ДИНИБИЗ_ИСЛАМ 🕋
81 subscribers
123 photos
91 videos
3 links
Биздин каналга кош келиңиз урматтуу окурман!
°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°
Каналга эмнелер камтылган:

Тандалган хадистер🕊️
Баяндар🕊️🕊️🕊️
Түрлүү ойлор🕊️
Мотиватция🕊️
Нашидалар🕊️
°°°°°°°°°°°°°°°°°
@maksat_media
Download Telegram
ЧЫН ЫКЛАС

АЯТ:"Чындыгында менин (чын ыкластуу, ыйманы бекем) пенделериме сен (б.а., шайтан) эч кандай үстөмдүк кыла албайсың. Аларды коргоого Жараткан Эгең жетиштүү!"
("Исра" сүрөсү; 65)
ХАДИС: "Аллах Таала силердин сырткы келбетиңерди да, мал–мүлк, байлыгыңарды да карабайт. Ал силердин жүрөгүңөрдү жана жасаган ишиңерди карайт!"
(Абу Хурайрадан Ибн Мажа)
AUD-20211128-WA0001
<unknown>
Сиз издеген нашида 🎶💕🕊️
Акыретке ишенүү бул _____.
Anonymous Quiz
75%
Парз
14%
Важиб
11%
Сүннөт
1%
Макрүх
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жума Маарек болсун мусулман бир тууганым
Музыка арамбы

Абдулла бин Аббастан бир адам:
– Музыка арамбы? – деп сурап калды.
– Мен Алла Таала Куранда арам деп айткан нерселерди гана арам деп айта алам, - деп жооп берди Абдулла.
– Андай болсо музыка адалбы? – тиги кайра сурады.
– Мен Алла Таала Куранда адал деп айткан нерселерди гана адал деп айта алам, - деди Абдулла.Анан тигинин эки анжы болуп калганын байкап, өзүнө суроо узатты:
– Кыяматта пайдалуу иштер өзүнчө, пайдасыз иштер өзүнчө бөлүнгөндө музыка кайсынысына кошулат деп ойлойсуң? Тиги дароо жооп берди:
– Албетте, пайдасыз иштерге кошулат.
– Демек, өз сурооңо өзүң жооп таптың.
Напсини эң жакшы тарбиялай турган ибадат кайсы?
Anonymous Quiz
36%
Намаз
3%
Зекет
59%
Орозо
1%
Ажылык
🍃🍀🍃🍀🍃🍀🍃🍀🍃🍀🍃🍀
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

АЯТ: Асман менен жердин бийлиги Аллахка гана таандык. Ал каалаганын жаратат: Кимге кааласа кыз, кимге кааласа уул берет же ал уулдарды да, кыздарды да берет. Кимди кааласа тукумсуз кылат. Анткени ал — билүүчү, кудуреттуу* (Шуура; 49-50)._

🍃🍀🍃🍀🍃🍀🍃🍀🍃🍀🍃🍀

ХАДИС: Перзенттин жыты — бейиштин жыты!

🍀🍃🍀🍃🍀🍃🍀🍃🍀🍃🍀🍃

ОКУЯ: АЛЛАХ СЕНИ МУСАГА КОШУНА КЫЛСЫН!

_Азирети Муса: - Оо, Жараткан Аллахым! Мага бейиштеги кошунамдын ким экендигин айт, — деп сурады._
_Аллах Таала Мусага (а.с.): - Баланча жерге бар. Сенин кошунан баланча жердеги касапчы, — деп буйрук берди. Азирети Муса белгиленген жерге бет алды. Касапчыны таап, анын үйүнө конок болду._

_Касапчы кечке жуук үйүнө кайтып келе жатканда, бир аз эт ала келген болчу. Үйүнө келип, коноктон уруксат алып, ал этти бышырат. Шыпка илинген, камыштан жасалган себеттин ичинде отурган энесин түшүрүп, астын арчып, этти майда-майда кылып бөлүп анын оозуна салып жатты. Муса (а.с.) бейиштеги кошунасынын ким экендигин биле баштаганда, бир добуштун чыкканын угуп:

_ Эмне деп жатат?— деп сурады.

_Касапчы энесин шыпка илгенден кийин мынтип айтты: - Бул менин энем. Мен аны бир нече жылдан бери ушундай кылып жедирип-ичирип, бардык керектөөлөрү менен камсыз кылып келе жатам. Ал мага ар дайым уулум, Аллах сени бейиште Муса менен кошуна кылсын деп дуба кылат, — деди.

_Ошол убакка чейин өзүн ким экендигин жашырган Муса Пайгамбар өзүнүн Муса (а.с.) экендигинен кабар берип, бейиштеги кошунасын сүйүндүрдү.

🍃🍀🍃🍀🍃🍀🍃🍀🍃🍀🍃🍀
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM