БАКТЫЛУУЛУКТУН ФОРМУЛАСЫ
66 subscribers
10 photos
8 videos
4 links
БАКТЫЛУУЛУК СЫРТТАН КЕЛБЕЙТ

БАКЫТ-ЖАН ДҮЙНӨНДҮН АБАЛЫ😇
Download Telegram
Channel name was changed to «БАКТЫЛУУЛУКТУН ФОРМУЛАСЫ»
Бактылуулуктун формуласы.

Чыныгы бактылуулук ар бир адамдын көксөөсү жана арзуу-тилеги. А бирок бактылуулуктун аныктамасы, тагыраак айтканда «Бакыт деген эмне?», жана «Канткенде бакытка ээ болобуз?» деген эки суроонун айланасында пикирлер чар жайыт да, өтө эле ар түрдүү. Кээ бирлер дүйнө топтоп, аны көбөйтүүнү бакыт деп эсептесе, башкалары чың ден-соолукта болууну бакыттын кушу катары карашат. Ал эми үчүнчүлөрү пайдалуу илим менен адал ырыскыны издөө деп билсе, кийинкилери татыктуу ыйман менен жарактуу амал деп түшүнүшөт.

Жогоруда айтылгандын баары бакыт түшүнүгүнө кирүүсүнө эч тоскоолдук жок, болгону шарият чектеген эреже-калыптарга ылайык болуусу кажет.

Бактылуулук жалпы жонунан эки түргө бөлүнөт:

1. Адамдын кыскы өмүрү (түбөлүктүүлүктүн алдында 100 жыл да өтө кыска көз ирмем болот эмеспи?!) менен чектелген, убактылуу жалган жашоодогу бактылуулук;

2. Түбөлүктүү дайымий акыреттик бактылуулук;

Эки түр эгиздей болуп, бири бирин шарттап турат. Дүнүйөлүк бакыт акыреттик бакытты, ал өз кезегинде дүнүйөлүк бакытты колдоп, кенемтесин толтуруп турат. Мына бул толуктукту Алла Таала момун пенделерине ыраа көрөт, ыйык Куранда: «Мейли эркек болсун, мейли аял болсун - ар бир пенде - момун болуу шарты менен жакшы амал, изги иштерди аткарса, андай адамдарга бул дүйнөдө бактылуу болуусуна себептерди ылайыктап беребиз, ал эми Кыяматта болсо кылган жакшылыктарынын эсесине толук ажр-соопторду беребиз!». Ан Нахл, 96.

Төмөндө айтылынчу маселелер бакыт кушун кантип колго кондуруунун жиби, жол-жобосу жана айла-усулу. Канчалагандар бул жипти бекем карманып бактылуу болушса, канчалагандары бул жиптин өзүн көрмөк турсун жытын жыттабастан бул жалгандан армандуу өттү. Бул жипти канчалык бекем кармануу ошончолук даражада бактылуу болуу демекмин:

Ыймандуу болуу. Пайгамбарыбыз алайхис салам ыймандуу момун жөнүндө мындай дейт: «Момундун жашоосу кандай гана таң калаарлык! Момундун жашоосунун бардыгы жакшылыктуу! Кандайдыр бир сүйүнчүктүү жакшы ишке туштукса Жараткан Ээсине шүгүр келтирип сооп-жакшылыкка ээ болот, ал эми кандайдыр бир балээге кириптер болсо Жараткан Ээсинин тагдырына моюн сунуп, жазмышка баш ийип сабырдуулукту карманып сооп-жакшылыкка ээ болот. Бул жакшылык-сооп момундан башка эч-кимге ыйгарылбайт!» Муслим.

Аллах Таала жараткан макулук аттуунун баарына - мейли инсан, мейли жандык, мейли өсүмдүк болсун - сөз менен да, кыймыл-аракет менен да жакшылык - Ихсан кылуу. Ыйык Куранда: «Пенделердин бири-бирине пайдасыз-бош сөздөрдү айтып, сүйлөшүп – шыбырашкандарында жакшылыктуу сооп да, үмтөтүлгөн жакшылык да жок. А бирок жакшылык менен сооп аттуунун баары, пенделердин бири-бирин жакшы ишке чакырып, жардам-садака бергенге буйруган сөздөрүндө, инсандардын ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө, таарынышкан көрпенделердин таарынычын жазып, урушкандарды жараштырууда айтылынган сөздөрүндө. Ким бул амал-иштерди жалгыз Жараткандын ыраазылыгы үчүн аткарган болсо, Кыямат күнү бул адамдарга улуу ажр-соопторду беребиз!». Ан Нисаа, 114.

Жүрөктү кээ бир пайдалуу нерселер менен алек кылуу. Мисалы пайдалуу илим алуу, же соопчулук иштерди аткаруу менен. Бул иштер пендени кыжаалат кылган, көңүл чөгөргөн жагымсыз иштерден алаксытып, анын сормо сазынан сууруп чыгат. Ошол пайдалуу нерсе Инсандын табияты сүйгөн, жаратылышына туура келген иш болуусу абалды кыйла жеңилдетет. Бардык балээнин баары боштук менен бекерчиликтен келип чыгат. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Сенин дүнүйөңө жана акыретиңе пайдалуу боло турган иштерге жан үрөп аракет кыл!», дейт. Муслим.

Күнүмдүк жумушту так аткарууга белсене киришүү. Бүгүнкүңдү эртеңкиге калтырба. Өткөн ишке өкүнбө, болгону туура жыйынтык чыгара бил. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Өткөн ишке өкүнүп, аттиң ай! Эгерде могу ишти момундай кылсам, мындай болбос эле?..», деп «Эгерде...?ни көп айта берүү шайтанга эшик ачат!», дейт. Муслим. Сөз чынынан бузулбайт.

Аллах Тааланы көп эстеп, зикир кылууну адатка айландыруу. Ыйык Куранда: «Эсиңерге тутуп, кабардар болгула! Аллах Тааланы эстеп, зикир кылуу менен жүрөктөр жай алып, ырахатка батат!».
Дайыма сенден төмөнкүлөрдөн ибаарат - үлгү ал. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Дайыма силерден төмөн тургандарга карагыла! Силерден жогорудагыларга карабагыла! Мына ушундай кылсаңар Аллахтын силерге берген жакшылык-нематтарын анчалык жектеп жээрибейсиңер!». Бухари, Муслим.

Аллах Таалага дуба кылуу. Мисалы Пайгамбарыбыз алайхис салам мындай дуба кылаар эле: «Оо Жараткан Аллах Таала! Сенин ырайым-рахматыңды үмүт кылам. Бир көз ирмемчелик убакытка да мени көз жаздымыңда калтыра көрбө! Менин абалымдын баарын оңдо! Сенден башка ибаадат кылынууга татыктуу зат жок!». Абу Дауд.

Ар бир ишинде себептерин аткарган соң Аллах Таалага тобокел кылуу. Ыйык Куранда: «Кайсы бир пенде Аллах Таалага тобокел кылса, Аллах Таала ал адамга жетээрлик!». Ат Талаак,3.

Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Момун эркек момун аялды кайсы бир кулк-мүнөзү үчүн жаман көрбөсүн, ал аялдын андан башка жакшы кулк-мүнөзү бар болсо, ошого ыраазы болот». Муслим. Ар бир адамдын жакшы жагын издеп-тапканга аракеттен. Кээде чалкыган чоң деңизден таппаганды, азыноолак суусу бар дарыядан деле таап алуу мүмкүн.

Сага адамдардын зыяны тийген болсо, - айрыкча жаман сөздөрү - эч убакта капаланба! Ал сенин пайдаңа чечилчү маселе. Кыяматта алар сенин күнөөңө шериктеш болуп, күнөөлөрүңдөн жеңилдейсиң. Таптакыр күнөөң жок болуп периште болуп кеткен убактыңда (ошондой болсо гана!?), анда анын соопторуна сен шериктеш болосуң.

Эч убакта эч кимден - Аллах Тааладан башка - ыраазылык үмүт этпе. Ыйык Куранда, Аллах Таала үчүн жардыларды тоюндурган чыныгы момундардын сөзү айтылат: «Алар айтышат:(Албетте биз Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн силерге азык-оокат берип жатабыз. Силерден анын ордуна башка бир нерсе алууну да, ыраазылык – ырахматты да каалабайбыз. Силердин бизге милдеттүү болуп калууңарды да каалабайбыз!». Ал Инсан,9.

Акырында, Аллах Таала сага бактылуулук жазган болсо аны эч ким тартып ала-албастыгын бөркүңдөй көр.

Улуу Жараткан баарыбызды эки дүйнө бактылуулардан кылган болсун!🤲🤲
БАКТЫЛУУЛУКТУН ФОРМУЛАСЫ pinned «3🌸

БҮТКҮЛ ААЛАМДЫ КИМ ЖАРАТКАН?
»
АССАЛААМУ АЛЕЙКУМ" БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫНЫН" КАТЫШУУЧУЛАРЫ!!

БИЗДИН КАНАЛДАН АКЫРЕТ ҮЧҮН АЛГАН ИЛИМИҢИЗДЕН СИЗДИН ЖАКШЫ КӨРГӨН АДАМДАРЫҢЫЗ, ЖАКЫНДАРЫҢЫЗ ПАЙДА АЛЫП АЛ ҮЧҮН СООБУ СИЗГЕ ЖАЗЫЛЫШЫН КААЛАСАҢЫЗ КОНТАГЫҢЫЗДАГЫ ЖАКЫНДАРЫҢЫЗДЫ КОШУҢУЗ, ЖАНА БИЗДИН СООПЧУЛУК ИШИБИЗГЕ СИЗ КОШУЛУП СООПТОРДО БИЗГЕ ШЕРИК БОЛУҢУЗ.


СИЗДЕРДИ ТЕРЕҢ УРМАТТОО МН «БАКЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ» КАНАЛЫНЫН ЖАМААТЫ.
биздин каналыбыз
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жума маарек болсун мусулман бир туугандар 🕋♥️
Дубаңыз кабыл болсун!

Чексиз ырайымдуунун ысмы менен...

Ажылык мезгили кайрадан топудай тегеренип кирип келди. Ажыларыбыз Мекке шаарында ажылык ибаадаттарын аткарышат. Ошол шаарда узак жылдар жашаган адам катарында, ал шаардын сырларынан ажы бир туугандарыма бөлүшкүм келди... Меккедеги дуба кабыл болуусу үмүт кылынган жерлер жөнүндө баяндагым келди...

Ажыга баруу ар кимге эле насип боло бербейт. Ар бир эле ажыга баргандын ажысы да кабыл боло бербейт. Андыктан ыйык жердеги ар бир көз ирмемди текке кетирбестен кармап калуу, ыйык жердин ыйыктыгын артырган касиеттүү мекендерин аздектеп, дуба кабыл болууга себепкер боло турган орундарды бааалай-барктай билгенибиз ийги.

Анда эмесе кеп оролун Меккедеги дуба кабыл болуусу үмтетилген жерлерге буралы:

Харам мечитине кирип, Каабага көзү түшкөн убакта эки колду көтөрүп: «Оо Аллахым! Бул Каабаңдын урматын, улуктугун, азиздигин, бийиктигин, кадырын дагы да бийиктете көр. Ар бир ажыга келген, умраны өтөгөн пенделериң да ыйык Каабаңдын даражасын ордуна койгон болушсун!», (Байхакий, Саиид б. Мансуур, Табарааний. Талхиис 2\241,242) деп айтып андан кийин « Оо Аллахым! Тынчтык ээси Сенсиң, тынчтыктын бары Сенден! Улуулук менен жоомарттыктын ээси болгон улуу Кудайым берекенин ээси да Сенсиң! Сен баарынан Жогорусуң! Буйругуңду уктук, баш ийдик, тизе бүктүк. Күнөөлөрүбүздү кечир! Оо биздин тарбият кылуучубуз, Сенин алдына бараарыбыз да ак!» (Ахмад, Байхакий, Талхиис 2\242) деп дуба кылат. Андан соң каалаган дубасын билген тилинде айта берсе – насип кылса - кабыл болот.

Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Каабаны карап туруу ибаадат», «Каабага карап туруу ыймандын дал өзү» (Ибн Аббаас, Азрукий, Шифаа 1\183) деп айткандыгы да ар бир ажыга күмүш сырга.

Каабаны тегеренип таваф кылып жаткан учур. Таваф аттуунун баары (мейли фарз, мейли нафил) тең бирдей. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Аллах Таала ар күнү Харам мечитине жүз жыйырма ырайымын түшүрөт. Алтымышы таваф кылуучуларга, кыркы намаз окуучуларга, жыйырмасы Каабаны карап туруучуларга» ( Канзус самиин 679), «Ким Каабаны жети тегеренгенче оозу дубадан бош болбосо, кул азат кылгандай соопко ээ!» (Табарааний, Кабиир 20\845).

Каабага кирүү. Каабага киргенде жылаңайлак болуп, адеп менен, намаз окуганды ниет кылып кирет. «Бисмилла, Кудайга мактоолор болсун. Оо Аллахым! Мага мээрим эшигиңди ач. Оо Аллахым! Сага келген ар бир жамаатка сыйлык ыйгардың. Ар бир зыяратчыга урмат, ар бир коногуңа сый насип эттиң. Ар бир суроочунун сураганын бердиң, ар бир үмүттүүнүн үмүтүн актадың. Сенин ыраазылыгыңа жеткенге далаалат кылган ар биринин күнөөлөрүн кечирүүчү, ырайым кучагына алуучу да Өзүңсүн!», деп дуба кылат. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Ким Каабага кирсе жакшылыкка кириптир, жамандыктан күнөөлөрү арылып чыгыптыр!» (Мухиб Табарий, 494). Бирок, Каабанын ичине кирүү чандага гана насиптелбесе, баары эле кире бербейт. Азирети Айша энебиз Пайгамбарыбыз алайхис саламдан Каабанын ичине киргизүүнү өтүнгөндө, Пайгамбарыбыз алайхис салам Айша энебиздин колунан жетелеп Ысмайыл пайгамбардын хижри (аттын такасына окшоп турган жер) менен Каабанын ортосундагы ачык жерге, каабанын чоргосунун түбүнө алып барды. Айша энебиз ошол жерде намазын окуду. Мына ошол жер да Каабанын ичине киргендей пазилет-соопко ээ.

Кара ташты өбөөрдө, ага маңдайды тийгизээрде. Ибн Аббас мындай дейт: «Ибн Аббастын жаны колунда болгон затка касам ичип айтам! Ким кара таштын жанында туруп сураган болсо, анын дубасы сөзсүз кабыл болоор!» (Суюутий, аль Жаамиь ас сагиир 231).

Каабанын Йемен бурчуна ар бир тавафта кол тийгизген учурда. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Йемен бурчунан өткөнүмдө бир периштенин (Оомиин, оомиин) деп турганын ар дайым угаар элем. Ошол жерден өткөндө (Оо Жараткан Аллах Таала! Бизге дүйнөлүк жана акыреттик жакшылыктарыңды ыйгара көр! Бизди тозок отунан сактай көр!) деп дуба кылгыла!», деп айтканы далил (Забидий, Иттихааф.. 4\351). Каабанын Йемен бурчу деп Каабаны таваф кылып айланып бара жатканда кара таш турган бурчка чейинки бурч. Ошол бурчту кол менен сылап дуба кылынат, өбүлбөйт.
Кара таш турган Рукн бурчу менен Каабанын эшигин ортосундагы аралык болгон Мултазамда. Азирети ибн Аббас мындай дейт: «Аллахка касам ичип айтам! Мултазамда кылган дубаларым сөзсүз кабыл болоор эле» (Табарий, Сиро 315, 316).

Исмаил алайхис саламдын хижринде, Каабанын чоргосунун астында. Азирет Усман бин Аффаан күндөрдүн биринде жоролоруна кайрылып: «Кайдан келгенимди сураган жоксуңар го?», дейт. Жоролору: «Кайдан келдиңиз?» дегенде, «Бейиштин эшигинде турдум» дейт. Ал киши Каабанын чоргосунун (Миизаб) астында дуба кылып турганын көрүшкөн эле (Фаасий, Шифаа 1\218). Ал жерде «Оо кудайым! Сенин ыраазылыгыңды, бейишти сурайм. Өзүңдүн ырайымың менен тозоктон жана Сенин ачууңдан сактанам. Жаратканым! Өзүңө баш койдум Сенден үмүт кылдым, Сага тобокел кылдым. Ушул турган жерден күнөөлөрүбүздү кечирген абалда узата көр! Айыптарыбызды жашыра көр! Карыздарыбызды төлөгөнгө кудурет бере көр! Оорулууларыбызга шыпаа бере көр, Өзүңдүн мээримиң менен оо ырайымдуулардын ырайымдуусу!» деп дуба кылса көп жакшы болот.

Ибрахим алайхис саламдын макаамынын артында, намаздан кийин. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Ким жети мертебе Каабаны айланып, Макаамдын артында эки рекет окуса, замзам суусунан ичсе, канчалык күнөөсү болсо да кечирилет (Иттихааф 4\359). Ал жерде «Оо Кудайым! Ичимдеги сырымды, ашкере дүйнөмдү билесиң, үзүрүмдү кабыл кыл! Муктаждыгымды билесиң, сураганымды бер! Эмне кылганымды да билесиң, күнөөмдү кеч! Жүрөгүмө жанашчу ыйман сурайм, толук ынаным сурайм...», деп дуба кылганы макул.

Замзам суусун ичкенде. Пайгамбарыбыз алайхис салам: «Замзам суусу эмне үчүн ичилген болсо, дал ошол нерсе үчүн» (Ибн Маажа 3026) деп мээримин чачкан.

Арафа күнү Арафа өрөөнүндө Бешим намазынан тээ шам намазынын убагына чейин. Пайгамбарыбыз «Ажылык – Арафа» дегендиги жалпыга маалым.

Муздалифада

Шайтанга таш аткандан кийин.

Сафа тоосунда.

Марва тоосунда.

Сафа менен Марванын ортосунда жүгүргөндө.

Ташриик (курман айттан кийинки үч күн) күндөрү Мина өрөөнүндө....

Ылайым Кудайым ажылыгыңызды кабыл этсин. Хаж мабруур насип этсин. Дубаңызда элди, жерди акырында Сизге дуба кылып калган алсыз кызматчыңыз ушул саптардын ээсин да унута көрбөңүз.
БАКТЫЛУУЛУКТУН ФОРМУЛАСЫ pinned «Кара таш турган Рукн бурчу менен Каабанын эшигин ортосундагы аралык болгон Мултазамда. Азирети ибн Аббас мындай дейт: «Аллахка касам ичип айтам! Мултазамда кылган дубаларым сөзсүз кабыл болоор эле» (Табарий, Сиро 315, 316). Исмаил алайхис саламдын хижринде…»