ЖРТ | Грамматика
631 subscribers
7 photos
1 video
2 links
📌ЖРТ | ГРАММАТИКА

• Лексика
• Морфология
• Синтаксис
• Орфография
• Пунктуация
• Кеп маданияты
• Стилистика
Download Telegram
Лексика
Лексика – тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы. Лексика бөлүмүндөгү тапшырмалар сөздөрдүн лексикалык маанисин, стилистикалык өзгөчөлүктөрүн жана башка сөздөр менен айкашуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктай билүү жөндөмүн текшерет.

Кыргыз тилинде сөздөр көп маанилүү жана жеке маанилүү болот. Көп маанилүү сөздүн мааниси контексттин (сөз айкашы, сүйлөм же тексттин) ичинде гана белгилүү болот. Мисалы: курч: курч бычак –
курч мүнөз; жай: жай жүрөт – кирди жай.
Көп маанилүү сөздөрдүн тике (түз) жана өтмө маанилери болот. Көп маанилүү сөздүн кандай мааниси тике (түз), кайсынысы өтмө мааниде экендигин контекстке карата так ажыратууга болот.
Мисалы: өрт:
Өрттү өчүрүштү. - Өрт жүрөк адамдар арабызда көп.
Суук: Суук шамал болуп жатат. – Суук кабар келиптир.
Экинчи сүйлөмдөрдө берилген өрт, суук деген сөздөр өтмө мааниде колдонулду. Сөздүн өтмө мааниси анын тике маанисинин негизинде пайда болот.

Кыргыз тилинде айтылышы ар түрдүү, бирок мааниси бири-бирине жакын сөздөр бар. Алар синонимдер (маанилеш, бирдей маанидеги сөздөр) болот.
Мисалы: сулуу – татынакай – жакшынакай ; мээнеткеч – эмгекчил ; жоош – момун ж.б.
Ат – ысым деген синоним сөздөрдүн экөө тең адамга карата колдонула берет. Мисалы: Атың ким? – Ысымың ким? Бирок адамдан башка заттардын бардыгына ысым колдонулбайт. Мисалы: көчөнүн аты, айылдын аты.

Биринин ордуна экинчиси эркин колдонула берүүчү толук синонимдер абдан аз. Мисалы, көп, арбын, мол деген маанилеш сөздөрдүн баары бири-бирин дайыма эле алмаштыра албайт. Мисалы: көп түшүм, мол түшүм, арбын түшүм деген синонимдер бири-бирин алмаштыра алса, төмөнкүдөй сөз айкаштарында көп деген сөздү башка синоним сөздөр менен алмаштырууга мүмкүн эмес. Мисалы: көп балалуу, көп маанилүү сөз, көп сүйлөбө ж.б.
Демек, синоним сөздөр бардык учурда эле бирдей же бири-бирине жакын мааниде айтыла бербейт.
Биринин ордуна экинчисин колдонуунун да белгилүү бир ыгы бар. Ошондуктан аларды туура колдоно билүү керек.

Карама-каршы маанидеги сөздөр антонимдер болот. Мисалы: алыс – жакын, аз – көп, ак – кара, ачуу– таттуу, чоң – кичине ж.б. Булар айтылып жаткан ойду так, кыска баяндоого, же аныкурчутуу, ага көркөмдүк татым берүү максатында адабий чыгармаларда, публицистикада, оозеки кепте кеңири колдонулат.

Тилибизде айтылышы бирдей, мааниси ар башка сөздөр бар. Булар омонимдер. Мисалы: кат (жазылган кат) – кат (катып кой); ат (ысым) – ат (ок атуу) – ат (атка минүү); жаш (көздун жашы) – жаш (жаш курак, орто курак). Тесттеги бул темадагы тапшырмаларды аткаруу үчүн сөздүн кандай мааниде колдонулуп жатканын контексттин ичинде так ажырата билишиңиз керек.

Кыргыз тилинин сөздүк корунда даяр лексикалык каражат катары колдонулган туруктуу (калыптанып калган) сөз айкаштары бар. Мисалы: баш көтөрүү (оорудан айыгуу, оңолуу) – баш көтөрүү (каршы чыгуу, баш ийбөө); моюн сунуу (жеңилүү, баш ийүү); суу жүрөк (коркок, жүрөгү жок) ж.б.
Булар ой-пикирди таамай, курч жана образдуу кылып берүүдө маанилүү роль ойнойт.
Сөзсүз окуңуздар!
1. Туура жазылган айтылуу элдик ысымды белгилеңиз:
Anonymous Quiz
11%
(А) Шабдан-Баатыр
5%
(Б) Шабдан-баатыр
47%
(В) Шабдан баатыр
37%
(Г) Шабдан Баатыр
Минск…, факт…, нефть…
Жогорку сөздөрдөгү чекиттин ордуна
кайсы катардагы мүчөлөрдү ырааттуу түрдө улап жазсак, туура болот?
Anonymous Quiz
27%
(А) -иге, -ыга, -ке
13%
(Б) -ге, -га, -ге
16%
(В) -ке, -га, -ке
45%
(Г) -иге, -ыга, -иге
3.
I. Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы
II. Кыргыз республикасынын Башкы прокурору III. Кыргыз билим берүү институту IV. Кыргыз Теле-Радио корпорациясы Жогорку аталыштардын кайсынысы туура жазылган?
Anonymous Quiz
18%
(А) I, II, III гана
29%
(Б) IV гана
21%
(В) I, II гана
33%
(Г) III гана
5. Төмөнкү сүйлөмдөрдөгү асты сызылган сөздүн кайсынысы бала деген сөзгө маанилеш?
Anonymous Quiz
48%
(А) Болор бала он бешинде баш.
27%
(Б) Ал баш бербей калды.
19%
(В) Аш бергенче баш берсин.
6%
(Г) Мени баш кылып жөнөттү.