Ислам дини🕊
282 subscribers
103 photos
131 videos
7 files
37 links
Аллахтын раазычылыгын табуу.
Download Telegram
Кийгени Узун, аппак жоолук салынат,
Көңүлчөөк дос-курбулардан арылат.
Куран окуп, таза тутуп жүрөктү,
Ыйман менен, даагы үстүнөн жамынат.

Бир көз көрбөй, жерге карап басышат,
Бий-күлкүгө жакындабай качышат.
Билгин алар адеп-ахлак үлгүсү
Жакын досту жүз нурунан табышат.

Хиджап жалгыз жаппайт аны билип жүр,
Алар баарын ыйман менен жабышат!!!
Бүгүнкү майрамыңыздар менен аруузат айымдар!🧕🌹🌹
Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү ким тарабынан, кантип белгиленип калганын билесизби?
Назма Хан.
"Мен анда 11 жашта элем. Үй-бүлөм м-н Бангладештен Америкага көчүп бардык. Биз ал жактан жаңы жашоо, жетишкендик, эркиндикти табабыз деп ойлогонбуз. Бирок баары тетиринен болуп чыкты. Мен эч качан ойлогон эмес элем, менин башымдагы жөнөкөй жоолук, кысымдын себепчиси болот деп, жана эч ким ойлогон эмес. Мектептен мени кысымга алып, кордоп, таш ыргытып, бир канча жолу жолугумду чечип жерге таштап тебелеп, жана ага түкүрүп салышчу болду. Классташтарымдын бул мамилеси мен мектепти аяктаганга чейин уланды. Мугалимдер мага болушуп, менин укугумду коргогондун ордуна кайра мени окуучуларга кошулуп алып шылдыңдашчу...Мага ар дайым " сен өмүрүндө бир жолу жакшынакай кийинип көрдүң беле?"-деген суроону узатышчу.
Эсимде бир жолу мени 10-15 эркек балдар тегеректеп алып жоолугумду чечип алып, айрып салышкандары..(Назма бул сөздү айтып жатып тамагы буулуп ыйлап жиберди) .Менде бир гана жол бар эле, мектептен кетиш, бирок бул туура эмес болчу.Ошол себептүү мен мектепти эң жакшы аяктадым да универге тапшырдым. Бирок, сентябрдагы террордук жардыруудан соң, мусулмандарды кысымга алуу башталган, анан дагы, менин башымдагы хиджаб так айтып турган, бул мусулман деп! Андыктан менин ар бир күнүмдү коркунуч ээлеп алды. Ар баскан кадамымда качан мени америкалыктар өлтүрүп кетишет, качан милиция келип кармап кетет ж.б.у.с ойлор менин акылымды алып койду.
Арадан көп өтпөй мен 2011-жылдын 12-октябрында Ютуб аркылуу онлайн баракча ачтым.Анын максаты дүйнөдөгү хиджабдан улам кысымга кабылган кыздарга кеп кеңеш берип, конфликттен качууга көмөк көрсөтүү эле. Мага электрондук каттар өтө көп келе баштады. Кээ бирин окуганга жетишпей калчумун. Баары бирдей, окшош эле, баарында тең бийлик, коом жоолуктун айынан кандай кордук көрсөтүп жатканы тууралуу болчу. Арасынан эсимде сакталып калганы 14 жашаар Улуу Британиялык Алия аттуу кыздын каты болгон. Ал катында " менин жоолугума балдар сагыздарын чайнап туруп түкүрүп салышты"-деп жазган. (Назма сөзүнүн бул жерине келгенде оор үшкүрүнүп алды.)
Мына ошондо мен ойлоно баштадым, кантип жардам берем, канткенде дүйнө элине жоолук жаман нерсе эмес экенин айтып жеткирем деп. Акыры мага бир идея келди.Эгер ар бир аял заты бир күн болсо да бир жолу жоолук салынып биздин(жоолукчандардын) ордунда болуп калса бизди түшүнөт беле, бирок муну кантип ишке ашыруу керек?
2013-жылдын 21-январында бүткүл дүйнө элинин аял затына Фейсбук, Ютуб каналдары аркылуу "World hijab day.com" деген баракча ачып кайрылуу жасадым." Сиздерди болгону 2013-жылдын 1-февралында өмүрүңүздордо биринчи жолу жоолук салынып корушунуздорду суранам!"
Мына ошентип менин кайрылуум дүйнө элине жетти, дүйнөнүн булуң бурчунан мага каттар келе баштады, "Мен өзүм христианмын, бирок 1-февраль күнү хиджаб кийип көрөм." "Мен динге такыр ишенбейм, бирок мусулмандарды сыйлайм, ошол себептүү мен да жоолук салынып көрөм" ж.б.у.с. каттар жамгырдай жаап жатты.....
Сөзүмдүн аягында эмне деп айтам, Аллахым адилеттүү! Жана бизге кечиримдүү болушубузду буйруган!"-дейт Назма Хан.
Бул макалам м-н менин айткым келген нерсе, ыйык деп билген жоолукка татыктуу бололу эже- сиңдилерим! Себеби биз Ислам дининин күзгүсүбүз, биз бул таза диндин чагылдырылышыбыз!Биздин ар бир кадам, ар бир жүрүм-турум үлгү алаарлык деңгээлде болууга тийиш.Анткени Ислам дини өзү үлгүлүү дин.
Ар бир аял затын Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү м-н куттуктайм, Аллахым өмүрүңүздорго береке берип, арышыныздарды кенен, ийгиликтүү кылсын, оомииииийн!
Текстти которуп, даярдаган: Сезим Нургазы кызы.
ЖУМА_КҮНДӨРДҮН СУЛТАНЫ

⚜️Жума күнү, кадырман мусулмандар, күбө болуучу жана күбө болунуучу күн. Т.а. ким жума намазында болсо, бул намаз ага күбөлүккө өтөт, ким үзүрсүз жума намазында болбосо, ага каршы күбөлүккө өтөт о.э. эшиктер алдында турган Периштелер да күбө.

⚜️Чынында, Аллах күндү башка жылдыздардан абзел кылганы сыяктуу, бул күндү башка күндөрдөн абзел кылды.

Ибн Коййим айткандай, *_жума күнү ибадат күнү, айлар ичинде рамазан канчалык даражада болсо, жума да күндөр ичинде ошончолук даражада._* Бул күндөгү дубалар ижабат боло турган саат рамазандагы кадр түнү сыяктуу. Ошондуктан, кимдин жумасы туура жана саламат болсо, калган аптасы да саламат болот, кимдин рамазаны туура жана саламат болсо, ошол жылынын калганы да саламат болот, кимдин ажылыгы туура жана саламат болсо, өмүрүнүн калганы да саламат болот, демек, жума күнү калган аптанын таразасы, рамазан калган жылдын таразасы, ажылык калган өмүрдүн таразасы» («Задул маад» китебинен).

⚜️Аллах Табарака ва Таала Үммөткө өзгөчө нерселерди, улуу абзелдиктерди берди. Аллах яхудийлерди жана насранийлерди жума күнүнөн адаштырган соң, ушул күндү Үммөткө таандык кылып берди.
Абу Хурайра дан риваят кылынат, Расулуллах с.а.в мындай дейт: «Аллах бизден мурункуларды жума күнүнөн адаштырды. Яхудийлердин ишемби күнү, насранийлерди жекшемби күндөрү бар эле. Аллах бизге жума күнүн алып келди, ага бизди Өзү хидаят кылып, жума, ишемби, жекшемби күндү жаратты. О.э. яхудий жана насранийлер бизге кыямат күнүндө да ээрчишет, биз дүйнө калкынан башкабыз, кыямат күнү биз биринчи болобуз» (Имам Муслим риваяты).

⚜️ Ушул күндө эч бир күндө жамдалбаган фазилеттер жамдалган, ушул себептен улам, ал күндөрдүн абзели.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте Расулуллах с.а.в мындай дейт: *«Күн нурун чачкан эң жакшы күн жума күнү»* (Имам Муслим риваяты).

Жума кунүнүн фазилеттери туурасында Анас ибн Малик мындай хадис риваят кылат: *«Расулуллах с.а.вга жума тартуу кылынды, аны Жабраил алаканында алып келди, ал кудум ортосунда чекити бар айнек сыяктуу эле. Бул эмне, эй Жабраил, деп сурады, бул жума күнү, Роббиң аны сен жана сенин артыңдан Үммөтүң майрамдашсын деп сага буйруду, анда силер үчүн жакшылык бар, сен алдыңкы болосуң, яхудий жана насранийлер сенден кийин болушат. Бул күндө ушундай саат бар, кимде-ким ошол саатта Роббиге өз тагдырында болгон бирер жакшылыкты дуба кылып сураса, албетте берет, же бирер жамандыктан баанек сураса, албетте бул жамандыктан да чоңураак жамандыкты андан арылтат, биз акыретте бул пендени мазид күнүнө (Аллахты көрө турган күнгө) чакырабыз»* (Табароний сахих санад менен риваят кылган).

Аллах ушул мубарек күндү башка күндөрдөн өзгөчө кылды. Бул күндүн өкүмдөрүнөн: – Аллах Таала Өзүнүн ушул сөзүнө ылайык, жума намазына экинчи жолу азан айтылышы артынан соода-сатык кылууну арам кылды: *«Эй момундар, жума күнү намазга чакырылганда дароо Аллахты зикир кылууга (жума намазын окууга) шашылгыла жана соода-сатыкты токтоткула» [62:9]*

Демек, инсанды жума намазына катышуудан кечиктире турган же андан алек кыла турган ар кандай амал арам, бул амал соодасатык болушунун же келишим жана мамилелер о.э. инсанды жума намазынан алек кыла турган амалдар болушунун айырмасы жок. – Жума күнүндө имам бамгымдат намазында сураи сажда менен сураи инсанды толук окушу мустахаб, Набий а.с ушундай кылган. – Өзүнчө жума күнүнө даярданып орозо кармоо же киямул лайл кылуу арам.


АЙКЫН МЕДИЯ ИСЛАМ
═══════════════
_*🔖instagram.com/aikyn.media*_
_*🔖t.me/aikyn_media_174147*_
_*🔖youtube.com/c/AikynMedia*_
🥏 _*WhatsApp:⤵️*_
_*🔖https://wa.me/996700246710*_