БАКТЫЛУУЛУКТУН ФОРМУЛАСЫ
66 subscribers
10 photos
8 videos
4 links
БАКТЫЛУУЛУК СЫРТТАН КЕЛБЕЙТ

БАКЫТ-ЖАН ДҮЙНӨНДҮН АБАЛЫ😇
Download Telegram
Бактылуулукту сени менен коргум келет...🍃❤️
Кутман таң достор?

Ар бир эртең менен туруп, күндү көргөнүбүзгө шүгүр кылуу менен жүрөгүбүздү тазартабыз🤲


ШҮГҮР КЕЛТИРҮҮ.

Ден-соолугум бардыгына,ата-энем, бир туугандарыма, жакшыы нерселерди көрүп,угуп, сүйлөп жатканыма,Жаратканым берген бардык-бардык мүмкүнчүлүктөргө ыраазымын.
Альхамдулиллах! Альхамдулиллах! Альхамдулиллах!


Кана,анда эмесе,баарыбыз өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүзгө шүгүр келтирип жазалычы, шүгүр келтирүү менен жүрөк тазарат..

Кетти, ЖАЗЫҢЫЗДАР⬇️
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
НАМАЗ СЫЯКТУУ БОЛ!
ТАЗА ЭМЕС, АДАМ ЖОЛОБОСУН🥰❤️
Абийир ачылгандан кийин, адепке жол барбы...?

Мээримдүү Алла Тааланын аты менен...

Мен фильмди көргөн жокмун, тагыраагы көргүм келген жок. Кудайдын пенделерине берген убакыттын ар бир көз ирмеминин эсеби бар. Пайдалууга кеттиби, же суунуку сууга, сайдыкы кумгабы? Деги эле акыретте сооп убада кылынбаган иштерге баш оорутуунун кереги канчалык?

Инсанияттын эң жаркын инсаны Пайгамбарыбыз алайхис салам жөнүндө жаман фильм тартуудан да, жаман сөз айтуудан да, ага ыйман келтирбей коюу чоңураак күнөө. Бардыгы чектен чыккан каапырлык (куфр) деп деп эсептелсе да.

Деги эле Пайгамбарыбыз алайхис салам жөнүндө жаман кеп айтуу, ал затты сөгүү, карикатурага түшүрүү, фильм аркылуу ыза жеткирүү Пайгамбарыбыз алайхис саламдын кадыр-баркын түшүрө албайт. Тетирисинче ыймандуулардын ыйманын чыңалтып, ага болгон үммөттүк махабатты жарытат. Ал киши жөнүндө маалымат билбегендерди өмүр-баянын, тарыхын, сүннөтүн, жыйынтыгында шариатын окуп үйрөнүүгө түртөт. Ал кишинин жолун жолдоочулардын башын бириктирет. Мына ушул окуядан кийин көптөгөндөрдүн Исламга кирүүсүнө бөркүңүздөй ишене бериңиз.

Дааратканага кантип кирип, кантип чыкканды үйрөткөн көөнө шариатыбызда, пайгамбарларга адепсиз мамиледе болгондорго кандай чара көрүлөөрү, кандай мамиледе болоорлугубуз айтылгандыгы турулуу кеп.

Кандайдыр бир чечкиндүү чара көрүү колубуздан келбегени менен, ичибизден жаман көрүп, тилибиз менен саймедирегенге эгемен өлкөбүздө уруксат бар. Кудайым кут кылсын. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын: «Жаман иш көрсөңөр колуңар менен кайтаргыла, колуңардан келбесе тилиңер менен кайтаргыла, аны да эптей албасаңар жүрөгүңөрдүн түпкүрүнөн жек көргүлө! Мына ошол ыймандын эң төмөнкү баскычы», дегенине сарасеп салсак, анда шариаттын кээ бир өкүмдөрүн айта кетүүбүз ыйманыбызды сактап калуунун жолу экени да чын.

Ыйык Куранда: «Албетте, Аллах Тааланы жана пайгамбарын нааразы кылуучу (ыза берүүчү) топторду Аллах Таала дүнүйө-акыретте мээрим-ырайымынан кур жалак калтырат (лаанаттайт). Кыяматта алар үчүн жан кейитээр азапты даярдаган» (Ахзаб сүрөөсү 59), «Алланын элчисине ыза жеткиргендерге Алланын ачуу азабы бар!» (Тооба сүрөөсү 61) деп айтылынса, Пайгамбарыбыз алайхис саламдын осуяттарында төмөндөгүлөр зикирленет:

Азирети Алий разиаллооху анхудан: Пайгамбарыбыз алайхис саламдын доорунда, кайсы бир жөөт ургаачы Пайгамбарыбыз алайхис саламды каргап-шилегендигин көрүп, ыймандуу бир адам мойнун муунтуп, ага колу карышып, жыйынтыгында тиги аялдын аба жетпей жан таслим болгондугу катталат. Пайгамбарыбыз алайхис салам аялды өлтүргөндүгү үчүн эч кандай жазага тарткан эмес. Кылган ишинин тууралыгы болбосо антмек эмес. (Сунан Абу Дауд, 4362)

Мекке шаарын мусулмандар каратканда (Фатху Макка) «жок кылынуу жазасы»на кириптер болгон Укба бин Абу Муьайт, эмне үчүн бул жазага ылайыктуу болгондугун сураганда, Пайгамбарыбыз алайхис саламдын «Аллах Таалага жана анын пайгамбарына душмандыгың үчүн, пайгамбарга сенчелик ыза берүүчүнү көрбөдүм...», деп жооп берүүсү, кайсы бир адам пайгамбарлардын бирин сөккөн болсо, ал колго тийээри менен жогорудагыдай жазалана тургандыгынын далили. (Аль магаазий, аль Ваакидий 1\11)

Пайгамбарыбыз алайхис салам өзүн сөккөн адамды көрүп, «Ким мен үчүн душманыма жетиштүү болот?», дегенде азирети Хаалид туруп «Мен» дейт. Пайгамбарыбыз алайхис салам ал затты тиги оозу бузукка жөнөтөт. Азирети Хаалид ылайыктуу жазасын берип, тозокко тез кирүүсүнө себеп болот. (Абдур раззаак, Аль Мусаннаф, 9705)

Ислам аалымдарынын бул маселеде баарынын пикирлеш экендигин, «ижмааь» жүзөгө келгендигин айтпасак сөз атасы өлөөр:

Абу Бакр Ибн Мунзир (т.242-ө.319 х.): «Илимдүүлөрдүн баары, пайгамбарды сөккөн адамга өлүм жазасын тартууга «ижмааь»га баш кошушкан. (Аль ишрааф 3\16, аль ижмааь 76, аль икнааь 2\584)

Мухаммад бин Сахнуун (т.202 -ө.265 х.): «Аалым аттуунун баары, пайгамбарды сөккөн, даражасын кемиткен адамдын (каапыр)лыгына «ижмааь» кылышкан. Анын акыреттеги азабы белгилүү. Дунявий өкүмү – жалган жашоодо жашаганга укугу жок. Анын каапырлыгына, акыретте азапталуусуна ишенбеген адамдын өзү да каапыр болуп динден чыгат. (Аш шифаа 2\215, Нихааятус суьли 261)
Абу Сулайман алт Хаттообий (т.319 - ө.388 х.): «Пайгамбарды сөккөн адамдын ... өлүм жазасына тартылуусуна каршы чыккан бир да мусулманды билбейм». (Маьаалимус сунан, 6\199)

Сунний багыттагы мазхаб аалымдарынын фатвалары да жогорудагы чийинден чыкпайт:

Шейхул Ислам Абуль Хасан ас Сугдий аль Ханафий (ө.461 х.): «... Пайгамбарды сөккөн адамдын өкүмү муртад (динден чыккандын) өкүмүндөй. Муртадка кандай жаза берилсе, ага да дал ошондой жаза берилет. (Белгилүү болгондой муртадка өлүм жазасы берилет). (Ан нутаф... 2\694)

Аллаама Хайруд дин бин Ахмад ар Рамлий аль Ханафийден (ө.1081 х.) «Ибрахим пайгамбарыбызды сөккөндүн өкүмү» суралгандагы жообу: «Кылмышкер катары өлүм жазасына тартылат... . Китептерде айтылгандай, аялына талак түшөт, исламды кабыл алгандан кийин никени жаңыртуу зарыл. Аткарган ажылыгын кайрадан аткаруусу керек болот...». (Аль фатаафа аль хайрийя, 1\102, 103). Ушул эле мазмун аль фатаава аль хиндийяда (6\321,322) да келет.

Жогоруда ханафий мазхабынын аалымдарын гана келтирдик. Мааликий, шаафеьй, ханбалийлер да ушул эле мааниде маселе айтышат. Акырында пайгамбарды сөккөн, ыза берген, маскаралагандардын өкүмү туурасында атайын жазылган китептерди атай кетели:

Аль Хаафиз Ахмад аль Ханбалий (ө.728 х.), «Ас соорим аль маслуул ьалаа шаатимир расуул». Бир канча ирет басылган. Алгачкы басылышы Хайдарабатта (Хинд) 1322 х.де басылган.

Шейхуль ислам ас Субкий аш Шаафеьий (ө.756 х.), «Ас сайфу аль маслуул ьалаа ман сабба ар расуул». Урдунда (Амман) 1421 х.де басылган.

Аль Фаазил Мухйиддин ар Руумий аль Ханафий (ө.904 х.), «Ас сайфу аль машхуур ьалаз зиндиики ва саабби ар расуул». Кол жазмасы Сирияда (Димашк) Заахирия китепканасында (8185, 2688) номурлары менен сакталуу.

Аллаама Ибн Камал Пааша аль Ханафий (ө. 940 х.), «Ас сайфу аль маслуул фий саббир расуул». Кол жазмасы Исламболдагы (Стамбул) Сулаймания китепканасында. Анын көчүрмөсү Медине Ислам университетинде (2\ 7661) номери менен сакталуу.

Ибн Аабидийн аль Ханафий (ө. 1252 х.), «Танбиихуль вулаати вал хуккаам ьалаа ахкаами шаатими хайриль анаам...». «Мажмууьатур расааил» жыйнактарында басылган. 1237 х.де жазып бүткөн. Басылган жылы белгисиз.

Эми, илгери бирөө күйгөндөн кошокчу болдум деген экен. Пайгамбарыбыз алайхис саламга болгон каршылык ал затка жамандык жеткирбегени менен, биз менен сиздин ыйманыңызды сынаганга жетет, кыямат күнкү жүзүбүздүн жарык болуусуна себеп болот, же кедергисин тийгизет.

Кээ бир сырты жылтырлар «Ой кандай гана варварлык», деп алаканын жаяр. Ошол эле учурда миңдегендердин каны Сирияда(*Сириядагы суниттер менен шииттердин ортосундагы согуш дале уланууда. Эки чоң державанын оюн талаасына айланып калды. 2014-жыл, Май айы.) агып жатса, ага маани бербейт. Кыргыздын кыздары кыймылдагандан поюзду гана жебегендерге кор болгонун баамдагысы келбейт. Жеке адамдыкын эмес, бүтүндөй элдикин оптому менен оп кылып, ажыдаар сымал жуткандар менен той-топурда сылык-сыпаа учурашып жүрөт, ага жагынгысы, жакын болгусу, андан куда-сөөк күткүсү келет. Мындан артык варварчылык барбы? Деги эле абийир ачылгандан кийин адепке жол барбы?
🔹 Бул дүйнөң үчүн эч качан өлбөчүдөй, акыретиң үчүн азыр өлчүдөй аракет кыл. (Хадис)