Китеп ааламы
1.2K subscribers
462 photos
24 videos
3 files
Ассаламу алейкум!
Урматтуу окурман!
Бул каналда
Китептин асыл ойлорун🌸
Цитата, Афоризмдер📝🌈
Мотивация🔥
Эстетикалык суроттор 🏞 менен болушуп турам!
Жеке байланыш жана реклама учун @Aizat_Almazbekova
Download Telegram
Кайсы элден жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты!
Кылымда кыздын аты улук
Кыргызда кыздын чачы улуу
Кызыгын көрбөйт дүйнөнүн
Кыз сыйлабас макулук.
Бактылуулук, жан дүйнөнүн тынчтыгында.
Менден көптөгөн жаман сапаттарды байкап жатсаңыз, ошол терс сапаттар сизде дагы бар!

Менден жакшы мүнөздү, адептүүлүктү, өзгөчө баалуулуктарды байкасаңыз ушул өзгөчөлүктөр дагы сизде бар.
Суйун Калчаев
Өзүбүздү тапканда, өзүбүзгө жараша, дүйнө, өмүрлүк жар, чөйрө, достор, пайда болот.

Суйун Калчаев
Жакшылар сендей болот
Жактырган мендей болот
Махабат таарынганда
Маалкатып келбей коет
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
ИСКУССТВО - бул СИЗ !❤️
Кайрадан ойлор басты уйку бербей
Жатамын общагада көз ирмебей
Жалгыздык тун менен сүйлөшкөндөй
Ар тараптан кыйнады го өчөшкөндөй

Түндөсү көпчүлүгү ойго батат
Жалгыздык ого бетер сазга тартат
Ойго батып сазды көздөй бара жатам
Куткаруучу сен өзүңсүң асыл адам

Бирок билем аркага кайрылбайсын
Мени карап жылмаюуудан баш тарткансын
Артта кундор кала берди тарых болуп
Жоолукканда эч сүйлөбөй уялгансын
Мүмкүнчүлүгүм болбой жатат деген сөз - болбогон сөз!



Биринчиден, ниет, каалоо болсо мүмкүнчүлүк бардык жерде табылат. Мисалы, уйкуңуз келсе мүмкүнчүлүктү күтпөй эле уктайсыз.

Экинчиден, ар бир адамга Жараткан өзү көтөрө ала турган сыноо берет. Кимдин эрки күчтүү болсо өнүгүү, өсүү болот.
Артка эмес алдыга жылабыз. Алсыз эмес күчтүү болобуз. Кумурскага да, төөгө да өздөрү көтөрө ала тургандай жүк берилет.

Үчүнчүдөн, ар бир адамдын өзүнүн потенциалы бар.
P.S. Мүмкүнчүлүгүм жок. Бул - эрки алсыз адамдын жообу. Бул шылтоо болушу мүмкүн, тереңинде жасай турган, бара турган ниети деле жок. Мындай учурда ага мүмкүнчүлүк берген, жардам берген же ага ишенип алган чоң ката болот.
Бул илимсиздиктен, тажырыйбасыздыктан болушу мүмкүн, мындай учурда ачык айтып, түшүндүрүп коюу зарыл.

Мындай учурда ишеним берүү керек. Ишеним адамды өстүрөт, чоң үмүт пайда болот.
Ниети болсо башка материкте жашаса да, караңгы болсо да коркпой келет. Жер түбүнөн болсо да, казып болсо да мүмкүнчүлүк табат. Өзгөрүү өзүбүздөн