Бакай Мамбетказиев устаздын сабактары
1.38K subscribers
27 photos
8 files
310 links
🎙 "аль-Имам" Ислам университетинин (Эр-Рияд) бүтүрүүчүсү. 2002-2021-ж.ж. Сауд Арабиясында илим алган.

📹
www.youtube.com/@BakayUstaz

tiktok.com/@bakayustaz

instagram.com/bakayustaz

t.me/BakayUstaz_shorts
Download Telegram
Audio
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/176

📌 5-хадис:
Динге бидаат киргизүүнүн арамдыгы

📝 Хадистин тексти:

Момундардын энеси Умм Абдуллах Айша (радияЛлаху анха) айтты: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Ким биздин динибизге андагы жок жаңы нерсе киргизсе, ал кабыл болбойт»
📚 (Бухари, Муслим).
Муслимдин риваятында: “Ким биздин буйругубуз болбогон бир иш аткарса, ал кабыл болбойт”, - деп келет.
Audio
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/177

📌 6-хадис:
Күмөндүү жерлерден алыс болуу

📝 Хадистин тексти:

Абу Абдуллах Ну’ман ибн Башир (радияЛлаху анхума) айтты: Аллахтын Элчиси ﷺ минтип айтканын уктум:
«Чындыгында, адал белгилүү жана арам да белгилүү. Ал эми бул экөөнүн ортосунда шектүү нерселер бар. Муну көп адамдар биле бербейт. Ошондуктан ким мындай шектүү нерселерден сактанса – динин жана абийрин таза сактайт. Ал эми андай арсар-күмөн нерселерге түшсө – арамга түшүүгө жакындайт. Андайлар кудум эле корук жайдын айланасына кой жайган койчу сыяктуу: (койлор) корукка тез эле жайылып кетүүсү мүмкүн. Акыйкатта ар бир падышанын коругу болот. О, уккула! Аллахтын коругу анын арам кылып тыюу салгандары. О, уккула! Адам денесинде бир үзүм эт бар: эгер ал оңолсо бүт дене оңолот, эгер ал бузулса, бүт дене бузулат. Ал – жүрөк!»
📚 (Бухари, Муслим).