Ислам дини🕊
275 subscribers
103 photos
131 videos
7 files
37 links
Аллахтын раазычылыгын табуу.
Download Telegram
Forwarded from ТИЛМЕЧ
​​🔴 ООЗ АЧУУНУН СҮННӨТКӨ ЫЛАЙЫК 9 ЖОЛУ

❒ Ооз ачардан алдын дуба кылуу. Сүннөттө келген дубаларды айткан жакшы. Эгер арабча дубаларды билбесе, анда кыргызча эле жакшы ой-тилектерин сурап дуба кыла берсе болот. Анткени орозо кармаган адамдын, айрыкча ооз ачар маалда кылган дубасы сөзсүз кабыл болот.

❒ Ооз ачар убактысы киргенде кечиктирбестен эрте ачуу. Пайгамбарыбыз ﷺ оозду өз убактысында ачууга буйруган.

❒ «Аллаху акбар» деп азан айтылып башталары менен оозду ачуу. Азандын бүтүшүн күтүш шарт эмес. Анткени ооз ачар убактысы кирери менен азан айтылат.
 
❒ Ооз ачардан алдын «бисмиллах» деп айтып, андан кийин жаңы бышкан же кургатылган курма менен ачуу. Эгер курма болбосо, анда суу менен ачат. Эгер курма да, суу да болбосо, анда каалаган тамак-аш менен ача берсе болот.

❒ Оозду ачкандан кийин ушул дубаны айтуу керек:

«Захабаз зома-у уабталлатиль уъруук уа сабаталь ажру ин шаа Аллах (Чаңкоолук кетти, тамырлар нымышып суу жетти жана Аллах кааласа сооп-сыйлык да анык болду)».

⚠️ Пайгамбарыбыз ﷺ ооз ачар дубасын ооз ачкандан кийин айткан. Бизде көпчүлүк адам бул дубаны ооз ачардан алдын айтат. Сүннөт боюнча «бисмиллах» деп оозун ачып, андан кийин ооз ачар дубасын айтуу керек.

❒ Курма же суу менен оозун ачкандан кийин азанчынын айтканын кошо кайталоо.

Азан бүткөндө азандын дубасын айтуу.

❒ Андан соң туруп шам намазын окуу. Себеби пайгамбарыбыз ﷺ оозун курма же суу менен ачкандан кийин дасторконго отурбастан биринчи шамды окуган, андан кийин келип шашпай тамактанган. Анткени шамды окуп бүткүчө ашказан тамакты кабыл алууга даяр болот. Ушундай кылуу ден-соолукка пайдалуу.

❒ Кайсы бир жерге ооз ачууга барса, анда ооз ачып бүткөндөн кийин үй ээсине жакшылыктарды тилеп дуба кылуу сүннөт болуп саналат.


ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз
Forwarded from ТИЛМЕЧ
Бул зикир мусулман үчүн эң зарыл болгон зикирлердин бири. Күнүгө эң кеминде 100 жолу айтуу керек. Эң жакшысы багымдаттан кийин айтылганы. Эгерде ал убакта айтууга мүмкүнчүлүгү болбосо, анда күндүзү каалаган убакта айта берет.

Ким бул зикирди күнүгө айтып жүргөн болсо, анда ага күн бою жин-шайтандар зыян бере албайт жана жин кирбейт. Ал эми башка сооптору тууралуу сүрөттөгү (https://t.me/tilmech/1207) хадисте айтылды.

Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech
Мээримдүү, Ырайымдуу

Аллахтын аты менен

الجواب حامدا و مصليا
Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!

Аялдардын жыныс мүчөсүнөн чыккан түзсүз суюктукту аалымдар үч түргө бөлүшкөн:

❤️ 1)     Аялдардын жыныстык мүчөсүнүн сырт жагы, б.а гусул учурунда сөзсүз жуула турган жерлеринен чыккан суюктук – бул тердөө эле болуп саналат. Бул суюктук нажас болбойт жана дааратты да бузбайт.

❤️ 2)   Аялдардын жыныстык мүчөсүнүн ички жагы, б.а жатын (матка), же жатын моюнчасынан (шейка матки) чыккан суюктук шарият боюнча эркектерден чыккан мазий суюктугу сыяктуу эсептелет. Бул суюктук нажас болот жана дааратты бузат.

❤️ 3)   Аялдардын жыныстык мүчөсүнүн ички жагы, б.а гусул учурунда жууш зарыл эмес болгон жеринен, тактап айтканда кындан (влагалище) чыккан суюктук (жатындан эмес) боюнча кайчылаш пикирлер бар.

Имам Абу Ханифанын (Рохимахуллох) көз карашы боюнча бул суюктук нажас эмес.

Ал эми Имам Абу Юсуф (Рохимахуллох) жана имам Мухаммад (Рохимахуллох) бул суюктукту нажас деп эсептешет. Ошондуктан, бул маселеде этият көз караш менен карап, мындай суюктукту нажас деп, даарат алган турараак болот. А эгерде бул суюктук өтө көп келип, аял кишиге ар дайым эле даарат алуу кыйынчылык туудуруп жатса, анда ушул кыйынчылыкты эске алып, биринчи сөзгө амал кылып, нажас эмес деп эсептесе да болот. Анда ал наджас да болбойт, даарат да сынбайт.

◾️ Бирок, чыгып жаткан суюктук кайсыл жерден, б.а жатынданбы, же кынданбы чыгып жатканын аял киши айырмалай албаса, анда аны нажас деп билип, даарат алуу керек. А эгерде суюктук өтө көп келип, аны дайыма тазалап жуу жана улам даарат алуу кыйын болуп жатса, анда муну үзүр деп эсептесек болот. Б.а ар бир парз намаздын убактысы киргенде, ошол намаз үчүн даарат алып, намаз окуй берсе болот. Бул учурда чыгып жаткан суюктукка маани берилбейт. Бул алган даараты менен каалаган ибадатын аткара берсе болот, б.а парз намаз, нафил намаз окуса болот, кааласа Куран тилават кылсын, таваф ж.б

Жогоруда жазылган сөздөр түзсүз чыккан суюктукка тиешелүү. А эгер суюктук кан аралашкан болсо, анда бул таза эмес, тактап айтканда нажас болот жана дааратты бузат.
Ошондой эле күйөсү менен жакындык кыла турган учурда, дүүлүккөн себептүү чыккан суюктук нажас деп эсептелет.

Жооп берди:

Татиков Рафаил

Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Эратов Равшан

Алынган булак.

Сайт: darulifta.kg
🌹ЖАКШЫ АЯЛ деген ким?..

✍🏻 Мага өтө көп кат келет. Кыздар менен жолугушуулар болуп калат. Кыздар көп ыйлашат, жеӊелер көп таарынышат, аялдар көп кор болушат ар бир катта, ар бир жолугушууда айткандарын уксам. Ооба арада эркектер да кордолуп жатат, басынган, аргасыз, эл көзүнө кыйынсынган, ааламга алы жетип, аялына алы келбей калган жигиттер да көп. Бирок эркектин жөнү башкадыр. Ошол себеп аялдардын көйгөйүн калемимдин күчүнө салып түшүндүрөйүн…

Кечээ бир келин кат жазды. - Алтынчы баламды төрөп жатканымда күйөөмдүн экинчи аял алганын уктум, «Эрди берген, жан берген» дегендей ызаама муунуп турам,- деди ал. Ыйлады… Көпкө угуп турдум. Суп- сулуу келинчек, жаш да, бойлууда. Албетте мен бир жактуу карабайм, «бирөөнүн үй- бүлөсү түнт токой» экенин андан бетер татынакай сезип турам. Ал эми өткөндө сабакка жапалдаш бойлуу, төрт баласы бар бир келин келген, жаркырап бактылуудай көрүнгөн менен сабактан кийинки сүйлөшүү учурунда 10 жылдан бери чоӊ муштум күйөөсүнөн таяк жеп, шылдыӊ угуп, басынып, акыры коркконунан ажырашканын айткан.

Мына ушул эки аял теӊ «жакшы аял» болгусу келгендер… Арада канча жакшы аял бар. Бирок жакшы- арзан аял болуу же болбосо жакшы- кымбат аял болуу бактысы же азабы же тагыраагы тандоосу өзүбүздө экенин кошумчалайын. Жоош, коркок, жалтак, билимсиз кыздар күйөөгө жардам берип жатам деп аны чоӊ адашууларга, күнөөлөргө түртүп салат. Тен ата эркек менен эрегишкендер "Эрегиштен эр олорун" жакшы билет. Демек батинкенин эки тугойундой болгон жубайлар бири- бирин толуктап, аял озунчо, эркек озунчо билим, ыйман, акыл менен кучтонбосо, изденбесе иш чатак.

Кыргыз тыӊ бол, жакшы келин бол деп тарбиялайт, туура. Бирок өз баркыӊды түшүрбө, өз жаныӊды кара, өз кадырыӊды көтөр, сыйла- сый көр, сүй- сүйүл, кучакта- кучактал, арнал- арналт, бактылуу кыл, бактылуу бол деп көп учурда түшүндүрө бербейт кызына. Көп кыздар жакшы аял болууну эрин моюнуна мингизүү деп түшүнөт. А чыныгы эркек аялга эмес, өзүнө талапты коюш керек экенин ар бир турмушка чыга турган кыздын эсине кыттай уютуу керектир. Аял жардамчы, аял- кеӊешчи, аял- эӊ жакын тагдыр шериги. Эркектин! Аял- кир жуугуч машина, төрөгүч машина, чыдагыч машина, чарчабаган машина, өлбөгөн машина эмес албетте.
Өтө жакшы аялдар сиз күйөөӊүздү өзгөртө албасаӊыз да, өзүӊүз төрөгөн эркекти(балаӊызды) мырза кылып, баатыр кылып, аялзатын канатына калкалаган бүркүт кылып тарбияласаӊыз экен. «50 жылда эл жаӊы» акырын сиздин, биздин балдар нарктуу, салт билген, чыныгы кыргыз мырзаларынын жолуна түшөт, буюрса!

- Энесин сыйлаган эркек, жарын баалайт!
- Аялын сыйлаган эркек карындашын коруганы ошол!
- Карындашы кордолбогон эркек намыстуу мырзадыр!
- Намыстуу мырза ар дайым кадыр барктуу!
- Кадыр барктуу эркек мамлекеттин чеби сыяктуу!
- Чеби бекем элдин аялдары кордук көрбөйт албетте!!!

👤Жазгүл Жамангулова
💐Дайыма Күн нуру жайыла баштаганда аз болсо дагы садака бер. Анткени ал күнөөлөрдү кетирет, бардык кырсыктардан алыстатат. Жүрөгүңдү жумшартып, ырыскыңды көбөйтөт.

💐Бир иштин майын чыгарып иште. Улам бир нерсени тандап өмүрүңдү текке кетирбе. Ийгилик акырындан тамчыдай тамып отуруп океанга айланат.

💐Болоор-болбос иштерге эле чаң-тополоң сала бербе. Көз коркок, кол баатыр. Көзүң жетип, жүрөгүң сезсе чоң иштерди баштай бер.

💐Эсиңен чыгарба: ачка болсоң тоюнасың, чаңкасаң суусунуң канат, оорусаң айыгасың. Кейий бербе. Эгер ажалың келген болсо, оорубай, чаңкабай деле өлөсүң.

💐Жүрөк кадимкидей чарчайт. Сен кээде таттуу же кычкыл жегиң келип калгандай эле, жүрөк дагы азыктанууну каалайт. Анын азыгы китеп окуу.

💐Уул-кыздарыңды көбүрөөк жыттап өпкүн. Анткени алардын сүйүнүчү, толкунданган сезимдери үчүн Жараткандын сага мээрими төгүлөт.

💐Адамдар жашаган жерде сөзсүз ууланган сөздөр жебедей учуп жүрөт. Сен андайларга дайыма даяр жүр. Сен аларга эмес, Кудайга эсеп бересиң.

💐Миллиондогон акчанын ээси, кээде автобуста баратканын көрөсүң. Бир аз тыйындуу болуп, жардамчыларды ээрчиткен мактанчаак жан дүйнөсү кедей адамды Жараткан жактырбайт.

💐Качыр төөдөн сураптыр: Сен эмнеге менчилеп чалынбай басып баратасың деп.
Төө айтыптыр: Мурдуңдун учун карабай тээ алысты карап бассаң чалынбайсың деп.

💐Кыла турган иштериңди кагазга жаз. Жазылган кыялдарың тагдырга айланат. Тагдырга айланган тилек сөзсүз башыңа келет.

💐Анан эмес, эртең эмес. Азыр тур дагы Жаратканга сөз бер: Болду жакшы адам болом!

💐Күйдүм-сүйдүм азгырма сүйүүлөр бекер өмүрүңдү гана алат. Үй-бүлөңдү берекеге ороп сал. Жылмай, жылмайт. Эркеле, эркелет. Айланаңдагы бакытты алыстан издебе.

💐Көзүң өтөөрдө балдарыңа ушундай айта тургандай жаша: Силер менден уяла тургандай эч бир жаман иш кылбадым.

💐 Эч качан бирөөнүн кемчилигин жарыя кылып шылдыңдабагын. Сенин кемчилигиңди Кудай кааласа ачыкка чыгарып койот. Чапсаң чабыласың, сөксөң сөгүлөсүң. Не жасасаң сөзсүз бир күнү өзүңө кайтып келет.

👤Топтогон Жеңишбек Жумакадыр.

🌹Жума маарек туугандар!
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) жума күнүнүн пазилети тууралуу Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт: “Исламды карманган жана Аллахка такай дуба кылып жүргөн пенде жума күнүнүн ичинде (Аллахтан) эмнени сураса, Аллах ошону бере турган бир (саамдык куттуу) убакыт бар”, — деген Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) ал убакыттын (абдан) кыска экендигин билдирген ишарат жасады”. (ал- Бухари; Муслим).
Forwarded from ТИЛМЕЧ
🔴 КҮНӨӨКӨР АДАМ БУГА ТАТЫКТУУ ЭМЕС

Бир адам Ибрахим ибну Адхамга келип: «Мен түнкү намазга тура албай жатам. Түнкү намазга туруш үчүн эмне кылуум керек?» – деп сураганда ал айтты:
«Күндүзү күнөө кылба, ошол сени Аллахтын алдына түндөсү тургузат. Түндөсү Аллахтын алдында турганың – эң улуу сый-урматтардан. Ал эми күнөөкөр адам мындай сый-урматка татыктуу эмес».
 
Ал эми Хасан аль-Басри айтты: «Пенде күнөө иш кылганы үчүн түндөсү намазга тура албайт, күндүзү орозо тута албайт».
 
Фудейл ибну Ийяд айтат: «Эгерде сен түнкү намазга тура албай жатсаң, күндүзү орозо кармай албай жатсаң, анда сен куру жалак калыпсың, байланып калыпсың. Сени күнөөлөрүң байлап коюптур».

Эгерде сен Аллах үчүн тахажудга туруп жан-дилиңди тазарткың келсе, күнөөлөрдөн арылып, Аллахка жакындагың келсе, анда күндүзү күнөө кылуудан сак бол. Анткени жүрөгү күнөөгө булганган адам эч качан түнкү намазга тура албайт, пенде күнөө кылуу менен эч качан Аллахка жакындай албайт.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from ТИЛМЕЧ
№524

ХАДИСТЕ КЕЛГЕН БОЮНЧА КАЙСЫ НЕРСЕ ӨЛҮМДӨН БАШКА БАРДЫК ООРУГА ШЫПАА ДЕП АЙТЫЛГАН?
Anonymous Quiz
68%
Кара зире (черный тмин)
15%
Зайтун майы
9%
Мекке сеннасы
8%
Хижама кылдыруу
Forwarded from 𝙼𝚊𝚛𝚜𝚋𝚎𝚔𝚘𝚟𝚊🩵 (Мариам)
Биз кайта сиздер менен биргебиз🥰
Кайсы темага кобурок басым жасайлы?
Anonymous Poll
11%
Суйуу
8%
Китеп
29%
Мотивационный
11%
Аралаш
5%
ОРТ
36%
Ислам дини
Forwarded from ТИЛМЕЧ
🔴 ЖАКШЫЛЫК ИШ МЕНЕН КҮНӨӨ ИШТИН АДАМГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Абдуллах ибну Аббас, радыяллаху анху, айтты:

“Чындыгында, жакшылык иш адамдын жүзүн жана жүрөгүн нурдуу кылат, ырыскысын көбөйтүп, денесин күч-кубаттуу кылат жана адамдардын жүрөгүндө ага болгон жакшы көрүү сезимди жаратат.

Ал эми күнөө иш адамдын жүзүн карайтып, жүрөгүндө караңгылыкты пайда кылат, ырыскысын азайтып, денесин алсыз кылат жана адамдардын жүрөгүндө ага болгон жек көрүү сезимди жаратат”.

📖 “Раудатуль Мухиббин”, 441-бет

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
КАЙСЫ СҮРӨӨНҮ ЖАТАРДАН АЛДЫН ОКУП ЖАТСА, АНДА АЛ АДАМ ШИРКТЕН КОРГООДО БОЛОТ ДЕП КЕЛГЕН?
Anonymous Quiz
15%
Наас сүрөөсү
26%
Кафирун сүрөөсү
45%
Ихлас сүрөөсү
14%
Фалак сүрөөсү
АЛЛАХТЫН КАЙСЫ ЫСЫМЫ "СҮЙҮҮЧҮ, ЖАКШЫ КӨРҮҮЧҮ" ДЕГЕН МААНИНИ БИЛДИРЕТ?
Anonymous Quiz
15%
Аль-Матин
26%
Аль-Вадуд
23%
Аль-Мубди
36%
Аль-Жаббар
ШАРИЯТТА АНЫКТЫГЫ ТАСТЫКТАЛГАН НЕГИЗДҮҮ ХАДИС КАНДАЙ АТАЛАТ?
Anonymous Quiz
12%
Даиф
21%
Хасан
58%
Сахих
8%
Мурсал
АЖЫЛЫККА БАРГАНДА САФА МЕНЕН МАРВА ТООСУНУН ОРТОСУНДА ЖҮГҮРҮҮ КАНДАЙ АТАЛАТ?
Anonymous Quiz
33%
Таваф
19%
Саъий
37%
Умра
12%
Икрам
Forwarded from ТИЛМЕЧ
Катталыңыз ➤➤ https://t.me/tilmech