БАКТЫЛУУЛУКТУН ФОРМУЛАСЫ
66 subscribers
10 photos
8 videos
4 links
БАКТЫЛУУЛУК СЫРТТАН КЕЛБЕЙТ

БАКЫТ-ЖАН ДҮЙНӨНДҮН АБАЛЫ😇
Download Telegram
БАКТЫЛУУЛУКТУН ФОРМУЛАСЫ pinned «01🌼

КУРАНДА ЖАЛПЫ КАНЧА СҮРӨӨ БАР?
»
БАКТЫЛУУЛУКТУН ФОРМУЛАСЫ pinned «2🌸

КУРАНДАГЫ ЭҢ УЛУК СҮРӨӨ КАЙСЫ?
»
Channel name was changed to «БАКТЫЛУУЛУКТУН ФОРМУЛАСЫ»
Бактылуулуктун формуласы.

Чыныгы бактылуулук ар бир адамдын көксөөсү жана арзуу-тилеги. А бирок бактылуулуктун аныктамасы, тагыраак айтканда «Бакыт деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ болобуз?» деген эки суроонун айланасында пикирлер чар жайыт да, өтө эле ар түрдүү. Кээ бирлер дүйнө топтоп, аны көбөйтүүнү бакыт деп эсептесе, башкалары чың ден-соолукта болууну бакыттын кушу катары карашат. Ал эми үчүнчүлөрү пайдалуу илим менен адал ырыскыны издөө деп билсе, кийинкилери татыктуу ыйман менен жарактуу амал деп түшүнүшөт.

Жогоруда айтылгандын баары бакыт түшүнүгүнө кирүүсүнө эч тоскоолдук жок, болгону шарият чектеген эреже-калыптарга ылайык болуусу кажет.

Бактылуулук жалпы жонунан эки түргө бөлүнөт:

1. Адамдын кыскы өмүрү (түбөлүктүүлүктүн алдында 100 жыл да өтө кыска көз ирмем болот эмеспи?!) менен чектелген, убактылуу жалган жашоодогу бактылуулук;

2. Түбөлүктүү дайымий акыреттик бактылуулук;

Эки түр эгиздей болуп, бири бирин шарттап турат. Дүнүйөлүк бакыт акыреттик бакытты, ал өз кезегинде дүнүйөлүк бакытты колдоп, кенемтесин толтуруп турат. Мына бул толуктукту Алла Таала момун пенделерине ыраа көрөт, ыйык Куранда: «Мейли эркек болсун, мейли аял болсун - ар бир пенде - момун болуу шарты менен жакшы амал, изги иштерди аткарса, андай адамдарга бул дүйнөдө бактылуу болуусуна себептерди ылайыктап беребиз, ал эми Кыяматта болсо кылган жакшылыктарынын эсесине толук ажр-соопторду беребиз!». Ан Нахл, 96.

Төмөндө айтылынчу маселелер бакыт кушун кантип колго кондуруунун жиби, жол-жобосу жана айла-усулу. Канчалагандар бул жипти бекем карманып бактылуу болушса, канчалагандары бул жиптин өзүн көрмөк турсун жытын жыттабастан бул жалгандан армандуу өттү. Бул жипти канчалык бекем кармануу ошончолук даражада бактылуу болуу демекмин:

Ыймандуу болуу. Пайгамбарыбыз алайхис салам ыймандуу момун жөнүндө мындай дейт: «Момундун жашоосу кандай гана таң калаарлык! Момундун жашоосунун бардыгы жакшылыктуу! Кандайдыр бир сүйүнчүктүү жакшы ишке туштукса Жараткан Ээсине шүгүр келтирип сооп-жакшылыкка ээ болот, ал эми кандайдыр бир балээге кириптер болсо Жараткан Ээсинин тагдырына моюн сунуп, жазмышка баш ийип сабырдуулукту карманып сооп-жакшылыкка ээ болот. Бул жакшылык-сооп момундан башка эч-кимге ыйгарылбайт!» Муслим.

Аллах Таала жараткан макулук аттуунун баарына - мейли инсан, мейли жандык, мейли өсүмдүк болсун - сөз менен да, кыймыл-аракет менен да жакшылык - Ихсан кылуу. Ыйык Куранда: «Пенделердин бири-бирине пайдасыз-бош сөздөрдү айтып, сүйлөшүп – шыбырашкандарында жакшылыктуу сооп да, үмтөтүлгөн жакшылык да жок. А бирок жакшылык менен сооп аттуунун баары, пенделердин бири-бирин жакшы ишке чакырып, жардам-садака бергенге буйруган сөздөрүндө, инсандардын ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө, таарынышкан көрпенделердин таарынычын жазып, урушкандарды жараштырууда айтылынган сөздөрүндө. Ким бул амал-иштерди жалгыз Жараткандын ыраазылыгы үчүн аткарган болсо, Кыямат күнү бул адамдарга улуу ажр-соопторду беребиз!». Ан Нисаа, 114.

Жүрөктү кээ бир пайдалуу нерселер менен алек кылуу. Мисалы пайдалуу илим алуу, же соопчулук иштерди аткаруу менен. Бул иштер пендени кыжаалат кылган, көңүл чөгөргөн жагымсыз иштерден алаксытып, анын сормо сазынан сууруп чыгат. Ошол пайдалуу нерсе Инсандын табияты сүйгөн, жаратылышына туура келген иш болуусу абалды кыйла жеңилдетет. Бардык балээнин баары боштук менен бекерчиликтен келип чыгат. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Сенин дүнүйөңө жана акыретиңе пайдалуу боло турган иштерге жан үрөп аракет кыл!», дейт. Муслим.

Күнүмдүк жумушту так аткарууга белсене киришүү. Бүгүнкүңдү эртеңкиге калтырба. Өткөн ишке өкүнбө, болгону туура жыйынтык чыгара бил. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Өткөн ишке өкүнүп, аттиң ай! Эгерде могу ишти момундай кылсам, мындай болбос эле?..», деп «Эгерде...?ни көп айта берүү шайтанга эшик ачат!», дейт. Муслим. Сөз чынынан бузулбайт.

Аллах Тааланы көп эстеп, зикир кылууну адатка айландыруу. Ыйык Куранда: «Эсиңерге тутуп, кабардар болгула! Аллах Тааланы эстеп, зикир кылуу менен жүрөктөр жай алып, ырахатка батат!».
Дайыма сенден төмөнкүлөрдөн ибаарат - үлгү ал. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Дайыма силерден төмөн тургандарга карагыла! Силерден жогорудагыларга карабагыла! Мына ушундай кылсаңар Аллахтын силерге берген жакшылык-нематтарын анчалык жектеп жээрибейсиңер!». Бухари, Муслим.

Аллах Таалага дуба кылуу. Мисалы Пайгамбарыбыз алайхис салам мындай дуба кылаар эле: «Оо Жараткан Аллах Таала! Сенин ырайым-рахматыңды үмүт кылам. Бир көз ирмемчелик убакытка да мени көз жаздымыңда калтыра көрбө! Менин абалымдын баарын оңдо! Сенден башка ибаадат кылынууга татыктуу зат жок!». Абу Дауд.

Ар бир ишинде себептерин аткарган соң Аллах Таалага тобокел кылуу. Ыйык Куранда: «Кайсы бир пенде Аллах Таалага тобокел кылса, Аллах Таала ал адамга жетээрлик!». Ат Талаак,3.

Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Момун эркек момун аялды кайсы бир кулк-мүнөзү үчүн жаман көрбөсүн, ал аялдын андан башка жакшы кулк-мүнөзү бар болсо, ошого ыраазы болот». Муслим. Ар бир адамдын жакшы жагын издеп-тапканга аракеттен. Кээде чалкыган чоң деңизден таппаганды, азыноолак суусу бар дарыядан деле таап алуу мүмкүн.

Сага адамдардын зыяны тийген болсо, - айрыкча жаман сөздөрү - эч убакта капаланба! Ал сенин пайдаңа чечилчү маселе. Кыяматта алар сенин күнөөңө шериктеш болуп, күнөөлөрүңдөн жеңилдейсиң. Таптакыр күнөөң жок болуп периште болуп кеткен убактыңда (ошондой болсо гана!?), анда анын соопторуна сен шериктеш болосуң.

Эч убакта эч кимден - Аллах Тааладан башка - ыраазылык үмүт этпе. Ыйык Куранда, Аллах Таала үчүн жардыларды тоюндурган чыныгы момундардын сөзү айтылат: «Алар айтышат:(Албетте биз Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн силерге азык-оокат берип жатабыз. Силерден анын ордуна башка бир нерсе алууну да, ыраазылык – ырахматты да каалабайбыз. Силердин бизге милдеттүү болуп калууңарды да каалабайбыз!». Ал Инсан,9.

Акырында, Аллах Таала сага бактылуулук жазган болсо аны эч ким тартып ала-албастыгын бөркүңдөй көр.

Улуу Жараткан баарыбызды эки дүйнө бактылуулардан кылган болсун!🤲🤲
БАКТЫЛУУЛУКТУН ФОРМУЛАСЫ pinned «3🌸

БҮТКҮЛ ААЛАМДЫ КИМ ЖАРАТКАН?
»
АССАЛААМУ АЛЕЙКУМ" БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫНЫН" КАТЫШУУЧУЛАРЫ!!

БИЗДИН КАНАЛДАН АКЫРЕТ ҮЧҮН АЛГАН ИЛИМИҢИЗДЕН СИЗДИН ЖАКШЫ КӨРГӨН АДАМДАРЫҢЫЗ, ЖАКЫНДАРЫҢЫЗ ПАЙДА АЛЫП АЛ ҮЧҮН СООБУ СИЗГЕ ЖАЗЫЛЫШЫН КААЛАСАҢЫЗ КОНТАГЫҢЫЗДАГЫ ЖАКЫНДАРЫҢЫЗДЫ КОШУҢУЗ, ЖАНА БИЗДИН СООПЧУЛУК ИШИБИЗГЕ СИЗ КОШУЛУП СООПТОРДО БИЗГЕ ШЕРИК БОЛУҢУЗ.


СИЗДЕРДИ ТЕРЕҢ УРМАТТОО МН «БАКЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ» КАНАЛЫНЫН ЖАМААТЫ.