Бакай Мамбетказиев устаздын сабактары
1.36K subscribers
27 photos
8 files
308 links
🎙 "аль-Имам" Ислам университетинин (Эр-Рияд) бүтүрүүчүсү. 2002-2021-ж.ж. Сауд Арабиясында илим алган.

📹
www.youtube.com/@BakayUstaz

tiktok.com/@bakayustaz

instagram.com/bakayustaz

t.me/BakayUstaz_shorts
Download Telegram
PTT-20200730-WA0018.opus
129.8 KB
📞 Ассаламу аляйкум устаз. Суроо бар эле:
Курмандыкты, акчаны айылга берип ийип, өзүңдүн атыңдан, башка бирөөгө сойдуруп койсо болобу? Же союп жатканда өзүң жанында турушуң керекпи?

https://t.me/BakayUstaz/184
200621_002
My Recording
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/185

📌 9-хадис:
Көп суроо берүүдөн жана аша чабуудан тыйылуу

📝 Хадистин тексти:

Абу Хурайра Абдуррахман ибн Сахр (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ минтип айтканын уктум дейт:
«Мен тыюу салган нерселерден четтегиле. Ал эми мен буюрган нерселерден, эмнесин жасоого күчүңөр жетсе, ошонусун аткаргыла. Себеби силерге чейин жашап өткөн элдер, суроолорунун көптүгүнөн жана өздөрүнүн пайгамбарларына каршы чыккандары үчүн, жок болушкан»
📚 (Бухари, Муслим).
200628_001
My Recording
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/186

📌 10-хадис:
Дуа кабыл болушунун себеби

📝 Хадистин тексти:

Абу Хурайра (радияЛлаху анху) айтты, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Чындыгында Аллах Таза, жана тазадан башканы кабыл кылбайт. Чындыгында Аллах Өзүнүн пайгамбарларын эмнеге буйруган болсо, момундарды да ошого буйруган. Аллах Таала: “О, Элчилер! Таза-адал тамак-ашты жегиле да, жакшылык иштерди кылгыла!” (Куран 23: 51), - деген. Аллах Таала дагы: “О, ыйман келтиргендер! Силерге Биз берген ырыскылардын тазасын (адалын) жегиле!” (Куран 2:172), - деген».
Андан соң, ал (Пайгамбар ﷺ) алыскы сапарда жүрүп, чачы үрпөйгөн, өзү кирдеген, “О, Раббим! О, Раббим”, - деп колдорун асманга жайып турган бирөөнү эскерет да: «Анын жегени арамдан, ичкени арамдан, кийгени арамдан, азыкталганы да арамдан болуп жатса, анда анын дуасы кантип кабыл болсун?”, - деди»
📚 (Муслим)
💐🌷🌹🌺🌸🌼🌻🍃

Исламдын беш парзы боюнча кыска сабактар

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев

💿💿💿💿💿💿
200705_001
My Recording
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/195

📌 11-хадис:
Шек күмөн туудурган нерсени таштоо

📝 Хадистин тексти:

Али ибн Абу Талибдин уулу, Аллахтын Элчисинин ﷺ небереси жана анын жыпар жыттуу райхандай сүймөнчүгү - Абу Мухаммад ал-Хасан (радияЛлоху анхума) айтты: Мага Аллахтын Элчиси ﷺ минтип айтканын эстеп калдым:
«Шектүүнү ташта да, шексизин карман»”
📚 (Тирмизи, Насаи. Тирмизи бул хадисти “хасан сахих” деди).
200712_002
My Recording
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/196

📌 12-хадис:
Пайдалуу нерсе менен алектенүү

📝 Хадистин тексти:

Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты дейт:
«Адам Исламды жакшы карманып жаткандыгынын бир белгиси – өзүнө тиешелүү эмес нерселерди таштаганы»
📚 (Тирмизи ж.б. ушундай риваят кылышты).
200719_001
My Recording
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/197

📌 13-хадис:
Ыймандын толуктугу

📝 Хадистин тексти:

Аллахтын Элчисинин ﷺ кызматкери Абу Хамза Анас ибн Малик (радияЛлооху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты дейт:
«Силердин эч кимиң, өзүнө ыраа көргөн нерсени башка бир тууганына да ыраа көрмөйүнчө, момун боло албайт»
📚(Бухари, Муслим).
200726_001
My Recording
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/198

📌 14-хадис:
Мусулмандын каны качан адал болот?

📝 Хадистин тексти:

Ибн Масуд (радиаЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты дейт:
«Мусулман кишинин канын төгүү арам, бир гана үч учурдан башкасы: үйлөнгөн киши зына кылса, бирөөнү өлтүрсө же динден чыгып, жамааттан четтесе»
📚(Бухари, Муслим).
200809_001
Бакай Мамбетказиев
ан-Навави #40хадис 15-хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/200

📌 15-хадис:
Конокту урматтоо

📝 Хадистин тексти:

Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты дейт:
«Ким Аллахка жана Кыямат Күнүнө ыйман келтирсе, сүйлөсө жакшы сөз айтсын, болбосо унчукпасын. Ким Аллахка жана Кыямат Күнүнө ыйман келтирсе, кошунасын урматтасын. Ким Аллахка жана Кыямат Күнүнө ыйман келтирсе, коногун сыйласын»

📚(Бухари, Муслим).
200817_002
My Recording
ан-Навави #40хадис 16-хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/204

📌 16-хадис:
Ачууланба

📝 Хадистин тексти:

Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, бир киши Аллахтын Элчисине ﷺ келип: “Мага насаат айтыңыз”, - дейт. Пайгамбар ﷺ ага «Ачууланба!», - дейт. Ал өз өтүнүчүн бир нече жолу кайталаса да, Пайгамбар ﷺ ага «Ачууланба!», - дейт
📚(Бухари).
200827_016
My Recording
МУХАРРАМ АЙЫНЫН ЖАНА АШУРА КҮНҮНҮН ПАЗИЛЕТИ.

🎙 Бакай Мамбетказиев

-----------------------------------------
📲 https://t.me/BakayUstaz/205
Audio
Куран көп окуу тууралуу жакшы насаат

(Рамазандан кийинки акыбал)

🎙 Бакай Мамбетказиев

-----------------------------------------
📲 https://t.me/BakayUstaz/209
📚 ан-Нававинин "Кырк хадис" китеби боюнча сабак уланмакчы, ин шаа Аллах

🕰 3-сафар (20-сен), Жекшемби, саат 20:00.

🎙 Бакай Мамбетказиев (@BakayUstaz)

📻 Сабактын дареги 👇
https://mixlr.com/taalimkg