Ислам дини🕊
275 subscribers
103 photos
131 videos
7 files
37 links
Аллахтын раазычылыгын табуу.
Download Telegram
​​🔴 АДАМДЫН ИЧКИ ДҮЙНӨСҮ БУЗУК БОЛСО, АНДА АНЫН СЫРТКЫ ДҮЙНӨСҮНҮН СУЛУУЛУГУ ЭЧ ПАЙДА БЕРБЕЙТ

Ибну аль-Жаузи, рахимахуллах, айтат:

«Аллахка касам ичем, мен кээ бир адамдарды көрдүм, алар намазды көп окушат, орозо көп кармашат, ашыкча сүйлөшпөйт, жүргөнү да, кийгени да жупуну, бирок ага карабастан адамдар алардан алыстап качышат жана адамдардын алдында да кадыр-баркка ээ эмес.
 
Ошондой эле кээ бир адамдарды көрдүм, алар дайым кычырап кийинип жүрүшөт, анчалык деле кошумча ибадат кылышпайт, жупуну да жүрүшпөйт, бирок ага карабастан адамдардын жүрөктөрү аларга тартылып ашыгып турат.
 
Ошондо мен мунун себеби эмне экендиги тууралуу аябай ойлондум. Анан анын себеби адамдын ички дүйнөсүнө гана байланыштуу экенин билдим. Кимде-ким ички дүйнөсүн оңдосо, анда анын асыл сыпаттарынын жыпар жыты аңкып, ал башка адамдарга да таркайт экен.
 
Андыктан ички дүйнөңдө Аллахка гана, Аллахка гана бет ал! Чындыгында адамдын ички дүйнөсү бузук болсо, анда анын сырткы дүйнөсүнүн сулуулугу ага эч пайда бербейт». ("Сайд аль-Хатир", 355-бет)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Абу Хурайрадан (р.а)риваят,Пайгамбарыбыз(с.а.в)айтты:"Силер баарыңар Бейишке киресиңер?Бирок кимдер менден баш тартса алар кирбейт".Сахабалар (р.а)сурашты:"Ким сизден баш тартат?"Пайгамбарыбыз(с.а.в) айтты:"Ким мага баш ийсе ал бейишке кирет.Ал эми ким мага эргешпесе ал баш тартты."Б.а. менин сүннөтүмө эргешпесе бейишке кирбейт.
(Сиро 11т.,434б.)

@islamga_kyzmat
Ияз Хаммад (р.а) айтат:Пайгамбарыбыз (с.а.в)айтты:"Аллах Таала мага вахий (кабар) жөнөттү.Силер кичипейилдикти ыктыяр кылгыла,бири-бириңерге үстөмдүк кылбагыла жана бири -бириңерге ашыкча текеберчиликке барбагыла".1535

@islamga_kyzmat
Channel photo removed
Channel photo updated
Мааниси:Бул хадистин мааниси-силердин келбет,турпатыңарды,ата -тегиңер кандай,кайсы уруудансыңар,кайсы топтонсуңар дегенге карабайт.Бирок,жүрөктү карайт.Канчалык ыкылас бар,канча ыкылас менен амал болуп жатат,дүйнө максатындабы,же Аллахтын ыраазычылыгындабы?Эгер Аллахты ыраазы кылуу үчүн болсо,ал кабыл алынып,сыйлыктар берилет.Эгер башка бир максатта болсо,Акыретте ага эч бир нерсе жок жана дүйнөдө да анын жакшы натыйжалары болбойт.
Куран Каримде мындай деп айтылат:

"Зынанын ашкерисине да, көмүскөсүнө да жакындабагыла!".

🔖 Куран [Анъам сүрөсү, 6/151].

☝🏼 Бул жерде зынанын түрлөрү - өбүшүү, кармалоо жана тиктешүү тууралуу да айтылып жатса керек.

🔵 Пайгамбарыбыз [саллаллаху алейхи ва саллам]:
"Колдор, буттар, көздөр да зына кылышат". деген.

🔖 Хадис [Абу Дауд, 2152; Ахмад бин Ханбал, 8321].

🟣 Аллах Таала эркектерди да, аялдарды да арамга кароодон тыйган. Улуу Жараткан бир топ аяттар менен зынан арам кылган:

"Зына кылгандар оор  азапка тартылышат".

🔖 Куран [Фуркан сүрөсү, 25/68].

🔵 Пайгамбарыбыз [саллаллаху алейхи ва саллам] мындай дейт:

"Зынадан сактангыла. Анткени аны бул дүйнөдө үч, акыретте үч болуп, жалпысынан алты апааты бар.

Бул дүйнөдөгүлөр:

▪️ 1 - Ырыскыны кемитет;
▪️ 2 - Омүрдү кыскартат;
▪️ 3 - Адамды жер каратат.

Акыреттеги апааттары төмөнкүлөр:

🔺 1 - Аллах Тааланын азабына себеп болот;
🔺 2 - Катуу суракка кабылтат;
🔺 3 - Тозокко жол ачат."

© "Жүрөктөрдүн ачкычы"  китебинен
Алладан башка иллах жок, Мухаммед алланын элчиси.
https://t.me/Me_cca
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
АБДУЛЛО бин Ъувн (р.а)айтат:"Ата-энеге карап коюу дагы ибадат ".1959