Бакай Мамбетказиев устаздын сабактары
1.38K subscribers
27 photos
8 files
313 links
🎙 "аль-Имам" Ислам университетинин (Эр-Рияд) бүтүрүүчүсү. 2002-2021-ж.ж. Сауд Арабиясында илим алган.

📹
www.youtube.com/@BakayUstaz

tiktok.com/@bakayustaz

instagram.com/bakayustaz

t.me/BakayUstaz_shorts
Download Telegram
Audio
🔷 ШААБАН АЙЫ

🎙 Устаз حفظه الله
Бакай Мамбетказиев
Audio
🌙 Рамазан айынын башталышы жана аякталышы кантип аныкталат?

🎙 Бакай Мамбетказиев
Audio
ℹ️ Таравих намазы

🔺 мен кичине эле сүрө билем, Куран хатм кыла албайм, мага таравих окуса болобу?
🔺 таравихте таспих айтуу барбы, болсо кантип айтылат?
🔺 кайсыл убакта Таравих окуу абзел: түндүн башындабы же аягындабы?
🔺 үйдө окуп жатабыз, сөзсүз жамат менен окуш керекпи же жалгыз окуса болобу?

🎙 Бакай Мамбетказиев

https://t.me/BakayUstaz/149
Суроо-Жооп (Рамазан-1)
устаз Бакай Мамбетказиев
#суроо_жооп

🔹 Бир бөлмөдө өзү, аялы жана чоочун (махрам эмес) киши менен намаз окуу.

🔹 Эмне үчүн Пайгамбар ﷺ он бир рекет түнкү намаз окуса, мечиттерде таравих намазын андан көп окуп жатышат?

🔹 Напил намазда Куранды (мусхаф) колго кармап алып окуу болобу; жана бул Рамазанга эле тиешелүүбү?

🎙 Бакай Мамбетказиев

https://t.me/BakayUstaz/152
Балдарды орозого тарбиялоо
устаз Бакай Мамбетказиев
🚸 Жаш балдарды орозого жана ибадатка кантип тарбияласак болот?

🎙 Бакай Мамбетказиев

https://t.me/BakayUstaz/153
Audio
Мечиттер ПАНДЕМИЯ себептүү жабылган учурда, мамлекеттин тыуюсуна карабай, ЖУМА НАМАЗ окуйбуз деп чогулуу туурабы?
(10-апр-2020-ж.)

📞 Устаз Бакай Мамбетказиев

#суроо_жооп

https://t.me/BakayUstaz/158
Suroo-Joop 2016-12-25
Bakay ustaz
Бакай устаз - суроо-жооп

1⃣ Жаныбарды жасалма уруктандыруу болобу?
2⃣ Окууну бүтүрүш үчүн мугалимдерге пара берүү болобу?
3⃣ Экинчи аял болуп чыктым эле. Күйөөм мени бакпай жатат...
4⃣ Банкка депозитке акча салса болобу?
5⃣ Исламда үйлөнүү тою кандай болушу керек?
6⃣ Кызды алам деп ант берип койсоң, кийин аны аткара албай калсаң...
7⃣ Намаздагы сажда сахв деген эмне жана ал кандай кылынат?
8⃣ Куранды жаттоодо маанисин түшүнүү үчүн котормону колдонуу...

#суроо_жооп

📌 https://t.me/BakayUstaz/160
Audio
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/163

📌 1-хадис:
Амалдар ниетке жараша

📝 Хадистин тексти:

Момундардын амири Абу Хафс Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен Аллахтын элчисинин (салляллаху ‘алейхи уа саллям) айтканын уктум:
«Чындыгында бардык амалдар ниет менен. Чындыгында ар бир адамга ал эмнени ниеттенсе, [ошого жараша сооп берилет же берилбейт]. Кимдин хижраты Аллахка жана Анын элчисине болгон болсо – анын хижраты Аллахка жана Анын элчисине болот. Ал эми кимдин хижраты дүйнөгө жетүү, же аялга үйлөнүү үчүн болгон болсо – анын хижрат-көчүүсү ал көчкөн нерсеге болот»
📚 (аль-Бухари, Муслим).
Audio
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/165

📌 2-хадис:
Диндин мартабалары: Ислам, Ыйман, Ихсан

📝 Хадистин тексти:

https://telegra.ph/02-hadis-islam-iyman-ihsan-07-21
Audio
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/166

📌 3-хадис:
Исламдын беш түркүгү

📝 Хадистин тексти:

Абу Абдурахман Абдуллах ибн Умар ибн аль-Хаттаб (радыйаллаху ‘анхума) баяндаган хадисте Пайгамбардан (салляллаху ‘алейхи уа саллям) төмөндөгү хадисти уккандыгын баяндайт:
«Ислам беш негиздин үстүнө курулган: Аллахтан башка сыйынууга ылайыктуу эч бир зат жоктугуна жана Мухаммед анын элчиси экендигине күбөлүк берүү; намаз окуу; зекет берүү; ажылык милдетин өтөө жана Рамазан орозосун тутуу»
📚 (аль-Бухари, Муслим).
200618_003
My Recording
🔷 Ата-энени кадырлоо

🎙 Устаз:
Бакай Мамбетказиев


📡 https://t.me/BakayUstaz/168
Audio
🔷 Коронавирус тууралуу адамдар азыр эки тайпага бөлүнүп калды. Аларга насаат.

🎙 Устаз:
Бакай Мамбетказиев


📡 https://t.me/BakayUstaz/170
Audio
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/175

📌 4-хадис:
Амалдар аягы менен эсепке алынат

📝 Хадистин тексти:

https://telegra.ph/04-hadis-al-amaal-bil-hovaateem-07-21
Audio
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/176

📌 5-хадис:
Динге бидаат киргизүүнүн арамдыгы

📝 Хадистин тексти:

Момундардын энеси Умм Абдуллах Айша (радияЛлаху анха) айтты: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Ким биздин динибизге андагы жок жаңы нерсе киргизсе, ал кабыл болбойт»
📚 (Бухари, Муслим).
Муслимдин риваятында: “Ким биздин буйругубуз болбогон бир иш аткарса, ал кабыл болбойт”, - деп келет.
Audio
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/177

📌 6-хадис:
Күмөндүү жерлерден алыс болуу

📝 Хадистин тексти:

Абу Абдуллах Ну’ман ибн Башир (радияЛлаху анхума) айтты: Аллахтын Элчиси ﷺ минтип айтканын уктум:
«Чындыгында, адал белгилүү жана арам да белгилүү. Ал эми бул экөөнүн ортосунда шектүү нерселер бар. Муну көп адамдар биле бербейт. Ошондуктан ким мындай шектүү нерселерден сактанса – динин жана абийрин таза сактайт. Ал эми андай арсар-күмөн нерселерге түшсө – арамга түшүүгө жакындайт. Андайлар кудум эле корук жайдын айланасына кой жайган койчу сыяктуу: (койлор) корукка тез эле жайылып кетүүсү мүмкүн. Акыйкатта ар бир падышанын коругу болот. О, уккула! Аллахтын коругу анын арам кылып тыюу салгандары. О, уккула! Адам денесинде бир үзүм эт бар: эгер ал оңолсо бүт дене оңолот, эгер ал бузулса, бүт дене бузулат. Ал – жүрөк!»
📚 (Бухари, Муслим).
Audio
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/178

📌 7-хадис:
Дин - бул ыклас мамиле

📝 Хадистин тексти:

Абу Руккаййа Тамим ибн Аус ад-Даринин (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты дейт:
«Дин бул - насыйкат (ыклас мамиле)». “Кимдерге?”, - деп биз сурадык.
Айтты: «Аллахка, Анын Китебине, Анын Элчисине, мусулман башчыларына жана жалпы мусулмандарга»
📚 (Муслим).
Audio
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/179

📌 8-хадис:
Мусулман пенденин канынын жана малынын арамдыгы

📝 Хадистин тексти:

Ибн Умар (радияЛлаху анхума) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты дейт:
«Мен, адамдар Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Мухаммад Анын Элчиси экендигине күбөлүк берип, намаз окуп жана зекет бермейинче, алар менен күрөшүүгө буйрулганмын. Эгер алар мунун баарын аткарышса, анда менден кандарын да, малдарын да сактап калышат. Бирок бир гана Исламдын акысы менен. Жана алардын эсеп-кысабы бир Аллахтын өзүнө тапшырылат»
📚 (Бухари, Муслим).
200724_002
My Recording
🔹 Такбирлер

Зуль-Хижжа айында такбирлердин эки түрү айтылат: Зуль-Хижжа башталгандан тартып (Такбир мутлак, эркин такбир) жана Арафат күндөн тартып (Такбир мукоййад, байланган / чектелген такбир).

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев

📲 https://t.me/BakayUstaz/181