"ТЭНСАЙ" ЖРТ-2021
127 subscribers
144 photos
11 videos
16 files
15 links
Суроолор болсо: @Tashpolott
Даярдануунун оңой жана эффективдүү ыкмалары бизде гана!
Download Telegram
Достор, эртең сонун маалыматтар менен бөлүшөм, андыктан активдүү болгула😊😁
1.Жоош:Момун
(А)кычкыл:ачкыл
(Б)ийри:кыйшык
(В)өткүр:курч
(Г)көркөм:кооз

2.Карта:Өлкөлөр
(А)мүшөк:картошка
(Б)календарь:күн сандары
(В)талаа:малдар
(Г)монитор:терезе

3.Бышык:Чыйрак
(А)сергек:сезгич
(Б)салмак:чакан
(В)тың:жүдөө
(Г)арык:торлук

4.Сары-Челек:Ак буура
(А)Нарын:Талас
(Б)Чатыр-Көл:Соңкөл
(В)Чүй:Бишкек
(Г)Ысык-Көл:Кара-Дарыя

5.Быштак:Сүт
(А)варенье:мөмө
(Б)балык:ухо
(В)эт:фарш
(Г)каймак:май

6.Далматинец:ит
(А)ат:пони
(Б)заргалдак:канаттуу
(В)коңуз:кумурска
(Г)фонд:сактык кассасы

7.Тоголок:Шар
(А)учтуу:тикенек
(Б)чоң:салмак
(В)жашыл:жалбырак
(Г)кычкыл:алма

8.Кеме куруучу:деңиз
(А)геолог:кыртыш
(Б)конструктор:планер
(В)дизайнер:интерьер
(Г)журналист:пресса

9.күн:түш
(А)күз:ноябрь
(Б)кыш:январь
(В)жай:июнь
(Г)жаз:май

10.каша:таруу
(А)ун:буудай
(Б)как:өрүк
(В)каймак:таттуу
(Г)шорпо:буурчак

11.Кубаныч:күлкү
(А)жаш:кайгы
(Б)тыным:чарчоо
(В)ачуулануу:кыйкырык
(Г)суктануу:жийиркенич

12.Бадыраң:Туздалган
(А)балык:ышталган
(Б)лимон:кычкыл
(В)кант:таттуу
(Г)май:коюу

13.Кужурмөн:Бекерчи
(А)Суулу :кооз
(Б)жакшы :кайдыгер
(В) проблема :маселе
(Г) таза: кир

14.Телевизор:Көрүү
(А)жол:асфальттоо
(Б)жалбырак:саргаруу
(В)автомобиль:жүрүү
(Г)топчу:тагуу

15.Көмүр:Жылуулук
(А)очок:жылуулук
(Б)ичик:жылуулук
(В)жай:жылуулук
(Г)газ:жылуулук


ГРАММАТИКА

1.Кайсы катарда татаал этиш берилген?

(А)Ал күлө карады
(Б)Асан энтиге сүйлөдү
(В)Ал окуп берди
(Г)Ал уйгө кетиртир

2.Кайсы сүйлөмдордөгү алды сызылган сөздөр адамды билдирип турат?

I . ПЕЙЛИ ТАР адам кең идиштен аш ичет
II. ПЕЙЛИ ЖАКШЫ кем болбойт
III. ЭСТҮҮГӨ эки ооз сөз жетет
IV. Кийинки балдар ЭСТҮҮ

(А) II,IV
(Б)I,II,IV
(В)II , III
(Г)I ,III

3. МЫНДАН

Жогорудагы ат атооч кантип жасалган
(А)мын+дан
(Б)мунун+дан
(В)бул+дан
(Г)бу+нан

4.ЧЕГИРТКЕДЕН КОРККОН ЭГИН ЭКПЕЙТ.

Суйлөмдөгү толуктооч:
(А)чегирткеден
(Б)эгин
(В)корккон
(Г)экпейт


5.Татаал сөз:
(А)Темир жол
(Б)Жакшы сөз
(В)Кызыктуу китеп
(Г)Жашыл жалбырак

6.Кайсы катардагы географиялык аталыштар туура жазылган?

(А)Түндүк Америка , Жакынкы чыгыш
(Б)Каракол , Базар-Коргон, Ростов-на-Дону
(В)Жети-Өгүз, Кара-Кулжа, Көкө-Мерен
(Г)Борбордук Азия,Жалал-Абад, Төө ашуу

7.БИРӨӨНҮН КӨЗҮН КАРАГАН

Бул сөз тизмегинин маанисин аныктагыла

(А)Бирөөнү багуу
(Б)Бирөөнү тиктөө
(В)Бирөөгө көз каранды болуу
(Г)Бирөөгө карыз болуу


8.Кандай адам ЧЫЧКАНГА КЕБЕК АЛДЫРБАЙТ?

(А)өтө сараң адам
(Б)өтө митаам адам
(В)өтө амалкөй адам
(Г)өтө шок адам


9.Кайсы варианттагы сөз сүйлөмгө мүчө боло албайт ?

(А)Жамиля базарга барат.
(Б)Жамиля,базарга барасыңбы?
(В)Бул үйдүн эрке кызы-Жамиля.
(Г)Жамилянын апасы мугалим болуп иштейт.


10.Кайсы варианттагы сөздөр туура ташымалданган?

(А)курдашымкын-ан ,элдик-ине
(Б)үй-дөн, көчөдөгүлөр-гө
(В)баламдыкын-да,бөб-өгүмө
(Г)Айзада-дан, Токто-гулда
Анда эмесе, ийгилик 😊.
Окуп түшүнүү
Мындан үч жыл мурун жумушка байланыштуу Астана шаарына келип калдым. Кеч күз эле. Көчөгө чыгып, ызгаар шамалына тоңуп, такси таппай кыйналгам. Көрсө, ал шамал эч нерсе эмес экен. Кышында 40 градус суук болот дегенди укканда: "Астанада эч качан жашамак эмесмин", - дедим эле. Азыр бул блогду Астанадагы 16-кабаттагы батиримден жазып жатам. Жумушка байланыштуу бул жакка келгениме бир ай болду.
1-май күнү Астанага келдим. Аэропорттон түшүп "такси керекпи" дегендерди укмаксан болуп, түз эле фирманын таксилерин көздөй жөнөдүм. Анткени бир жолу Алматы шаарынын аэропортунан автовокзалына чейин 100 долларга барып, андан ары Бишкекке 250 сомго маршрутка менен кеткенден кийин жеке таксилерге отуруудан качып калгам. Таксиге отуруп, шаарды көздөй бет алдык. 20 чакырымдык жолду кыскартып, таксист менен аба ырайын талкуулап бараттык. Ал аңгыча астыбызда келе жаткан автоунаа күтүүсүздөн жолду тороп, токтоп туруп алды эле, таксист: "Бишкектик айдоочулар көбөйүп кетти", - деп калды. Көрсө, ал эки жыл мурун Ысык-Көлгө эс алууга барып, Бишкекке кайрылып, жол эрежесин көзгө илбеген "шумахерлерди" көрүп кайткан экен. Анын үстүнө мен да Бишкектен келе жатканымды кеп салгам...
Жакында дагы бир кызык окуя болду. Айтсам, ишенесиңерби? Бул жакта биринчи жолу кыргызды көрүп, казактарга окшош экенин түшүнгөндөр бар экен. Ал күнү аэропортто курбумду күтүп отургам. Бир жаш казак жигит саат сурап калды. Албетте, кыргызча жооп кайтардым. Анын "сиз кимсиз?" деген суроосуна кыргызмын деп жооп бергенимде: "Кыргыздар да казактарга окшош болот экен да", - деп балп эттирди...
2) Тексттин экинчи абцасында "20 чакырым жолду кыскартуу " деген туюнтма эмнени билдирди?
Anonymous Quiz
33%
Кыска жол менен баруучу
11%
Алагды болууну
38%
Сөзгө берилүүнү
18%
Алаксууну
Достор, каналды досторунар менен бөлүшүп койгулачы 🙏
Anonymous Poll
93%
🤝
9%
Достор , активибиз түшүп кетти 😞. Мен силерге жардам берүүгө аракет кылып жатам силер да мага 1 убактынарды бөлүп жардам берип койгула.