ПОЭЗИЯ Бердибек Жамгырчиев
1.62K subscribers
229 photos
119 videos
8 links
Баары жакшы болот!
Download Telegram
Таң эрте салкын желиң жанга жагым,
Бир сырдуу келбетиңе таң каламын.
Турмушка туткун болгон кээ бир кезде,
Өзүңдөн кубат алып жанданамын.

Санаага баткан кезде муңдашымсың,
Сатпаган, сатылбаган курдашымсың.
Кайгыдан катуу азап чеккенимде,
Мазактап маңдайымда турбасың чын.

Далайдын аруулантып жүрөктөрүн,
Дартыма даба болгон мүрөк көлүм.
Өзүңдөн өөнөп алган дем-күч менен,
Мен азыр мейкин жолдо күрөштөмүн.
Жылдыз турду жанымда, жылдыз турду,
Көңүлүмдү башкага бургус кылды.
Жымыңдаган көздөрүн жумшак ирмеп,
Жылдыз аттуу жанымда бир кыз турду.

Назик үндөр акырын шыбырашкан,
Ысык сөздөр жүрөктү тыбыраткан,
Ак куу сымал ийилген моюнуңдан,
Жамгыр менен бир өптүм жылып аккан.

Жамгар жазбай жаай берди калыбынан,
өзүбүзчө алоолоп жанып улам.
Ошол суукту тоготпой ысып турдук,
Оттой ысык сүйүүнүн жалынынан.

Бир убакта суроо бар менде дедим,
Көктө болсо мекениң, жердегениң.
Бийиктикте менсинип жүрө бербей,
А сен эмне кызыктың жерге дедим...

Жылдыз айтты: «Эми сен менден билгин,
Махабатты мен дагы сезгендирмин.
Бийиктиктен теңимди таба албай,
Балким, жерге сени издеп келгендирмин».

деп жылдызым маңдайда турса жанып,
Магдыратты нурлары курчап алып.
Эң алгачкы тун сүйүүм көктөн келип,
Эрип турду жүрөгүм куйкаланып.

Сыр чечиштик бал-ширин кептер менен,
Батпай турдум ошондо эч жерге мен.
Ойлор учат жылдызга, ойлор учат,
Түбөлүккө бир жанып кетсем деген!
Бердибек Жамгырчиев
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Көңүлүм ооруп, көзүмдөн далай от учкан,
Жан билбес сырды жамгырлар гана окушкан.
Тирилер беле соолуган таза сезимдер,
Жүзүмдөн агып жүрөккө жетсе кокустан!
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Көксөп жүрүп биз күткөн алма бышып,
Турушчу эле сезимге арбалышып.
Атыр жыттар бөлүнүп алмалардан,
Ак сүйүүбүз кетүүчү андан ысып,

Куйкаланып бүт денем нак жалынга,
Сүйгөнүмө бой таштап жатканымда.
Магдыратып ансайын обон салчу,
Махабаттын музасы шактарыңда.

Сапарынан жанылбай күн өткөндө,
Сагынычтар байланып мүнөттөргө.
Айтып бүткүс махабат толчу чиркин,
Алма сындуу кыпкызыл жүрөктөргө!
Баткен менен Ошту ырга бөлөп келели😉 Баткенге биринчи жолу бара жатам, толкунданып, сүйүнүп🔥
Келиңиздер, сиздерди күтөбүз!
Мезгилдердин дирилдеп шамалына,
Көз алдымда саргайды кымбат жылдар.
Жакын келип аялуу жамалыңа,
Эх, коңур күз, сен менен сырдашкым бар..
Кайран көл, жапжашсың ээ кылым жашап,
Качанкы ачыла элек сырың жатат.
Ишенген көл сырдашы биз дегенсип,
Ийменип ак жылдыздар жымыңдашат.

Аруулук бүт өзүңө кошулгандай,
Арзууга ширелишкен отуң бардай.
Кайрадан кайтып келип, «Эх, көлүм!» – деп,
Алыкул жарпын жазып отургандай.

Көркөмүң чебер уздун боёгундай,
Сөөлөтүң карыянын жомогундай.
Сен өлбөс түбөлүктүү… А адамдар
күнүмдүк келип кетчү коногуңдай.

Жаштыгым сенде экенин билемин мен,
Жаныма жалын топтойм илебиңден.
Өмүрдө таянарым өзүң барда,
Ыр дүйнө тамып турат жүрөгүмдөн.

Толкунуң толкуп турса Ысык Көлүм,
Токтобой ыр куюлаар жүрөгүмдөн!
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Үмүттөрдүн бири учуп, бири конуп,
Жаңырамын мезгилдин үнү болуп.
Бакыт деген гүл менен суудай экен,
Бири соолуп, кайрадан бири толуп.

Убакытты тыйындай коротуппуз,
Ууз жылдарды турмушка тонотуппуз.
Керемет бир дүйнөнү эңсеп жүрүп,
Кереметтин далайын жоготуппуз.
Залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков жана жубайы Асылгүл апа!