"ТЭНСАЙ" ЖРТ-2021
130 subscribers
144 photos
11 videos
16 files
15 links
Суроолор болсо: @Tashpolott
Даярдануунун оңой жана эффективдүү ыкмалары бизде гана!
Download Telegram
Салам , достор, университеттер тууралуу маалымат каалайсыздарбы?
Anonymous Poll
96%
Ооба
4%
Жок
Менин оюмча, оңой үйрөн , акысыз үйрөн - булар туура эмес система . Баардык нерсенин акысын берсек туура болот жана ошол менен биргеликте жугумдуу болот😊.
Forwarded from Tashpolot Abdyrahman Uulu
Forwarded from Tashpolot Abdyrahman Uulu
Forwarded from Tashpolot Abdyrahman Uulu
Белгилүү бир сүйлөмдүн тыныш белгиси ошол сүйлөмдүн түзүлүшүнө, синтаксистик эрежелерге бай-
ланыштуу коюлат. Булар жазылгандарды тез окуп, жеңил кабыл алууну камсыз кылат.
Сүйлөп жатканда белгилүү жерлерге тыным жасалат, ички сезимдер ар кандай интонациялар аркылуу
билдирилет. Ал эми жазууда булар тиешелүү тыныш белгилерин талап кылат. Жай, суроолуу жана
күчтүү сезим менен айтылган сүйлөмдөрдүн аягына коюлуучу белгилер ой-пикирдин маанисине шай-
кеш келгенде коюлат. Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөрдүн тыныш белгиси да интонацияга байла-
ныштуу колдонулат.
Мисалы:
1. Көптөн бери Айжан тентек, Зарыл үчүн күйүп-бышып жүрөт.
2. Көптөн бери Айжан, тентек Зарыл үчүн күйүп-бышып жүрөт.
Берилген сүйлөмдө (Айжан тентекпи же Зарыл тентекпи?) маанисин туура ажырата билиш үчүн ты-
ныш белги коюлушу керек. Күйүп-бышып жүрөт ким? Айжан. Ким үчүн? Тентек Зарыл үчүн. Ошентип,
2-сүйлөмдө тыныш белгиси туура коюлган.
Балдар көңүл буруп уккула! Балдар көңүл буруп угушту.
Жогоруда берилген сүйлөмдөргө тыныш белгилерин туура коюуш үчүн, албетте, сүйлөмдүн маанисин
түшүнүү керек.
Балдар, көңүл буруп уккула!
Балдар деген сөз каратма сөз, б.а. угуучунун көңүлүн буруу максатында колдонулду. Ошондуктан бул
сөздөн кийин үтүр коюлду.
Ал эми кийинки сүйлөмдө (Балдар көңүл буруп угушту) жайынча гана балдардын көңүл буруп угуш-
кандыгы баяндалды, сүйлөмдүн аягына чекит белгиси коюлду.
Аяндын апасы Айжан. Аяндын апасы Айжанбы.
Бул сүйлөмдөргө тыныш белгисин туура коюш үчүн сүйлөмдүн баш мүчөлөрү жөнүндө маалыматы-
быз болушу керек. Биринчи сүйлөмдү алып көрөлү.
Аяндын апасы – Айжан.
Сүйлөмдүн ээси – апасы, баяндоочу – Айжан. Экөө тең ким? деген суроого жооп берип, атооч
жөндөмөсүндө турат. Сүйлөмдүн баяндоочу атооч жөндөмөсүндөгү зат атоочтон болгондуктан, жазууда
баш мүчөлөрдүн ортосуна сызыкча коюлат.
Экинчи сүйлөмгө көңүл бурсак.
Аяндын апасы Айжанбы?
Бул сүйлөмдө ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкча коюлбайт, себеби Айжан деген баяндоочко
суроону туюндуруучу –бы мүчөсү уланды. Заттык маанидеги баяндоочко жак, күдүк жана суроо
мүчөлөрү уланса, же кызматчы сөздөр айкашып турса, баш мүчөлөрдүн ортосуна сызыкча коюлбайт.
Оо… «тил» кармап келген турбайсызбы? Ошондой бир беттешүүдө байкең Сергей экөөбүз бир тан-
каны өрттөп, ашык эмес, кем эмес жыйырма фрицти «бейишке» жөнөттүк (Т. С.).
Мында «тил», «бейишке» деген сөздөрдүн тырмакчага алынышынын себеби, бул сөздөр накта өз
маанисинде эмес, өтмө маанисинде колдонулду.
Суроо, илеп, көп чекит, үтүр белгилери сызыкча менен катар келсе, сызыкча ар дайым алардан кийин
коюлат. Мисалы:
– Жеңе, мен эми анык кеттим, – деди Чаргын (Т. С.).
Көп чекит, суроо, илеп белгилери тырмакча менен катар келсе, алар тырмакчадан мурда коюлат да,
андан кийин тырмакча жабылат:
«Качантан бери сен минтип иш билгенди киши баалаганды билип жүрөсүң?» - деди Үүкөбай ат үстүнөн.
Туура жазылган айтылуу элдик ысымды
белгилеңиз:
(А) Шабдан-Баатыр
(Б) Шабдан-баатыр
(В) Шабдан баатыр
(Г) Шабдан Баатыр
2. Минск…, факт…, нефть…
Жогорку сөздөрдөгү чекиттин ордуна
кайсы катардагы мүчөлөрдү ырааттуу
түрдө улап жазсак, туура болот?
(А) -иге, -ыга, -ке
(Б) -ге, -га, -ге
(В) -ке, -га, -ке
(Г) -иге, -ыга, -иге
3. I. Кыргыз Улуттук Илимдер Академия-
сы
II. Кыргыз республикасынын Башкы
прокурору
III. Кыргыз билим берүү институту
IV. Кыргыз Теле-Радио корпорациясы
Жогорку аталыштардын кайсынысы туу-
ра жазылган?
(А) I, II, III гана
(Б) IV гана
(В) I, II гана
(Г) III гана
4. Кайсы катардагы сүйлөмдөрдө тыныш
белгилери туура коюлган?
(А) Кап, автобус кетип калды. Эртерээк
келгениңде…
(Б) Кап. Автобус кетип калды. Эртерэ-
эк келгениңде.
(В) Кап, автобус кетип калды… Эрте-
рээк келгениңде.
(Г) Кап, автобус кетип калды! Эртерэ-
эк келгениңде?
5. Төмөнкү сүйлөмдөрдөгү асты сызылган
сөздүн кайсынысы бала деген сөзгө маа-
нилеш?
(А) Болор бала он бешинде баш.
(Б) Ал баш бербей калды.
(В) Аш бергенче баш берсин.
(Г) Мени баш кылып жөнөттү.
6. …, талкууга катышкан ар бир адам өз
оюн айтууга акылуу.
Айтылган ойду ырастоо үчүн көп чекит-
тин ордуна кайсы сөздү коюу керек?
(А) Балким
(Б) Болжолу
(В) Албетте
(Г) Мүмкүн
7. Кырк жылга чамалаш чыгармачылык
өмүрүндө Алым Ашыров далай өнөр да-
банын ашып, көптөгөн жаш талант-
тарды телчиктирип койду.
Берилген сүйлөм адабий тилдин кайсы
стилине мүнөздүү?
(А) Публицистикалык
(Б) Илимий
(В) Көркөм
(Г) Иш кагаздар
8. ойно
Жогорудагы сөз кайсы мүчөнүн жардамы
менен жасалган?
(А) –ло
(Б) –на
(В) –о
(Г) –ла
9. -лар мүчөсүнүн жардамысыз көптүк маа-
нини билдирген сөздөрдүн катарын та-
быңыз.
(А) акча, эшик, ай
(Б) сан, мол, бал
(В) чөп, эгин, мал
(Г) жаан, ич, бала
📢HEEEYYY салам урматтуулар))

👉🏻ТЭНСАЙдан ТЕНТЕК АКЦИЯ !!!

22-март, 2-апрель 12 күндүк ЖРТ тездетилген КУРС ачылып жатат!!!

9-10-11- класстардын окуучулары катышып көрсө болот.

3 сыноо тестти
Күнүнө 3 сааттан сабак

Жаңы баштаган группаларга
🔝 ТЭНСАЙ 1-ЧЕЙРЕК
ТЭНСАЙ 2-ЧЕЙРЕК
Аналогия Сүйлөмдөрдү толуктоо
Практикалык грамматика
Практика Математика
Математика


👉🏻Баткендин эң ийгиликтүү окуу өнүктүрүү борборунда
👉🏻 Эң күчтүү мугалимдерден билим алууну каалайсыңбы?
Анда бул мүмкүнчүлүк сен үчүн!!!!


💳Жалпы курс - БОЛГОНУ 999 сом, Ооба ТУУРА эле көрдүңөр болгону 999 сом!!!


Регистрация 19-март күнү аяктайт!!!!
Келип ордуңарды ээлеп калгыла, башкасы кирип алгыча))))))


Катталуу үчүн бизге кайрылыңыз
📲+996 500 400 580
#tensay.edu.kg
http://testing.kg/ort/7/welcome ушул ссылка менен кирип тест тапшырып корсонор болот
Channel name was changed to «"ТЭНСАЙ" ЖРТ»
0772987634
Channel name was changed to «"ТЭНСАЙ" ЖРТ-2021»
Forwarded from EL A
3 китеп биригип 400 сом.
Заказ кылчулар 0772987634 ватсап