ДИНИБИЗ_ИСЛАМ 🕋
81 subscribers
123 photos
91 videos
3 links
Биздин каналга кош келиңиз урматтуу окурман!
°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°°
Каналга эмнелер камтылган:

Тандалган хадистер🕊️
Баяндар🕊️🕊️🕊️
Түрлүү ойлор🕊️
Мотиватция🕊️
Нашидалар🕊️
°°°°°°°°°°°°°°°°°
@maksat_media
Download Telegram
6⃣ СЫФАТ
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
Динибизде көптөгөн жакшы сыпаттар бар,бирок баардык сыфаттарды жашообузга алып келүү кыйын болгондуктан Аалымдар ушул 6 сыфатты негиздеген,жана ушул сыфаттар жашообузга келсе, калган сыфаттар келүүсү жеңил болот инша Аллах.🌿
1-СЫФАТ🌸
Лаа илааха иллаллох Мухаммадур расулуллах
Алладан башка сыйынууга татыктуу Илах жок, жана Мухаммад анын элчиси.🌿
2-СЫФАТ🌸
Намаз -бул, Аллах менен болгон байланыш,күнөө иштердин тоскучу, муктаждыктар Алладан намаз аркылуу суралат, жаннаттын ачкычы.
Даарат намаздын ачкычы.
3-СЫФАТ🌸
Илим-зикир.Илим алуу бешиктен кабырга чейин фарз.Илими бар менен илими жоктун айырмасы, караңгыда чырагы бар менен чырагы жоктой.Зикир бул Аллахты Эстөө.
4-СЫФАТ🌸
Икром муслим - бул мусулман бир туугандардын бир бирине урмат сый кылуусу жана ар бир макылуктун акысын берүү.
5-СЫФАТ🌸
Ниет ихлас - бул кандай иш кылбайлык ниетти Аллага түздөө жана Алланын ыраазычылыгын табуу.
6-СЫФАТ🌸
Даават - бул жакшылыка чакыруу, жамандыктан кайтаруу.
Биз 6-сыфат менен жашасак эки дүйнө бактылуу болобуз инша Аллах 🥰
Койлорунун саны канчага жетсе зекет бериш парз?
Anonymous Quiz
9%
70
68%
40
12%
30
12%
100
~Ийгиликтүү адам ким ?
~Намазын таштабаган адам.
КИМДЕ–КИМ ТӨМӨНКҮ САЛАВАТТАРДЫ (ТАКАЙ)АЙТЫП ЖҮРСӨ, АЛ ПАЙГАМБАРДЫН ШАПАХАТЫНА ЭЭ БОЛОТ,
ИНША АЛЛАХ


Аллохумма солли 'алаа саййидинаа Мухаммадин ва анзилхул мунзалал мукорроби 'индака йавмил Кийаамати.
Мааниси: О, Аллахым! Биздин жол башчыбыз Мухаммадга (кут–берекелүү) салаваттарыңды жаадыр жана Кыямат күнү ага Өзүңө жакын жайдан орун бер.
~Куранда канча сүрө бар?
Anonymous Quiz
84%
114
7%
112
4%
124
5%
128
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

УБАКЫТ
АЯТ:"(Ак–караны ажыратуучу күн чындыгында белгиленген убакыт эле". ("Набаа"сүрөсү;17)

ХАДИС: "Адамдардын көбү барктабаган эки жакшылык бар. Алар–ден–соолук жана бош убакыт". (Бухари, Рика, 3)

ОКУЯ: "УБАКЫТ КЕЛДИ!"
Жунайд Багдади олуя элге илим үйрөтүү максатында дилмаек –сукбат куруп турууга бел байлайт. Анын сукбатына кыска убакыттын ичинде адамдар агылып келе баштайт.

Күндөрдүн биринде христиан, бирок сыртынан христиандарга окшобогон жаш улан Жунайд Багдадинин сукбатына келип:

— Эй, устат! Азирети Пайгамбарыбыз (С.А.В) "Момун– мусулмандын парасатынан (назарынан) корккула!Анткени ал Аллахтын нуру менен карайт" деп айткан. Мунун кандай түшүнсөк болот? – деп сурайт.

Жунайд Багдади бир саамга унчукпай туруп калат. Андан соң башын көтөрүп :

–Мусулман бол! Мусулман боло турган убактың келди, – дейт.

Жаш улан Багдадинин өзүнүн мусулман эместигин баамдаганын билип, дене–боюн калтырак басып, ошол замат мойнундагы крестин жулуп жерге таштайт да, ошол жерден мусулман болот.

Ошентип, Жунайд Багдади олуя Жараткандын уруксаты менен жаш уландын христиан болгондугун жана анын ыйман келтирүүгө убактысы келгендигин билип, эки кереметти бирдей көрсөтөт.
~Аялыңыздарга жакшы мамиледе болуңуздар, ал Аллахтын аманаты.
САЛАМДАШУУ
АЯТ: "Салам берилсе, силер андан да жакшы Алик алып саламдашкыла же анын өзүндөй салам бергиле! Ырас, Аллах – ар бир ишти эсептөөчү!". ("Ниса" Сүрөсү ; 86)


ХАДИС:"Ким биринчи салам айтса, ошол адам Аллахка жакыныраак болот". (Абу Дауд, Адеп 114 ; Тирмизи,Истизан 6)
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кабыр азабынан Аллах өзү сактай көрсүн😔