Ислам дини🕊
275 subscribers
103 photos
131 videos
7 files
37 links
Аллахтын раазычылыгын табуу.
Download Telegram
Мааниси:Бул хадистин мааниси-силердин келбет,турпатыңарды,ата -тегиңер кандай,кайсы уруудансыңар,кайсы топтонсуңар дегенге карабайт.Бирок,жүрөктү карайт.Канчалык ыкылас бар,канча ыкылас менен амал болуп жатат,дүйнө максатындабы,же Аллахтын ыраазычылыгындабы?Эгер Аллахты ыраазы кылуу үчүн болсо,ал кабыл алынып,сыйлыктар берилет.Эгер башка бир максатта болсо,Акыретте ага эч бир нерсе жок жана дүйнөдө да анын жакшы натыйжалары болбойт.
Куран Каримде мындай деп айтылат:

"Зынанын ашкерисине да, көмүскөсүнө да жакындабагыла!".

🔖 Куран [Анъам сүрөсү, 6/151].

☝🏼 Бул жерде зынанын түрлөрү - өбүшүү, кармалоо жана тиктешүү тууралуу да айтылып жатса керек.

🔵 Пайгамбарыбыз [саллаллаху алейхи ва саллам]:
"Колдор, буттар, көздөр да зына кылышат". деген.

🔖 Хадис [Абу Дауд, 2152; Ахмад бин Ханбал, 8321].

🟣 Аллах Таала эркектерди да, аялдарды да арамга кароодон тыйган. Улуу Жараткан бир топ аяттар менен зынан арам кылган:

"Зына кылгандар оор  азапка тартылышат".

🔖 Куран [Фуркан сүрөсү, 25/68].

🔵 Пайгамбарыбыз [саллаллаху алейхи ва саллам] мындай дейт:

"Зынадан сактангыла. Анткени аны бул дүйнөдө үч, акыретте үч болуп, жалпысынан алты апааты бар.

Бул дүйнөдөгүлөр:

▪️ 1 - Ырыскыны кемитет;
▪️ 2 - Омүрдү кыскартат;
▪️ 3 - Адамды жер каратат.

Акыреттеги апааттары төмөнкүлөр:

🔺 1 - Аллах Тааланын азабына себеп болот;
🔺 2 - Катуу суракка кабылтат;
🔺 3 - Тозокко жол ачат."

© "Жүрөктөрдүн ачкычы"  китебинен
Алладан башка иллах жок, Мухаммед алланын элчиси.
https://t.me/Me_cca
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
АБДУЛЛО бин Ъувн (р.а)айтат:"Ата-энеге карап коюу дагы ибадат ".1959