_ɪᴅᴇᴀʟ ʙᴏʟ_ 🦋
240 subscribers
552 photos
222 videos
8 files
61 links
Кош келдиңиз🤗

🔰сиз издеген баракча; 🌸

📍мотивация;💡

📍цитата; 🔮

📍пайдалуу маалыматтар; 📚

📍кооз сүрөттөр; 🖼

📍видеолор; 💫
....
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
не каждый, кто достает вас из дерьма , ваш друг
_ɪᴅᴇᴀʟ ʙᴏʟ_ 🦋 pinned «Дүйшөмбү күнү мотивациялар;🔥 Шейшемби күнү цитаталар;🔮 Шаршемби күнү логикалык суроолор;🧠 Бейшемби күнү пайдалуу маалыматтар; 📚 Жума күнү ислам дини боюнча посттор;🫀❤️ Ишемби күнү ар кандай видеолор топтому; Жекшемби ар кандай эстетикалык сүрөттөр;🖼️ (Жекшемби…»
Жашоодо сени өйдөгө да, төмөндө да тарткан бир эле адам бар, ал сен "өзүң".
#мотивация


https://t.me/idealbol210621
Адам өз тагдыры өз колунда экендигине чын жүрөктөн ишенгенде гана тагдыр ага багынып берет..!
#мотивация

{Бийликте бол}
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
"Эки чоң сыйлык бар, адамдардын көбү анын баркын билишпейт. Булар: ден соолук жана бош убакыт."
#цитата
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Адамдагы эң сонун нерсе—акыл менен билим.
#цитата

https://t.me/idealbol210621
Если ты ищешь утешение своему разбитому сердцу ступай к Господу Своему, а не к людям🤎
#цитата
АДАМДАР ҮЧҮН МААНИЛҮҮ НЕРСЕЛЕР:⬇️
 
• Эркектер үчүн байлык эмес,  акылмандык маанилүү! 🧠

• Аялдар үчүн сулуулук эмес, мээрмандык маанилүү! 👩‍🦰

• Достукта куру сөздөр эмес, ишенич маанилүү!

• Мамиледе талап кылуу эмес, түшүнүшүү маанилүү! 👫

• Денеңде сымбаттуулук эмес, ден- соолук маанилүү! 🍎

• Кийим тандоодо кымбаты эмес, жарашыктуусу маанилүү! 👚

• Чыгармачылыкта канча чыгарма жазгандыгы эмес, кандай чыгарма жазгандыгы маанилүү! 📗

• Окууда баа алганы эмес, билим алганы маанилүү! 👂

• Билим алууда үйрөнүп алуу маанилүү эмес, аны турмушунда колдоно билүү маанилүү! 📖

• Кимдин кантип сүйлөгөнү эмес, сүйлөгөн сөзүндөгү ойдун данеги  маанилүү! 🗣

• Жушушта ким кандай кызматта иштегендиги эмес, кимдин кандай пайдалуу иш жасагандыгы маанилүү! 👩‍💻

• Кызматчынын айтканды так аткаргандыгы эмес, өз алдынча ойлонуп иш аткаргандыгы маанилүү! 👷‍♀

• Тамак ичкенде чүйгүндүүсү эмес, ден- соолукка жагымдуусу маанилүү! 🥘

• Сүйүүдө сүйүп калуу маанилүү эмес, сүйүүсүн сактай билүү маанилүү! ❤️

• Жашоодо кандай жашагандыгы эмес, кандай жакшы ишке өмүрүн арнагандыгы маанилүү!
ОЙЛОНУУНУ ТУУРА ҮЙРӨНҮҮНҮН 7 ЖОЛУ

📎 1. Эмне кылгыңыз келери жөнүндө ойлонуп жатканда башка жерге көчүп кетиңиз. (Кыймыл сезимдерди өзгөртөт, жана жаңы жайгашкан жер жаңы көз караш менен ойлонууга жардам берет.)

📎 2. Башка адамдын көз карашы боюнча, көйгөйүңүз жөнүндө ойлонуңуз (мүмкүнчүлүк!). Элестетип көрүңүз, кимдир бирөө сизге суктанып, эмне кылуу боюнча кеңеш берип жатат. (Бул тажрыйбаны талап кылат, бирок сиз ар кандай жоопторду алсаңыз болот.)

📎 3. Кыялдарыңыздын сүрөтүн тартыңыз. Анын кандайча угулуп, кандай сезилип, кандай жыттанып жаткандыгын элестетип көрсөңүз. (Биз 5 сезимибиз аркылуу баардыгына маани беребиз).

📎 4. Сиз каалаган нерсени жасаган адамды таап, андан кеңеш сураңыз. (Бул нерсени моделдөө деп аташат. Эгер алардын жасап жаткан иштери алар үчүн иштесе, анда эмне үчүн ал сизге иштебейт?)

📎 5. Ийгиликке жетүү сиз үчүн эмнени билдирерин аныктаңыз. (Сизге ийгиликтин башкача, салттуу эмес аныктамасын аныктоо керек болушу мүмкүн.)

📎 6. Сүйүктүү ишиңизди кантип баштоого болот деп көп ойлонуңуз. (Бул жөнүндө кандай ойдо экениңизди ойлонуңуз; адаттагыдай терс ойлорду өзгөртүңүз)

📎 7. Күл. (Юмор жаңы мүмкүнчүлүктөрдү эске алганда колдонулган терс ой жүгүртүү схемаларын өзгөртүүгө жардам берет.)
السلام عليكم و رحمه الله و بركاته

*Жума күнүңүздөр берекелүү болсун жакшылар*

Суроо: Жума намазы фарзбы
же важиппи же сүннөтпү?

Жооп: Жума намазы фарз. Бешим намазына караганда жума намазынын далили бекемирээк. Себеби жума күнү бешим намазы окулбайт. Жума намаз бешим намазынын орун басары.

Суроо: Жума намазы ар
бир мусулманга фарзбы?

Жооп: Жума намазы азат, балагатка жеткен, акылы жайында, ден соолугу чың эркектерге фарз. Балагатка жетпеген бала, кул, акылы
кем, ооруу, сокур, шал ошондой эле үзүрлүү, мусаапыр жана аялдарга фарз эмес.

Суроо: Эгерде мусаапыр, шал,
сокур ошондой эле аял, же оорулуу жума намазга шерик болсо, анын намазы болобу?

Жооп: Ооба, дурус болот жана бешим намазынын милдетинен кутулат.

Суроо: Жума намазы дурус болуш
үчүн кандай шарттар бар?

Жооп: Жума намазы дурус болушу
үчүн бир канча шарттар бар:

1)Жума намаз окула турган
жердин шаар жерде болуусу.

2)Бешимдин убагы болуу.

3)Намаздан мурда хутба окуу.

4) Жамаат болуу.

5) Изни ъаам (жалпы уруксат).

Ушул беш шарттар табылганда
гана жума намазы дурус болот.

Суроо: Хутба окуунун сүннөт жолу кандай?

Жооп: Намаздан мурда имам минбарга отурат жана анын алдында азанчы азан айтат. Азанчы азан айтып бүткөндөн кийин имам намаз окуган адамдарга карап туруп хутба окуйт. Биринчи хутбаны окуп бир аз отурат, андан кийин туруп экинчи хутбаны окуйт. Экинчи хутба бүткөндөн кийин имам минбардан түшүп михрабка келет жана азанчы такбир айтат. Андан кийин калган элдер туруп имам менен бирге намаз окушат.

Суроо: Хутбанын азаны
кайсы жерде болуу керек?

Жооп: Хутбанын азаны имамдын тушунда
болуу керек. Эгер азанчы минбардын
алдында же эки катардан кийин, же
мечиттин ичиндеги эң акыркы катарларда,
же мечиттен сыртта болсо да боло берет.

Суроо: Хутбаны араб тилинен
башка тилде окуса болобу?

Жооп: Араб тилинен башка бардык
тилде окуу макрух. Бирок, хутбанын
парздыгы аткарылат. Албетте сообу азаят.

Суроо: Хутба болуп жатканда
кайсы иштер дурус эмес?

Жооп: 1) сүйлөө. 2) Нафил же сүннөт намазын баштоо. 3) жеш. 4) Ичүү. 5) Бирөөнүн сөзүнө жооп берүү. Курани Каримди же башка нерсени окуу. Кыскасы имам хутба окууга ниет кылып баскан убактан баштап кайсы иш хутбаны
угууга тоскоолдук кылса алардын бары макрух.

Суроо: Жума намазы үчүн жамааттын
шарт болуусун кандай түшүнсө болот?

Жооп: Жума намазында имамдан башка
азында үч адам болуусу зарыл. Эгер үч
адам болбосо анда жума намазы дурус эмес.

Суроо: Изни ъаам дегенди
кандай түшүнсө болот?

Жооп: Изни ъаам дегендин мааниси
жалпы уруксат. Изни ъаамдан максат
бардык элдерге уруксат болуусу керек,
кыскасы ким кааласа келип намазга
кошула алса, ал эми бир гана өзгөчө
кишилер келип, каалаган ар бир адам
келе албаган жер болсо, ал жерде
жума намазы дурус эмес.

Суроо: Жума намазынын парзы канча ракет?

Жооп: Эки рекет. Намаздын башында,
же бир рекеттен кийин же акыркы
каъдада кошулса да эки рекет гана окуйт.

Ислам таалимдери

*Катталуу үчүн* ⤵️

🕋 *_БЕЙИШ ЖОЛУ_* 🇰🇬

*WhatsApp* 🧕🏻👳🏻‍♀

+996778221993 🇰🇬

*Инстаграм*

https://www.instagram.com/beyish__jolu/

*____________________________________*

*Макаланы башка бир Мусулман бир тууганга жиберүүнү кааласаңыз анда эч нерсесин өзгөртпөстөн жибериңиздер АМАНАТ*
السلام عليكم و رحمه الله و بركاته

*Билип жүргүн*

Кичинекей баланы өйдө ыргытсаң күлөт. Анткени ал, сенин жерге түшүрбөй кармап калаарыңа толук ишенет. Бул кичинекей баланын сага болгон ишеними. Сен да Аллага терең ишеничте бол! Эгер тагдыр сени, өз жебеси менен атса, Алла Таала сени тагдырдын жебесинен сактаарына толук ишен!

Алла Таала байлык берген адамга көрө албастык кылба. Анткени сен, Алла Таала ал пенденин эмнесин алганын билбейсиң. Эгерде Алла Таала сенден бир нерсеңди алып койгон болсо кайгырба. Анткени, сага анын ордуна эмне берээрин билбейсиң. Кандай абал болсо да дайыма Аллага шүгүр айт.

Динар - Алтындан болгон акча бирдиги.

Эмне үчүн динар динар деп аталып калган?

Ислам аалымы динардын динар деп аталып калуусунун себебин төмөнкүчө түшүндүрөт: "Дин (дин), Наар (Тозок) деген сөздөн турат. Ким динарды, акчаны адал жолдон тапса, ага дин, бейиш. Ким аны арам жолдон тапса, ага наар, тозок.

Атанын кайрылуусу:

Оо, балдарым! Менин амалдарым, ибадаттарым, сооп иштерим токтоду. Эми үмүтүм силерсиңер. Силердин менин атымдан берген садагаларыңар, мени кубантат, мага кылган дубаларыңар, менин даражамды көтөрөт. Мен кабырда жалгызмын, мени дубаңарда унутпагыла. Силердин бардык жакшы амалдарыңардын сообу, мага жетип турат.

Эгер акыйкатты жана кооздуктарды көргөн көзүң болсо, адамдардын кемчиликтерин кечирген жүрөгүң болсо, акыйкатка жетелеген акылың болсо, жакшы ой-максат, үмүткө толгон рухуң, жан-дүйнөң болсо, анда сен эң бактылуу адамдардын катарын толуктайсың.

Абдишүкүр ажы Нарматов

*Катталуу үчүн* ⤵️

🕋 *_БЕЙИШ ЖОЛУ_* 🇰🇬

*WhatsApp* 🧕🏻👳🏻‍♀

+996778221993 🇰🇬

*Инстаграм*

https://www.instagram.com/beyish__jolu/

*____________________________________*

*Макаланы башка бир Мусулман бир тууганга жиберүүнү кааласаңыз анда эч нерсесин өзгөртпөстөн жибериңиздер АМАНАТ*
حرام
•не смотри на запретное•
•рассказывайте человеку как вы его любите и как он вам дорог•
это Сунна!