"ТЭНСАЙ" ЖРТ-2021
127 subscribers
144 photos
11 videos
16 files
15 links
Суроолор болсо: @Tashpolott
Даярдануунун оңой жана эффективдүү ыкмалары бизде гана!
Download Telegram
Туура жооп?
Anonymous Quiz
7%
А
4%
Б
11%
В
78%
Г
Туура жооп
Anonymous Quiz
25%
А
11%
Б
10%
В
54%
Г
Салам , достор, университеттер тууралуу маалымат каалайсыздарбы?
Anonymous Poll
96%
Ооба
4%
Жок
Менин оюмча, оңой үйрөн , акысыз үйрөн - булар туура эмес система . Баардык нерсенин акысын берсек туура болот жана ошол менен биргеликте жугумдуу болот😊.
Forwarded from Tashpolot Abdyrahman Uulu
Forwarded from Tashpolot Abdyrahman Uulu
Forwarded from Tashpolot Abdyrahman Uulu
Белгилүү бир сүйлөмдүн тыныш белгиси ошол сүйлөмдүн түзүлүшүнө, синтаксистик эрежелерге бай-
ланыштуу коюлат. Булар жазылгандарды тез окуп, жеңил кабыл алууну камсыз кылат.
Сүйлөп жатканда белгилүү жерлерге тыным жасалат, ички сезимдер ар кандай интонациялар аркылуу
билдирилет. Ал эми жазууда булар тиешелүү тыныш белгилерин талап кылат. Жай, суроолуу жана
күчтүү сезим менен айтылган сүйлөмдөрдүн аягына коюлуучу белгилер ой-пикирдин маанисине шай-
кеш келгенде коюлат. Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөрдүн тыныш белгиси да интонацияга байла-
ныштуу колдонулат.
Мисалы:
1. Көптөн бери Айжан тентек, Зарыл үчүн күйүп-бышып жүрөт.
2. Көптөн бери Айжан, тентек Зарыл үчүн күйүп-бышып жүрөт.
Берилген сүйлөмдө (Айжан тентекпи же Зарыл тентекпи?) маанисин туура ажырата билиш үчүн ты-
ныш белги коюлушу керек. Күйүп-бышып жүрөт ким? Айжан. Ким үчүн? Тентек Зарыл үчүн. Ошентип,
2-сүйлөмдө тыныш белгиси туура коюлган.
Балдар көңүл буруп уккула! Балдар көңүл буруп угушту.
Жогоруда берилген сүйлөмдөргө тыныш белгилерин туура коюуш үчүн, албетте, сүйлөмдүн маанисин
түшүнүү керек.
Балдар, көңүл буруп уккула!
Балдар деген сөз каратма сөз, б.а. угуучунун көңүлүн буруу максатында колдонулду. Ошондуктан бул
сөздөн кийин үтүр коюлду.
Ал эми кийинки сүйлөмдө (Балдар көңүл буруп угушту) жайынча гана балдардын көңүл буруп угуш-
кандыгы баяндалды, сүйлөмдүн аягына чекит белгиси коюлду.
Аяндын апасы Айжан. Аяндын апасы Айжанбы.
Бул сүйлөмдөргө тыныш белгисин туура коюш үчүн сүйлөмдүн баш мүчөлөрү жөнүндө маалыматы-
быз болушу керек. Биринчи сүйлөмдү алып көрөлү.
Аяндын апасы – Айжан.
Сүйлөмдүн ээси – апасы, баяндоочу – Айжан. Экөө тең ким? деген суроого жооп берип, атооч
жөндөмөсүндө турат. Сүйлөмдүн баяндоочу атооч жөндөмөсүндөгү зат атоочтон болгондуктан, жазууда
баш мүчөлөрдүн ортосуна сызыкча коюлат.
Экинчи сүйлөмгө көңүл бурсак.
Аяндын апасы Айжанбы?
Бул сүйлөмдө ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкча коюлбайт, себеби Айжан деген баяндоочко
суроону туюндуруучу –бы мүчөсү уланды. Заттык маанидеги баяндоочко жак, күдүк жана суроо
мүчөлөрү уланса, же кызматчы сөздөр айкашып турса, баш мүчөлөрдүн ортосуна сызыкча коюлбайт.
Оо… «тил» кармап келген турбайсызбы? Ошондой бир беттешүүдө байкең Сергей экөөбүз бир тан-
каны өрттөп, ашык эмес, кем эмес жыйырма фрицти «бейишке» жөнөттүк (Т. С.).
Мында «тил», «бейишке» деген сөздөрдүн тырмакчага алынышынын себеби, бул сөздөр накта өз
маанисинде эмес, өтмө маанисинде колдонулду.
Суроо, илеп, көп чекит, үтүр белгилери сызыкча менен катар келсе, сызыкча ар дайым алардан кийин
коюлат. Мисалы:
– Жеңе, мен эми анык кеттим, – деди Чаргын (Т. С.).
Көп чекит, суроо, илеп белгилери тырмакча менен катар келсе, алар тырмакчадан мурда коюлат да,
андан кийин тырмакча жабылат:
«Качантан бери сен минтип иш билгенди киши баалаганды билип жүрөсүң?» - деди Үүкөбай ат үстүнөн.