Motivation📚 Мотивация💡
68 subscribers
505 photos
66 videos
✔️Китептер тууралуу фактылар
✔️Мотивациялар
✔️Пайдалуу маалыматтар
✔️Картинкалар
✔️Жаратылыш
✔️Ислам дини
✔️Цитаталар
✔️ Аралаш
Download Telegram
Адам өмүрү ширеңкенин бир талындай эле экен. Күйүп бүткүчө жарыгыңды чачып калышың керек. Болбосо түтөгөн бойдон ыргытыласың...

Жараткан Аллах бизди жакшы иштерге себепчи кылып, туура жолдон адаштырбасын!

#альхамдулиллях #ислам #жашоо
Эгерде максаттарыңыз тактала элек болсо азыр тактаңыз. Кыялдарыңыз унутта калып баратса, азыр кагазга түшурүңүз, аларды орундатууга бир кадам жакындаңыз. 🧗‍♀🧗

Максатка карай жолдо🛣 эч качан артка кайтпаңыз, өжөр болуңуз. Өжөр адамдар аракет кылып олтуруп, акыры ийгиликке жетишет.🏆

#мотивация
Өзүңүзгө-өзүңүз мотивация бериңиз❤️🌹

Мен ийгиликти көздөй ишенимдүү баратам.😌

Менин кыялдарым, максаттарым дайыма орундалат. 😍

Мен ишенем, менде баары жакшы болот. 🤗

Ийгилик дайыма мени менен.☺️

Мен эмнени кыялдансам, эмнеге максат койсом, ошону алам.😉

#мотивация
Үч эреже
Бир даанышман дубалына үч эрежени жазып илип коёт.

Алардан бирөөндө: “Бүгүнкүнү эртеңкиге калтырба” деген жазуу болгон.

Экинчисинде: “Ой жүгүрт жана шүгүр кыл” деген бар эле.

Үчүнчүсүндө болсо: “Ачууланба!” деген сөз жазылган.

Жөнөкөй үч эреже. Бирок бактылуулукка барчу үч жол.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Эгер биз колубуздан келген бардык нерсени жасаганыбызда, өзүбүзгө өзүбүз таң калат элек.

#ТомасЭдисон
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Кең пейил болууга үйрөнүшүбүз керек!
Сенин кумирлериң сенин атаңдаштарыңа айланганга чейин өжөрлүк менен аракет кыл жана иште."

#ДэнМильштейн
Көп окуган адамдар:

1.курч кырдаал учурунда оңой ой жүгүртүүгө, терең ойлонуп, туура чечим чыгарууга жөндөмдүү болот.

2.эркин ойлонот, бирөөнүн пикирине көз каранды болууну жаман көрөт.

3.сөзмөр болот: таасирдүү, так - туура, кыска жана нуска сүйлөйт, сөз байлыгы кенен болот.

4.өз оюн жеңил топтоп, окуганын - көргөнүн айтууда же жазууда кыйналбайт.

5.эл менен тез тил табышып, жеңил мамиле кура алат.

6.эс тутуму жана чыгармачыл ой жүгүртүү жөндөмү күчтүү болот ж.б
Жаны класс жетекчи 5-класстын окуучуларына алгачкы сабагын отуп жатты..
Ал сабагында омурундо биринчи жолу жалган айтты. Жалганы ушул, "Мен баарынарды бирдей жакшы кором!" деп балдардын конулун алганы...
Эн арткы партада ар убак ойго баткан,тунт,
эч ким менен суйлошпогон Жоомарт аттуу бала отураар эле...Башка балдар менен кошулуп ойнобогон, кийимдери кир, озу да коптон бери жуунбагандыктан колу-бети кир баланы мугалим астыртан байкап журду.
Дайыма аны коргондо умутсуз, бактысыз бир баланы коргондой боло берчу...
Бир куну мугалим Жоомарттын оздук делосун алып,баштан аяк окуп чыкты.Анын буга чейинки таржымалдары жазылган барактарды окуп жатып чочуп кетти...
Мына,1-классындагы муноздомо: Акылдуу, зирек,элпек, шайыр,тапшырмасын оз убагында аткарат. Андан ары жакшы болуп баратып эле,анан 3-классындагы апасынын олуму...Атасынын балага жетиштуу конул бура албай жаткандыгы...
Анын окууга эч маани бербегендиги ж.б. жазылыптыр...Класс жетекчиге эми баары тушунуктуу эле. Дайыма туноруп отура берчу баланы бир эсе аяп,бир эсе анын жан дуйносуно жарык берууго аракет кылбагандыгы учун озунон озу уялды...
Ошентип,мугалимдер куну да келди...
Окуучулар эжейине кооз букеттерди, ар кандай белектерди тартуулап жатышты...
Алардын шатыра-шатман белектеринен айырмаланып, Жоомарттын белеги кыйла озгочо эле...Ал бырышкан баракка бирдемелерди ороп эжейине сунду...
Аларды карап турган окуучулардын козунчо ал белекти ачуудан айбыгып, бир эсе Жоомарттын конулун ойлоп,кагазга оролгон белекти астейдил ачты.Анын ичинде тугонойун деп калган атыр жана эски шуру бар экен.Аны коргон окуучулар классты жанырта шылдындап кулуп жиберишти.
Мугалим сыр бербестен,атырдын капкагын коомай ачып, билегине суйкоп, Жоомартка карап ыраазы боло жылмайганда,
каткырыктар тып басыла тушту...
Сабактар да бутту. Окуучулардын артында калган Жоомарт,эжейин жалооруй тиктей:
"Эжей, бугун кечке апамдын жытындай жыттанып журдунуз"-деп ыраазычылыгын билдирип, коштошуп чыгып кетти...
Жоомарттын созунон кийин,класста жалгыз калган мугалим эч кимге коргозбой ыйлап-
ыйлап алды...Ошол кундон тарта айрыкча Жоомартка озгочо конул буруп,аны менен сырдаш болуп,конулун которо суйлоп,
"мыкты окуп жатасын"деп кубаттап,жакшы маанай тартуулаган сайын бала мурункудай тунорбой, конулу куунак тарта баштады.
Жыл аягында Жоомарт мектепти
"эн жакшы"деген баалар менен аяктады.
Мугалимдин жыл башындагы"Мен баарынарды бирдей жакшы кором"деген создун жалганы ушул эле...Анткени ал башкаларга караганда Жоомартка сыйы артып,аны озгочо жакшы корор эле...
Убакыт учкан куш демекчи, ал класстагы окуучулар мектепти аякташып,туш-тарапка кетишкен сон,бир куну мугалимге Жоомарттан кат келди. Кат жан дуйнонун теренинен жазылганы сезилип турду...
Каттын мазмуну мындайча эле:
"Жашоомдо апамдан кийинки эле жакшы адамым сиз болдунуз! Сиз менин кыйрайын деген тунт жашоомо жарык нур болдунуз.
Сиз мен учун дагы деле эн жакын,асыл адамымсыз!"-деп келип,медициналык чон окуу жайын бутуп илим жолунда жургондугун жана ушул кесип менен эмгектенип жатканы жазылыптыр.Каттын сонунда аты-жонунун жанына "доктор"деген соз кошулуп жазылыптыр...Соз сонунда жакында уйлоно тургандыгы жана тоюна сыйлуу конок болуп кетуусун суранган отунучун кыстарыптыр.Мугалим эжейи токтоосуз макул болуп,Жоомарттын маркум апасы себинген атырдан себинип, апасынын баягы белекке берилген шурусун тагынып, кубануу менен той устуно кирип барды.Жоомарт мугалими эмес,оз апасы келгендей кубануу менен тосуп алды.
Ал экоону карап тургандар эне-бала го деп ойлоору шексиз эле...Жоомарт асыл адамын бекем кучактап, "Апа! Мага ишенгениниз учун абдан ыраазымын!Рахмат сизге, апаке!"-деп шыбырады.
А эжейи болсо, "Жаныласын, сен мага коп нерсени уйроттун! Чыныгы мугалимдикти мага мына сен уйроттун,уулум!" деп козунун жашын суртту...
Бул кубанычтын коз жашы эле...