүгү өтө жакшы. 16-жаштан ылдый жасаганга болбойт!

-кыст аль хинди менен тамак чайкоо;

-кара зиренин уругун чай кылып ичүү.

2. Далилденген медицинадан:

-Туздуу суу, фурацилин эритмеси менен чайкоо;
-2% лидокаин (5-10 мл) менен тамакты чайкоо ар бир 4 саат сайын;
-ооруну кетирип, температураны түшүрүү үчүн - ибупрофен ичүү;
-Септолете тотал же Септолете нео соруу;
-Ангидак спрейин 0.255мг чачуу;
-Суу көп ичүү;

Уландысы жогорку сүрөттөрдө☝️