_ɪᴅᴇᴀʟ ʙᴏʟ_ 🦋
249 subscribers
552 photos
222 videos
8 files
61 links
Кош келдиңиз🤗

🔰сиз издеген баракча; 🌸

📍мотивация;💡

📍цитата; 🔮

📍пайдалуу маалыматтар; 📚

📍кооз сүрөттөр; 🖼

📍видеолор; 💫
....
Download Telegram
Башкалар убактыларын жөн эле коротуп жатканда, СЕН ӨНҮК, АЛДЫГА ЖЫЛ, АРАКЕТ КЫЛ❗️

#мотивация
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Ар дайым жакшы адам бол!
Бирок муну башкаларга далилдөөнүн кереги жок.

#мотивация
Өзүңдү бийиктикте алып чыкчу жалгыз гана ӨЗҮҢСҮҢ

#мотивация
Үч нерсе эч качан кайра артка кайтпайт:
убакыт, сөз, мүмкүнчүлүк.
Ошондуктан: убакытты жөн коротпо, сөздү тандап сүйлө, мүмкүнчүлүктү коё бербе!
#цитата

https://t.me/idealbol210621
Жашоо— бул тепкич!
Түшүп келатканыңда уялып калбоо үчүн, чыгып баратканыңда ар бир жолукканың менен учурашып тур.
#цитата

https://t.me/idealbol210621
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
"Биз дүйнөнү өзгөрттүк,
дүйнө бизди өргөрттү".
#цитата

©Ч. Айтматов

https://t.me/idealbol210621
КАНТИП ЭС-ТУТУМДУ ЖАКШЫРТСА БОЛОТ

Эгер унутчаак болсоңуз же жаңы маалыматтар эсиңизде начар сактала турган болсо төмөнкү кеңештер сиздерге пайдалуу болушу мүмкүн.

1️⃣. Колуңуз менен жасаган нерсени үнүңүздү чыгарып коштоп айтып туруңуз Мисалы, үйдөн чыгып жатканда: "Мен газды текшердим, өчүк экен, лампаларды өчүрдүм, үтүктү карадым, ал өчүк, эшикти жакшы жаптым, ачкычты үч бурадым..." ж.б.д.у.с. Бир кыймыл аракет тууралуу сигналдар мээге ар-түрдүү сезүү органдарынан түшсө, бул кыймыл аракет же маалымат мээде бекемирээк сакталаары аныкталган. Мындай ыкманы маанилүү иштерди жасап жатканыңызда колдонгонуңуз туура болот.

2️⃣. Унутчаактыкты таштайм деп өзүңүзгө өзүңүз убада берип, аны сактоону эреже кылып алыңыз.
Жасай турган иштериңизди пландап дептерге жазып алыңыз. Жумушта же үйдө айланаңызда ким эмне кылганын эсте сактап калууга аракет кылыңыз.
Кечинде, төшөккө жатып уктаардын алдында эртеден кечке чейин эмне кылганыңызды эстегенди эреже кылып алыңыз. Кийинчирээк, тескерисинен кечтен тартып эртеге чейин болгон нерселерди эстегенге аракет кылыңыз. Бул эс-тутумга жакшы көнүгүү болуп эсептелет.

3️⃣. Ойго келген нерсени дароо жасап туруңуз Кимдир бирөөгө телефон чалуу керек экендигин эстедиңизби, дароо чалыңыз. Ойго бир нерсе келдиби, дароо жазып койгула. Кийинкиге калтырбаңыз.

4️⃣. Кол менен көбүрөөк жазганга аракет кылыңыз Маанилүү окуяларды, жолугушууларды, даталарды дептериңизге колуңуз менен калем кармап жазган туура болот. Эсиңизде жакшы сакталат.

5️⃣. Мээни "кереги жок" нерселерден тазалаңыз Мурда болгон, учурда өзгөртүүгө мүмкүн эмес болгон нерселер тууралуу ойлордон, тынчсыздануулардан арылууга аракет кылыңыз. Керексиз маалыматтар, эмоциялар мээге күч келтирип, эс-тутумду начарлатат. Мээни өзгөртүүгө мүмкүн болгон, пайдалуу нерселерге колдонгула. Жеңилдеп да каласыз.

6️⃣. Мээни такай машыктырып тургула Мээни булчуңдар сыяктуу эле машыктырып туруу зарыл. Алардын эң жөнөкөй жолдору - китеп окуу, шахмат же шашки ойноо, сканворд менен кроссворддорду чечүү.

7️⃣. Зарыл маалымат менен таанышкандан кийин 10 мунөт эс алыңыз.
Кайсы бир зарыл маалыматты эсте жакшы сактап калуу керек болсо, ал маалыматты алган соң же окуган соң 10 мүнөткө тыныгуу жасоо керек. Бул убакыт аралыгында керектүү маалыматтан сырткары эч бир башка маалыматты кабыл албоого аракет кылгыла - телевизорду көрбөгүлө, китеп окубагыла, социалдык тармактарга кирбегиле. Окумуштуулардын айтымында, бул ыкма маалыматты 10%га кеп жана узак убакытка эсте тутуп калууга жардам берет.
🏆 Ийгиликтүү болом десең:

🔰Башкалар мемиреп уктап жатканда сен окууңду улант;

🔰Кылаарга жумушу жок адамдар пайдасыз иштер эменен алек болуп отурганда сен иште;

🔰Башкалар оюн-күлкү куруп жүргөндө сен алдыдагы сынактарга даярдан

🔰Бекерчилер башкаларга сын тагып отурганда сен өзүңдү инвестиция кыл;

🔰Башкалар жөн эле каалап, кыялданып жаткан учурда сен кыялдарың үчүн кадам ташта...