Кара суу онлайн магазин оптовикии
297 subscribers
327 photos
78 videos
17 links
Кош келиниздер жаны* *келгендер*
*Бул гурпада сиздер*
*Женский, детский кийимдерди Бут кийимдер
Мужской Бут кийимдер
Пижама ич кийим
Корейские касметика
*Сумка*
*Пасуда*
*Пастелдерди*
*Гамаж наски*
*Халатарды*
*Турмуш тирикчилике керектелучуу коп буюд
Download Telegram
Channel name was changed to «Ашкана Сырлары»
Food_blogger Aijan👩🍲
🍨Даамдуу ашкана-каналы бул сиздерге пайдалуу жана ынгайлуу.
Оной жана даамдуу,бат жасалуучу тамак аш рецепттерин дал ушул каналдан таба аласыздар
🎂ТОРТ
🍪ПЕЧЕНЬЕ
🍕ПИЦЦА
🍔ГАМБУРГЕР
🍓🍒ФРУКТОВЫЙ САЛАТ
🍩ТАТТУУЛАР Ж.Б
Самсаны суйуп жегендер барбы 🥰
Anonymous Poll
97%
Оба 😋
3%
Жок 😐
Үй шартында экономдуу жана даамы кафеден калышпаган гамбургерлер 🍔🍔🍔 Камыры үчүн:
🥄1 стакан жылуу сут
🥄1 стакан жылуу суу
🥄2 даана жумуртка
🥄1 аш кашык кум шекер
🥄1 чай кашык туз
🥄10 гр дрож
🥄 5 стакан ун
-Камыр жумшак болуусу шарт.
-Камыр 40-60 мүнөттө ачыйт.
-Даяр болгон камырды формага келтирип,листке салып кайра 40 мүнөт куттурөбүз.
-180 градуста 25-30 мүнөттө бышат.

Котлет үчүн:
🥄500 гр фарш
🥄2 аш кашык кетчуп
🥄1 кашык туз
-Баарын аралаштырып жууруйбуз.
-Шарфты формага келтирип,муздаткычта 40 мүнөт күттүрүп андан соң бышырабыз.
Жөнөкөй эле азыктар менен даяр болгон үй шартындагы жумшак жана даамдуу булочка 🥐🤤😋

Рецепт бөлүшөйүнбү?
Анекдот
Кызы:
- Алоо апа куйо баланыз гречка жебейм деп жатат 🤨
Апасы:
- Кызым сен гречканы канча мээнет менен бышырганынды айттын беле ?
Кызы:
- Апееей гречканы бышырыш керек беле апа ?!😱😱


Бир жылмайып коюнуз 😂😂😂
АШКАНА УЧУН АБДАН МААНИЛУУ КЕНЕШТЕР!!! ЗЭЭРИКПЕЙ ОКУП ЧЫГЫНЫЗ 🤗🤗🤗 АТАЙЫН СИЗ УЧУН)

Аялзаты ашканасына бир күндө канча ирет кирип-чыгарын болжоп айтыш кыйын. Андыктан ашканага байланыштуу пайдалуу кеңештерди бай-бай берип туруу - биздин милдет.

1. Тооктун шорпосуна пияз менен сабизден башка эч кандай татымалдарды кошпоңуз, анткени даамын жоготуп коёт.

2. Шорпо бышкандан кийин лавр жалбырагын шорпонун ичине калтырбаңыз. Ал шорпонун ичинде көпкө турса даамын бузат.

3. Уруп жумшартылган этти кууруунун алдында уксус жана өсүмдүк майына чылап 1-2 саат тыныктырып алсаңыз, абдан жумшак болуп бышат.

4. Котлеттин фаршына бир аз куурулган пияз жана чийкирээк бышкан картошка кошуп койсоңуз, даамдуу, ширелүү болот.

5. Котлетти кууруп жаткан алгачкы мүнөттөрдө мештин отун күчтүү кылып койсоңуз, кабыгы катуу болуп, ширесин сыртка чыгарбайт. Андан кийин жай отко бышырып алыңыз.

6. Балыкты сүлгү менен жакшылап кургата сүрүп туруп куурусаңыз, сынынан бузулбай кыпкызыл болуп бышат.

7. Бышып жаткан шорпого бир нече козу карын кошуп коюңуз. Козу карынды канчалык майда туурап кошсоңуз, тамагыңыз ошончолук даамдуу болот.

8. Аарчылган чийки картошканын үстүнө көп эмес сүт куюп койсоңуз, карарбай турат.

9. Жазга калган эски картошкадан тамак жасаганда ага бир чай кашык уксус, 2-3 тишче сарымсак жана лавр жалбырагын же шорпо кошуп койсоңуз даамдуу болот. Картошка канчалык эски болсо, сууну ошончолук талап кыларын эсиңизден чыгарбаңыз.

10. Картошкадан жасалган пюрени кол менен эзген жакшыраак. Атайын картошка эзгич көрүнүшүн жакшы кылып койгону менен даамын жоготот.

11. Дрожж кошулуп жуурулган камыр жумшак болуп, көөп турушун кааласаңыз, картошканы сууга бышырып, муздаганда майда кыргычтан өткөрүп, кошуп жууруңуз.

12. Камырга ортосунда тешиги бар бир нече макарон сайып койсоңуз тез ачыйт.

13. Жууруп жаткан камырыңызга бир кашык коньяк кошуп койсоңуз, камыр көөп, үбөлөнүп турат.

14. Төө буурчактын карарбай бышышын кааласаңыз, бышырып жаткан учурда мискейдин капкагын жаппаңыз.

15. Бир нерсе кууруп жатканда май чачырабаш үчүн көмөч казандын ичине туз себелеп коюңуз.

16. Майонез кошулган ар түрдүү жана винегрет салаттарын столго коёрдун алдында азыраак лимондун кабыгы менен аралаштырып койсо өзгөчө жагымдуу даам берет.

17. Винегрет салатына жагымдуу даам бергенди кааласаңыз, ага бир аш кашык сүт жана чай кашык менен шекер упасын кошуп коюңуз.

18. Күрүчтү сууга бышырардын алдында муздак сууга чылап алсаңыз, бири-бирине жармашпай бышат.

19. Сүт бышканда идиштен ашып кетпеши үчүн алгач мискейге бир аз муздак суу куюп туруп, анан сүттү бышырыңыз.

20. Шорпонун чий көбүгү алынбай аралашып кетсе, бир стакан муздак суу куюп коюңуз. Чий көбүк бөлүнүп шорпонун үстүнө чыгып калганда алып коёсуз.