Бакай Мамбетказиев устаздын сабактары
1.37K subscribers
27 photos
8 files
309 links
🎙 "аль-Имам" Ислам университетинин (Эр-Рияд) бүтүрүүчүсү. 2002-2021-ж.ж. Сауд Арабиясында илим алган.

📹
www.youtube.com/@BakayUstaz

tiktok.com/@bakayustaz

instagram.com/bakayustaz

t.me/BakayUstaz_shorts
Download Telegram
Audio
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/176

📌 5-хадис:
Динге бидаат киргизүүнүн арамдыгы

📝 Хадистин тексти:

Момундардын энеси Умм Абдуллах Айша (радияЛлаху анха) айтты: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Ким биздин динибизге андагы жок жаңы нерсе киргизсе, ал кабыл болбойт»
📚 (Бухари, Муслим).
Муслимдин риваятында: “Ким биздин буйругубуз болбогон бир иш аткарса, ал кабыл болбойт”, - деп келет.
Audio
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/177

📌 6-хадис:
Күмөндүү жерлерден алыс болуу

📝 Хадистин тексти:

Абу Абдуллах Ну’ман ибн Башир (радияЛлаху анхума) айтты: Аллахтын Элчиси ﷺ минтип айтканын уктум:
«Чындыгында, адал белгилүү жана арам да белгилүү. Ал эми бул экөөнүн ортосунда шектүү нерселер бар. Муну көп адамдар биле бербейт. Ошондуктан ким мындай шектүү нерселерден сактанса – динин жана абийрин таза сактайт. Ал эми андай арсар-күмөн нерселерге түшсө – арамга түшүүгө жакындайт. Андайлар кудум эле корук жайдын айланасына кой жайган койчу сыяктуу: (койлор) корукка тез эле жайылып кетүүсү мүмкүн. Акыйкатта ар бир падышанын коругу болот. О, уккула! Аллахтын коругу анын арам кылып тыюу салгандары. О, уккула! Адам денесинде бир үзүм эт бар: эгер ал оңолсо бүт дене оңолот, эгер ал бузулса, бүт дене бузулат. Ал – жүрөк!»
📚 (Бухари, Муслим).
Audio
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/178

📌 7-хадис:
Дин - бул ыклас мамиле

📝 Хадистин тексти:

Абу Руккаййа Тамим ибн Аус ад-Даринин (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты дейт:
«Дин бул - насыйкат (ыклас мамиле)». “Кимдерге?”, - деп биз сурадык.
Айтты: «Аллахка, Анын Китебине, Анын Элчисине, мусулман башчыларына жана жалпы мусулмандарга»
📚 (Муслим).
Audio
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/179

📌 8-хадис:
Мусулман пенденин канынын жана малынын арамдыгы

📝 Хадистин тексти:

Ибн Умар (радияЛлаху анхума) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты дейт:
«Мен, адамдар Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Мухаммад Анын Элчиси экендигине күбөлүк берип, намаз окуп жана зекет бермейинче, алар менен күрөшүүгө буйрулганмын. Эгер алар мунун баарын аткарышса, анда менден кандарын да, малдарын да сактап калышат. Бирок бир гана Исламдын акысы менен. Жана алардын эсеп-кысабы бир Аллахтын өзүнө тапшырылат»
📚 (Бухари, Муслим).
200621_002
My Recording
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/185

📌 9-хадис:
Көп суроо берүүдөн жана аша чабуудан тыйылуу

📝 Хадистин тексти:

Абу Хурайра Абдуррахман ибн Сахр (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ минтип айтканын уктум дейт:
«Мен тыюу салган нерселерден четтегиле. Ал эми мен буюрган нерселерден, эмнесин жасоого күчүңөр жетсе, ошонусун аткаргыла. Себеби силерге чейин жашап өткөн элдер, суроолорунун көптүгүнөн жана өздөрүнүн пайгамбарларына каршы чыккандары үчүн, жок болушкан»
📚 (Бухари, Муслим).
200628_001
My Recording
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/186

📌 10-хадис:
Дуа кабыл болушунун себеби

📝 Хадистин тексти:

Абу Хурайра (радияЛлаху анху) айтты, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Чындыгында Аллах Таза, жана тазадан башканы кабыл кылбайт. Чындыгында Аллах Өзүнүн пайгамбарларын эмнеге буйруган болсо, момундарды да ошого буйруган. Аллах Таала: “О, Элчилер! Таза-адал тамак-ашты жегиле да, жакшылык иштерди кылгыла!” (Куран 23: 51), - деген. Аллах Таала дагы: “О, ыйман келтиргендер! Силерге Биз берген ырыскылардын тазасын (адалын) жегиле!” (Куран 2:172), - деген».
Андан соң, ал (Пайгамбар ﷺ) алыскы сапарда жүрүп, чачы үрпөйгөн, өзү кирдеген, “О, Раббим! О, Раббим”, - деп колдорун асманга жайып турган бирөөнү эскерет да: «Анын жегени арамдан, ичкени арамдан, кийгени арамдан, азыкталганы да арамдан болуп жатса, анда анын дуасы кантип кабыл болсун?”, - деди»
📚 (Муслим)
200705_001
My Recording
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/195

📌 11-хадис:
Шек күмөн туудурган нерсени таштоо

📝 Хадистин тексти:

Али ибн Абу Талибдин уулу, Аллахтын Элчисинин ﷺ небереси жана анын жыпар жыттуу райхандай сүймөнчүгү - Абу Мухаммад ал-Хасан (радияЛлоху анхума) айтты: Мага Аллахтын Элчиси ﷺ минтип айтканын эстеп калдым:
«Шектүүнү ташта да, шексизин карман»”
📚 (Тирмизи, Насаи. Тирмизи бул хадисти “хасан сахих” деди).
200712_002
My Recording
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/196

📌 12-хадис:
Пайдалуу нерсе менен алектенүү

📝 Хадистин тексти:

Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты дейт:
«Адам Исламды жакшы карманып жаткандыгынын бир белгиси – өзүнө тиешелүү эмес нерселерди таштаганы»
📚 (Тирмизи ж.б. ушундай риваят кылышты).
200719_001
My Recording
ан-Навави #40хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/197

📌 13-хадис:
Ыймандын толуктугу

📝 Хадистин тексти:

Аллахтын Элчисинин ﷺ кызматкери Абу Хамза Анас ибн Малик (радияЛлооху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты дейт:
«Силердин эч кимиң, өзүнө ыраа көргөн нерсени башка бир тууганына да ыраа көрмөйүнчө, момун боло албайт»
📚(Бухари, Муслим).