Аллах жүрөктөрдүн ээси💛
56 subscribers
80 photos
69 videos
1 link
Оо ЖАРАТКАНЫМ!!!
Мен сага кандай гана учур болбосун муктажмын.
Жашоомдо бактылуу учур болгон кезде да,
жан дүйнөм өрттөнгөн кезде да мен сага гана муктаж алсыз пендеңмин йаа расул Аллах🧡.
ЧЫНДЫГЫНДА СЕН ЖҮРӨКТӨРДҮН ЭЭСИСИҢ.
Download Telegram
Ангина деген термин негизи медицинада колдонулбай калган. Бирок карапайым адамдар тамак ооруну, фарингитти, тонзилитти ангина деп атап алышкан. Эми бүгүндөн баштап ангина дебей фарингит деп атайбыз.

Фарингит - тамактын курч жана өнөкөт сезгенүүсү.

Көбүнчө бул ооруну вирустар чакырат. Бирок бул ооруну чакырган дагы бир өтө начар бактерия бар, анын аты В-гемолитикалык стрептококк.

Ушул бактерия себептүү канчалаган адамдар ревматизм болушту, жүрөктүн тешикчелери пайда болду ж.б.

Карапайым адамдар тамак ооруну көөдөнгө илбей беймарал жүрүшө берет, бирок канча көп тамагыныз ооруса ревматизм болууга жана жүрөктө тешикче пайда (порок сердца) болууга ыктымалдуулук жогорулайт.

Бул ооруну аныктоодо көп врачтар катачылык кетирип дароо эле антибиотик сунуштай калышат. Бирок антибиотикти ичүүгө конкреттүү түрдө көрсөтмө керек. Ошон үчүн эгер ангина болуп калсаңыз атайын B- гемолитикалык стрептококкту аныктоочу экспресс - тест жүргүзүңүз. Бул тести эгер тамак оору жөтөл менен коштолуп жатса же мурундун бүтүүсү менен коштолуп жатса, үндүн чыкпай калуусу менен коштолуп жатса жана ооздун оюулуусу менен коштолуп жатса сөзсүз жасоо керек. Анткени бул белгилер вирустук фарингитте көбүрөөк кездешет.

Эгер экспресс тест таппасаныз анда бул белгилер аркылуу бактерия аркылуу пайда болгон фарингит экенин билсеңиз болот:

-таңдайдагы без шишип сыртына ак нерселер пайда болуп жатса;
-дене табыңыз 39 дан өйдө болуп жатса;
-моюн бездери шишип жатса;
-жөтөл жок болсо анда бактериялык ангина.

Кантип дарылоо керек?

Бул жерде жазылган ыкмалар жөн гана маалымат ирээтинде, ал эми дарыланууда сөзсүз дарыгер менен кеңешиниз!

1. Пайгамбар медицинасынан:

-медициналык хиджама - 16 жаштан жогорку бейтаптарга ушул ыкманын эффективдүүлүгү өтө жакшы. 16-жаштан ылдый жасаганга болбойт!

-кыст аль хинди менен тамак чайкоо;

-кара зиренин уругун чай кылып ичүү.

2. Далилденген медицинадан:

-Туздуу суу, фурацилин эритмеси менен чайкоо;
-2% лидокаин (5-10 мл) менен тамакты чайкоо ар бир 4 саат сайын;
-ооруну кетирип, температураны түшүрүү үчүн - ибупрофен ичүү;
-Септолете тотал же Септолете нео соруу;
-Ангидак спрейин 0.255мг чачуу;
-Суу көп ичүү;

Уландысы жогорку сүрөттөрдө☝️
Forwarded from Deleted Account
Ассаляму алейкум кандайсыз?

📌Сиз телеграмдан ар кандай каналдарды көрүп, өзүңүздүн каналыңызды алып баргыңыз келеби? Анда бул марафон сиз үчүн. Марафондо эмнени үйрөнө аласыз:
Телеграмдан канал ачканды.
Телеграмдын настройкаларын
Телеграмдан акча табуунун жолдорун
Телеграмдан сүрөт жасаганда
Боттор менен иштегенди
Сүрөткө текст түшүргөндү бир нече түрүн
Логотип жасаганды.

🔊Марафондун өзгөчөлүгү ар бир катышуучу менен өзүнчө иш алып барылат.

Катталуу үчүн
@Erk1nbeko5a
Марафондун баасы:60сом