Жөнөкөй жашоо🌷
467 subscribers
479 photos
103 videos
30 files
24 links
Жөнөкөй студенттик
жашоом - бул баракчада.🌱

📜 кыргызча күндөлүк
окуйм 📖
жазам✍️✉️
бөлүшөм🌛

Жөнөкөй адамдын, жөнөкөй жашоосунан өзгөчө окуялар. ✨️💕
Download Telegram
Тынчтык🌸🌷
Уйкунун 12 түрү🌙

1. Өкүнүчкө себеп боло турган уйку.
Таң атаар убакта уктап жатуу. Илимий мажлис болуп жатканда уктоо да өкүнүчкө себеп болот🌷

2. Бейкапар уйку.
Таң атып баратканда уктап жатуу. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) кызы Фатимага: "Таңда уктап жатпагын, себеби бул убакта үч нерсе «Жакшылык, Адеп, Береке» бөлүнөт"- деген. Ким таң атып баратканда уктап жатса, ушул 3 нерседен кур калат.🌷

3. Кедейликке себеп боло турган уйку.
Багымдаттан кийин күн чыкканча уктап жатуу кедейликке, дубаналыкка жана карыздарлыкка себеп болот.🌷

4. Сүннөт уйку.
Күн көтөрүлүп бешим намазына чейин боло турган аралыктагы бул уйку "кайлула" делет. Бул акылды көбөйтөт.🌷

5. Бидъаат уйку.
Бешим намазы убактысындагы уйку.🌷

6. Келесоолукка себеп болгон уйку.
Аср намазынан кийинки уйку келесоолукка себеп болот.🌷

7. Азапка себеп болгон уйку.
Киши куптан намазын окубастан уктаса, бул дүйнөдө да акыретте да азапка калат.🌷

8. Адаттагы уйку.
Куптан намазынан кийинки адаттагы уйку.🌷

9. Зыян уйку.
Адам ибаадаттан кийин дубада, салаватта, кыраатта көзү кетип калса, зыян уйку болуп эсептелет.🌷

10.Ырахат уйку.
Оорулуулардын жана жаш балдардын уйкусу. Алар канча көп уктаса, пайда жана ырахат алышат.🌷

11. Ибаадат уйку.
Аалымдар, такыбалар жана орозо кармагандардын уйкусу. Киши куптан намазынан соң даарат алып уктаса, периштелердин сактоосунда болот.🌷

12. Керемет уйку.
Түндө ичи намаз окуп туруп, чарчап саждада уктап калуу.🌷
Kendime not 💌

“Yorulmuş olabilirsin, ama hayallerini seviyorsan devam etmek zorundasın"


Arayan bulur
Кандай жерде окуганың эмес,
Кандай окуганың маанилүү...
🌷
Жашагым келет, жашагым...
Түрк кофесин жасадык...


Жакты👍


TTEÖMER ❤️

Бул жерден жакшы адамдарды жолуктурдум...❤️🌷
Пайдалуу кеңеш

1.🎈Өзүңүздүн маанайыңызды көзөмөлгө алыңыз.

Мыкты маанай — эң маанилүү нерсе.
Аны мүмкүн болушунча узакка сактаганга аракет кылыңыз.
Бир нерсеге ачууңуз келген учурда өзүңүздү кармаңыз, ашыкча сүйлөбөңүз,
онго чейин санаңыз.

2. 🎈Эч ким менен урушпаңыз.
Эч кимге тийишпеңиз,
сизге башкалардын тийишүүсүнө да жол бербеңиз. Мындайды жакшы көргөндөрдөн айланып өтүңүз. Сиздин жиниңизге тийгендердин сөзүнө жооп кайтарбай эле койгонго аракет кылыңыз.
Андайларга таарынуу —
болгону нервиңизди болбогон нерсеге коротуу.

3. 🎈Баарын ичиңизге катпаңыз.
Таарынычтарды ичиңизге катпаңыз.
Сизди тынчсыздандырып жаткан нерсенин баарын өз учурунда тиешелүү адамга айтып, чечишип алыңыздар. Убагында айтылбай калган сөз кийин сөзсүз түрдө карама-каршылыктарга жеткирет.
Ушул нерсеге жол бербеңиз.

4. 🎈Көбүрөөк жылмайыңыз.
Күлкү — бул маанайды чагылдыруучу гана нерсе эмес, көнүгүү да болуп эсептелинет. Анткени, ал кан айланууну,
тамак сиңирүүнү жакшыртат. Айлана-чөйрөңүздөгү адамдар сиздин жашооңузда чоң роль ойнойт. Андыктан, түнт, мүнөзү оор адамдардан алыс болуп, жашоону сүйгөн, шайыр, ачык көңүл адамдар менен дос болуңуз.

5. 🎈Дайыма иш менен алек болуңуз.
Жумушу бар адам — бактылуу адам.
Анын бирөө менен урушканга, ушакташканга, кайгырууга убактысы болбойт. Иш менен алек болгон адамдын жашоосу кызыктуу, жаркын, окуяларга толтура болот.

6. 🎈Ашыкча сарсанаага батпаңыз.
Сарсанаа болуу көп адамдарда адатка айланган.
Бирок бул жаман адат,
андан арылуу зарыл.
Кыжаалат болгонуңуз эч нерсеге жардам бербейт, болгону ал сиздин күчүңүздү алат. Кандайдыр бир аракет жасоо керек болгондо күчүңүз жок калат. Кайгы — көп оорулардын булагы.

Окуп жана бөлүшүңүз,
мүмкүн кимдир бирөөгө кереги тиет...
TTEÖMER ❤️
Yaptığın her şey boşa gitmez 🌷