Ислам дини🕊
273 subscribers
103 photos
131 videos
7 files
37 links
Аллахтын раазычылыгын табуу.
Download Telegram
ЖУМА_КҮНДӨРДҮН СУЛТАНЫ

⚜️Жума күнү, кадырман мусулмандар, күбө болуучу жана күбө болунуучу күн. Т.а. ким жума намазында болсо, бул намаз ага күбөлүккө өтөт, ким үзүрсүз жума намазында болбосо, ага каршы күбөлүккө өтөт о.э. эшиктер алдында турган Периштелер да күбө.

⚜️Чынында, Аллах күндү башка жылдыздардан абзел кылганы сыяктуу, бул күндү башка күндөрдөн абзел кылды.

Ибн Коййим айткандай, *_жума күнү ибадат күнү, айлар ичинде рамазан канчалык даражада болсо, жума да күндөр ичинде ошончолук даражада._* Бул күндөгү дубалар ижабат боло турган саат рамазандагы кадр түнү сыяктуу. Ошондуктан, кимдин жумасы туура жана саламат болсо, калган аптасы да саламат болот, кимдин рамазаны туура жана саламат болсо, ошол жылынын калганы да саламат болот, кимдин ажылыгы туура жана саламат болсо, өмүрүнүн калганы да саламат болот, демек, жума күнү калган аптанын таразасы, рамазан калган жылдын таразасы, ажылык калган өмүрдүн таразасы» («Задул маад» китебинен).

⚜️Аллах Табарака ва Таала Үммөткө өзгөчө нерселерди, улуу абзелдиктерди берди. Аллах яхудийлерди жана насранийлерди жума күнүнөн адаштырган соң, ушул күндү Үммөткө таандык кылып берди.
Абу Хурайра дан риваят кылынат, Расулуллах с.а.в мындай дейт: «Аллах бизден мурункуларды жума күнүнөн адаштырды. Яхудийлердин ишемби күнү, насранийлерди жекшемби күндөрү бар эле. Аллах бизге жума күнүн алып келди, ага бизди Өзү хидаят кылып, жума, ишемби, жекшемби күндү жаратты. О.э. яхудий жана насранийлер бизге кыямат күнүндө да ээрчишет, биз дүйнө калкынан башкабыз, кыямат күнү биз биринчи болобуз» (Имам Муслим риваяты).

⚜️ Ушул күндө эч бир күндө жамдалбаган фазилеттер жамдалган, ушул себептен улам, ал күндөрдүн абзели.
Абу Хурайра риваят кылган хадисте Расулуллах с.а.в мындай дейт: *«Күн нурун чачкан эң жакшы күн жума күнү»* (Имам Муслим риваяты).

Жума кунүнүн фазилеттери туурасында Анас ибн Малик мындай хадис риваят кылат: *«Расулуллах с.а.вга жума тартуу кылынды, аны Жабраил алаканында алып келди, ал кудум ортосунда чекити бар айнек сыяктуу эле. Бул эмне, эй Жабраил, деп сурады, бул жума күнү, Роббиң аны сен жана сенин артыңдан Үммөтүң майрамдашсын деп сага буйруду, анда силер үчүн жакшылык бар, сен алдыңкы болосуң, яхудий жана насранийлер сенден кийин болушат. Бул күндө ушундай саат бар, кимде-ким ошол саатта Роббиге өз тагдырында болгон бирер жакшылыкты дуба кылып сураса, албетте берет, же бирер жамандыктан баанек сураса, албетте бул жамандыктан да чоңураак жамандыкты андан арылтат, биз акыретте бул пендени мазид күнүнө (Аллахты көрө турган күнгө) чакырабыз»* (Табароний сахих санад менен риваят кылган).

Аллах ушул мубарек күндү башка күндөрдөн өзгөчө кылды. Бул күндүн өкүмдөрүнөн: – Аллах Таала Өзүнүн ушул сөзүнө ылайык, жума намазына экинчи жолу азан айтылышы артынан соода-сатык кылууну арам кылды: *«Эй момундар, жума күнү намазга чакырылганда дароо Аллахты зикир кылууга (жума намазын окууга) шашылгыла жана соода-сатыкты токтоткула» [62:9]*

Демек, инсанды жума намазына катышуудан кечиктире турган же андан алек кыла турган ар кандай амал арам, бул амал соодасатык болушунун же келишим жана мамилелер о.э. инсанды жума намазынан алек кыла турган амалдар болушунун айырмасы жок. – Жума күнүндө имам бамгымдат намазында сураи сажда менен сураи инсанды толук окушу мустахаб, Набий а.с ушундай кылган. – Өзүнчө жума күнүнө даярданып орозо кармоо же киямул лайл кылуу арам.


АЙКЫН МЕДИЯ ИСЛАМ
═══════════════
_*🔖instagram.com/aikyn.media*_
_*🔖t.me/aikyn_media_174147*_
_*🔖youtube.com/c/AikynMedia*_
🥏 _*WhatsApp:⤵️*_
_*🔖https://wa.me/996700246710*_
Ассаляму алейкум кандайсыздар достор актив Корсотуп койгулачы лайк басып, комментарии жазып коюнуздарчы канча комментарии болгону айырмасы жок😊
☘️ _*ТАНДАЛГАН ХАДИСТЕР*_ ☘️

Абу Хурайра (разияллoоху анху)дан риваят: _“Пайгамбар (cаллаллооху алайхи ва саллам) бир аскерди бир жакка жөнөттү эле, aлap аз убакыттын ичинде көп олжо менен келип калышты. Бир сахаба:_ *“Оо, Алланын элчиси! Биз мындай олжо малын тез Бириңер алып келген аскерди көргөн эмес элек» - деди. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Мен силерге мындан да тез, мындан да көп олжо менен келе турган киши жөнүндө айтып берейинби? Ал ким, үйүнөн дааратты жакшылап алып мечитке барып. Мечитте таңкы (багымдат) намазын окуп, андан соң (күн чыкканда) «ишрок» намазын окуса, мына бул киши көп олжо тапкан болот”* (Абу я'ла, Мажма'у завааид).

🍃☘️🍃☘️🍃☘️🍃☘️🍃☘️🍃

Абу Зар (разияллооху анху)дан риваят: _“Пайгамбар (саллаллооху aлайхи ва саллам) айтат:_ *“Таңга маал күн сайын адам баласы денесинин ap бир мүчөсү (мууну) үчүн садака бериши керек. «Субхааналлах»- садака, «Алхамдулиллах»-садака, «Лaа илааха иллаллоох» -садака, «Аллааху акбар»- саадака. жакшылыка чакыруу-садака, жамандыкты тыюу-садака. Алардын баарына садака ирээтинде «Зуха» намазынын эки ирекети жетиштүү”* (Муслим).

📘 *Тандалган хадистер*

_Бизге катталыңыз!_☟︎

🕋*ҮММӨТ МЕДИА*🕋
---------------------------------
📍https://instagram.com/ummot_media
📍https://t.me/ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍https://wa.me/996709497774
*Ар түрдүү кыйынчылык жана кайгыны жок кылуу үчүн окулуучу дуба*

رَبِّ اِنِّي لِمَا اَنْزَلْتَ اِلَيَّ مِنْ خَيْرٍ فَقِيرٌ

*Окулушу: Робби иннии лимаа аңзалта илаййа мин хойриң факиир.*

*Мааниси:* Оо, Роббим! Албетте, мен сенин мага берген ар бир жакшылыгыңа муктажмын.

АЙКЫН МЕДИЯ ИСЛАМ
═══════════════
_*🔖instagram.com/aikyn.media*_
_*🔖t.me/aikyn_media_174147*_
_*🔖youtube.com/c/AikynMedia*_
🥏 _*WhatsApp:⤵️*_
_*🔖https://wa.me/996700246710*_
Forwarded from ТИЛМЕЧ
Forwarded from ТИЛМЕЧ
№375

БҮТКҮЛ АДАМЗАТТЫН АТАСЫ КИМ?
Anonymous Quiz
5%
Нух
87%
Адам
3%
Хава
5%
Ибрахим
Forwarded from ТИЛМЕЧ
№376

АДАМ АТА ЭМНЕДЕН ЖАРАТЫЛГАН?
Anonymous Quiz
4%
Абадан
3%
Суудан
92%
Ылайдан
2%
Таштан
*​​🔴 АЛЛАХТЫН КААРЫН КЕЛТИРГЕН ЭҢ ЖАМАН САПАТ*

Ибну Кудама (رحمہ الله تعالــﮯ) айтты:

«Гыйбат кылган адам билсин, ал башка адамды ушактоо менен Аллахтын каарына калат жана кылган жакшылык иштеринин сооптору ушактап жаткан адамга берилет. Эгерде анын бере тургандай жакшылык иштери жок болсо, анда тигил адамдын күнөөлөрүнөн алат. Ким мунун маанисин терең түшүнгөн болсо, анда ал тилин гыйбаттан тыят.

Эгерде ал ушактай тургандай абалга туш болуп калса, анда биринчи эле өзүнүн айыптары тууралуу ойлонсун, аларды оңдоо менен алек болсун. Өзүндө айыптары болуп туруп, башканы айыптагандан уялсын. Өзүн айыпсыз деп ойлосо да ушундай кылсын.

Ошондой эле Аллахтын ага берген жакшылыктарына шүгүр кылуу менен алектенсин. Жан дүйнөсүн ушактоо деген эң жаман сыпат менен булгабасын. Бирөө аны ушактаганын жаман көргөн сыяктуу өзү да башкаларды ушактоону жаман көрсүн». ("Мухтасар минхаж аль-Коосидин", 171-бет)