Китеп ааламы
1.21K subscribers
462 photos
24 videos
3 files
Ассаламу алейкум!
Урматтуу окурман!
Бул каналда
Китептин асыл ойлорун🌸
Цитата, Афоризмдер📝🌈
Мотивация🔥
Эстетикалык суроттор 🏞 менен болушуп турам!
Жеке байланыш жана реклама учун @Aizat_Almazbekova
Download Telegram
Кыял- бул Максат.

Кыял менен максат эриш-аркак жүрүп,алдыга койгон максатыңыз так жана конкреттүү болсун.
Мисалы сиз "көп акча табышым керек" деп кыялдандыңыз дейли.
Ал акчаны таап жатасыз, бирок ошол акчалар билинбей эле колдон учуп жатат. Же болбосо "Англис тилин үйрөнөм" деп максат коюп жүрдүңүз, бирок ал тилде эч ким менен баарлашпай турасыз. Андыктан акчаны тапкандан кийин каяка жумшаарынызды, тил үйрөнгөндө ким менен сүйлөшөөрүңүздү же кандай жумушка кирээринизди элестетиңиз.
Кыялдар максатка жетелейт. Сиз адамдарды же болуп жаткан окуяларды өзгөртө албайсыз.
Бирок өзүңүздү өзгөртүү менен
кыялдарынызды оорундатып, максаттарынызга жете аласыз.
Ким бирөөгө зарыл эмес көз жашың
Азап тарткан кубанган да өз башың
Ар бир адам өз милдетин өтөсүн
Өз отуңа өзүн күйүп өтөсүң

Тирүүлүктүн өзүн жеңип капасын
Турмушундун өзүн оңдо катасын
Жап-жалгызсын көп адамдын ичинде
Көрүңө да жалгыз барып жатасың.
Б. Жамгырчиев
Адам баласы эс алуунун кандай гана түрүн ойлоп таппасын, табигый түрүнө эч нерсе жетпейт. Жаныбыз табиятта гана эс алат, эргий түшөт. Күн сайын маңдайында окшош бөлмө дубалдары, кашында бийик үйлөр, көчөдө эл агымы, кезектешкен унаалар түркүн кубулуштар.........
Шаардагы бул тыгыздыктар мейкиндикти гана толтурбай адам мээсинде дагы жер ээлейт тарлатат кабыл алууга таасир этет. Өзгөчө дүйнөнү жаңы таанып келе жаткан балдардын көз карашын чектейт. Алар үчүн төрт тарабын караса да учу-кыйыры жок ЧЕКСИЗДИКти көрүп туруу абдан пайдалуу .
Эс алгандан сырткары: ой жүгүртүүсүн тездетет, кенендикти сездирет, бийиктиктен саресеп салганды, текши баамдоону, анализ кылганды жакшыртат!
С.Абдинабиева.
Кыял- бул Максат.

Кыял менен максат эриш-аркак жүрүп,алдыга койгон максатыңыз так жана конкреттүү болсун.
Мисалы сиз "көп акча табышым керек" деп кыялдандыңыз дейли.
Ал акчаны таап жатасыз, бирок ошол акчалар билинбей эле колдон учуп жатат. Же болбосо "Англис тилин үйрөнөм" деп максат коюп жүрдүңүз, бирок ал тилде эч ким менен баарлашпай турасыз. Андыктан акчаны тапкандан кийин каяка жумшаарынызды, тил үйрөнгөндө ким менен сүйлөшөөрүңүздү же кандай жумушка кирээринизди элестетиңиз.
Кыялдар максатка жетелейт. Сиз адамдарды же болуп жаткан окуяларды өзгөртө албайсыз.
Бирок өзүңүздү өзгөртүү менен
кыялдарынызды оорундатып, максаттарынызга жете аласыз.
Кубаныч жолу😊
Эн жакшы нерсе бул жүрөктүн кубануусу жана бейпилдикте тынчтыкта болуусу, жүрөк кубанычта болсо, акыл да бир калыпта болот, артыкчылыктарга жетишет, көңүл да куунак болот. Кээ бир инсандар айткан экен: Кубаныч бул бир өзүнчө окулуучу сабак, ким аны кантип табууну, ага кантип жетүүнү билген болсо, анда ал бактылуу болот, турмуштун жакшы нерселеринен пайдалана билет.
Кубанычты издөөдө эң негизгиси бул чыдамкайлык керек канчалык кыйынчылыктар болсо да ага сабыр кылуу зарыл, анча-мынча болор-болбос нерселерге кайгырып капаланбоо керек, жүрөк канчалык кубаттуу жана таза болсо ошончолук көңүл куунак болот.🌸
Капаланба📚
Өткөн ишти эстеп аны кайра козгоп ошол үчүн кайгыга батуу бул акмакчылыкка жатат.
Акылдуу инсан өткөн ишти жаап аны айтпайт, түбөлүккө бекитип аны ачпайт жип менен аны катуу байлап эч качан чыгарбайт, жолун тозуп эч качан көргөзбөйт, анткени өткөн иш өтүп кетти, кайгыга батса да аны кайтара, албайт, капаланса да аны оңдой албайт, тынчсызданса да кайра артка кайрый албайт, анткени ал жок нерсе өтүп кеткен кайгы капанын астында жашаба, мурунку коркунучту эстебей, өз жаныңды куткар.
Дарыянын өйдө карай агуусун, күндүн чыккан жерине кайтуусун, наристенин эненин курсагына кайра кирүүсүн, сүттүн эмчекке кайтуусун, көз жаштын кайра көзгө кайтуусун каалайсыңбы?
Өткөн ишти кайра козгогондугуң, ал жөнүндө сар сарсанаа болуп, күйүп-жангандыгың, ал эшиктин астанасына жыгылгандыгың, өзүңдү өзүң азап кайгыга коркунучка салганың.
Өткөн иштин барактарын ачуу келечекти жок кылат, алдыга болгон аракетти да бузуп салат, учурдагы аракетти да кыйратып салат.❤️
Ты меня никoгда не забудешь,
забывайся в другиx, веселись.
А на утро, кoгда - нибудь, в осень,
вдруг прошепчешь :

"xотя бы приснись."
@iskustvol
@iskustvol
Адамдар сиз аларды кандай көрсөңүз ошондой болуп эсептелишет, эгерде аларды жакшы ой менен карасаңыз, сизге да жакшы болот, ошол эле убакта аларга да жакшы болот, бул нерседен алар дагы да жакшы жакка өзгөрөт, сиз дагы. Бул - жөн гана нерсе!
Максим Горький📚