ПАЙДАЛУУ ИЛИМ
3.14K subscribers
546 photos
37 videos
587 links
Download Telegram
بسم الله الرحمن الرحيم
Forwarded from ИсламЖолу
СУРОО - ЖООПТОР



Чыныгы байлык деп эмнени айтабыз?

Жооп:
Пайгамбар ﷺ айтты: "Байлык бул - дүйнөнүн жакшылыктарынын көптүгү эмес. Бирок, [чыныгы] байлык - бул жан-дүйнөнүн байлыгы" (Муслим: 1051)




Адамга дажжалданда өткөн коркунчучтуурак эмне бар?

Жооп :
Cилер үчүн Дажжалдан да коркунучтуураак нерсе айтайынбы? Бул жашыруун ширк (рия): бирөө карап турганын көрүп калып, намазын ал үчүн кооздоо.




Күнөө кылууданда дагы шайтанга сүйкүмдүүрөөк эмне амал бар?

Жооп :
Суфян (Аллах ырайымына алсын) айтты:
"Бидаат башка күнөөлөргө караганда шайтанга сүйкүмдүүрөөк. Анткени башка күнөөлөрдөн тооба кылынат, бирок бидааттан тооба жок"




Күнөөнүн кандай зыяндары бар адам үчүн бул дүйнөдө?

Жооп :
Күнөөлөрдүн кесепети.
Аллах Таала айтты : "Силерге жеткен ар бир балээ-кырсык кылган күнөөңөр себептүү. Аллах [силерге] көбүн кечирүүдө."
(Куран, Шуура: 30)




Кайсыл амалдар Аллага эң сүйкүмдүү?

Жооп :
Аллахка эң сүйкүмдүү амал кайсы?
-Пайгамбар ﷺ айтты: "Өз учурунда окулган #намаз".
-Андан соң кайсы?
-#Ата_эне'ге жакшылык кылуу.
(Бухари)




Пайгамбарбыбыз ﷺ жашоосунун акырында үммөтүнө эмне осуят кылган?

Жооп:
Пайгамбарыбыздын ﷺ өлөөрүндөгү акыркы сөзү "Намаз, намаз" болду: үммөтүнө берген акыркы насааты - намаздарын калтырбай окуулары болду!




Иштерим женилдеп кетиши үчүн эмне кылсам болот?

Жооп:
Аллах Таалай айтты:
"Ким Аллахка такыбачылык кылса, анын ишин жеңилдетип коёт... анын күнөөлөрүн өчүрөт жана сообун көбөйтөт"
(Куран, Талак: 4-5)




Жашоодогу кыйынчылыктардан чыгышым үчүн эмне кылуум керек?

Жооп:
Аллах Таала айтты: "Ким Аллахка такыбачылык кылса ага [кыйынчылыктан чыгууга] жол жасап коёт жана өзү күтпөгөн жерден ырыскы берет"
(Талак сүрөсү, 2-3 аяттар)




Тааныштарым бир нерсеге жетсе ичим тарый берет?

Жооп:
Бирөөгө көз артпа. Алла ага берди
Сен билбейсиң андан эмнени алганын

Сенден Алла бир нерсе алса капаланба
Сен билбейсиң сага эмне берээрин!


©ИсламЖолу
#ширк

1⃣Эң кечирилгис күнөө кайсыл ?

Жооп :

Аллах Таала айтты : "Чындыгында, Аллах Ага шерик кошууну кечирбейт. Андан башкасын кимге кааласа кечирет. Ким Аллахка шерик кошсо өтө катуу адашыптыр" (Нисаа 116- аят)
#ырыскы

2⃣Адамдарга ырыскылардын ар кандай өлчөм менен бөлүшүндө эмне даанышмандык бар?`

Жооп :

Алллах Таала айтты : “Эгер Аллах пенделерине ырыскысын кенен кылса, алар жерде чектен ашып кетишмек. Бирок аны Өзү каалагандай ченем менен түшүрүп турат” (Аш- шура 27-аят)
#өзүн_өлтүрүү

3⃣Адам өзүн өлтүрсө эмне болот?


Жооп :

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Ким өзүн бир нерсе менен өлтүрсө - Аллах аны Тозок отунда ошол нерсе менен азаптайт"
📗(Муслим: 110)

Аллах Таала айтты :
Өзүңөрдү өлтүрбөгүлө! Аллах силерге Мээримдүү. Ким душманчылык, заалымдык менен ошенте турган болсо - Биз аны Тозокто күйгүзөбүз
(Куран 4:29-30)
#кайгы

4⃣Эмнеге жүрөккө кайгы капа келет?


Кайгы капалар эки тараптан пайда болот :

Биринчиси : Дүйнөгө катуу умтулуу жана ага толугу менен берилүү.

Экинчиси : Ибадат жана сооп амалдарды толук аткарбоо.



❒ Ибн ал- Коййим (رحمه الله) :
📝❪ عـدة الصـابريـن ❪ صـ ٢٦٥ ❫📚
#ширк

5⃣Көзү ачыктар кайыпты биле алышабы?


Жооп :
Төлгөчүлөр, астрологдор, көзү ачыктар жана башалар кайыпты биле алышпайт.

Аллах Таала айтты : "Аллахтан башка, асман-жердегинин бирөөсү да, кайыпты билишпейт" (27:65)
#намаз

6⃣Беш маал намазды бир убакытга чогутуп окуп койсом болобу?


Жооп :
Намазды каза кылуу - чоң күнөө.

Аллах Таала айтты:"Чындыгында намазды өз убагында окуу - момун мусулмандар үчүн парз болду"
(Куран 4:103)
#эки_жүздүүлүк

8⃣Эки жүздүү болуп калыштан коркомун, эки жүздүүлүктүн кандай белгилери бар?


❗️ЖООП:

Пайгамбар ﷺ айткан:

Эки жүздүү мунафиктин
4 белгиси
бар:
- Сүйлөсө калп айтат
- Убада берсе аткарбайт
- Келишим түзсө кыянат кылат
- Бир адам менен талаш уруша кетсе чектен чыгып кетет.

📚(Муслим)

9⃣ Адам өлгөндөн кийин кандай сооптор кабырына барып турат?

❗️ЖООП :

Пайгамбар ﷺ айткан:

Адам өлгөндө бардык амалдары үзүлөт, үчөөнөн башкасы:
- Садака жария (куруп кеткен мечит, жол, көпүрө у.с
- Пайда алып келүүчү илим (жазып кеткен китептери, окуткан окуучулары, элге үйрөткөн сабактары)
- Ал үчүн дуа кылып турган солих перзенти ( Намаз окуп, түз жолдо жүргөн баласы)

📚(Муслим: 1631)

🔟 Эң негизгиси жүрөк таза болуп, ыйманың болсо болду - деп калышат?


✒️ Шейх Мухаммад Солих
аль–Усеймин رحمه الله


❗️ЖООП :

Ыйман өзү гана жетишсиз, аны сөзсүз сооптуу амал коштоосу зарыл. Ошол үчүн кээбир салафтарга “Лаа илааха илла Аллах" Бейиштин ачкычы эмеспи?, б.а. ким аны айтса ал үчүн Бейиштин эшиги ачык эмеспи" деп суроо берилгенде, алар: “Ооба, бирок тиштери жок ачкыч ача алабы?!" деп жооп беришкен.

📚"Тафсир Сура аль-Кахф 1/10"


Жүрөгү таза адам амал кылат. Сөз менен айтып ЫЙМАНЫМ бар деп бирок амалы жок - бул өтө кооптуу нерсе.


Ыйман - бул жүрөк менен ишенип, тил менен айтып, дене менен аткаруу.

1⃣1⃣ Ширк кылган адамга кандай коркунучтар бар ?


❗️ЖООП:

Адам ширк кылса :

⛔️ Кылган сооп амалы кабыл болбойт
⛔️ Бул дүйнөдө тынчтыкта жашай албайт.
⛔️ Акыретте зыянга учурайт
⛔️ Кылган бардык амалдары жок болуп кетет
⛔️ Аллахтын ырайымынан айдалат
⛔️ Күнөөсү кечирилбейт
⛔️ Тозокко кирет
⛔️ Тозокто түбөлүк калат
⛔️ Бейиш ага арам болот
⛔️ Аллахтын каарына түшөт
⛔️ Эң чоң адашууда болот


Жогорудагы айтылган бөлүктөргө ар бирине Куран - хадистен далилдер бар
.

Урматтуу тууган, ойлонуп көрүнүзчү кандай бактысыздык - эгерде ширк кылып өтүп кеткен болсок! Аллах сактасын!

Ошол үчүн Пайгамбар саллаллаху алейхи уа салам 10 жыл элин, ширктен арылып Жалгыз Аллага гана ибадатты арноого чакырып келди. Он жыл ичинде намаз, орозо, зекетге чакырган жок. Себеби адам ширктен арылып Жалгыз Аллахка ибадатты арнабаса кылган ибадаттарынан пайда жок.

1⃣3⃣СУРОО

Исламды туура түшүнүп, илим алгым келет, оболу эмнеден баштаймын?

❗️ЖООП :

Биринчи Таухидди үйрөнүңүз – Исламдын эң улуу илими.
Илимдин кадыры – ал эмнени окутат – ошого жараша бийик болот. Аллахты тааныткан илим - кантип эң улуу илим наамына ээ болбосун!

Эмне үчүн Таухид окуйбуз

⛔️ Таухидсиз ибадат туура болбойт.

🕌 Адамдын жаралуу максатынын сыры – Таухид.

📚 Аллах түшүргөн ыйык китептердин негизи – Таухид.

Пайгамбарлардын дааватынын маңызы – Таухид.

🌹 Биздин Пайгамбар Мухаммад ﷺ эң биринчи айткан жана өлөөрүндө бизге эскерткен нерсе – Таухид
1⃣4⃣СУРОО

Жашоо тирилик деп ибадатга чыгына албаган адамдын абалы кандай?

❗️ЖООП :

Кимде ким курсагы менен жыныстык мүчөсүн гана ойлоп жашаса - анда ал айбандардан болуп саналат.

✒️Ибн Хиббан (رحمه الله)
📚 (Равдат аль-Укала: 349)
1⃣5⃣СУРОО

Кайсыл учурда ибадат кабыл болбой, ага сооп жазылбай калат?


❗️️ЖООП:

Ибадат эки шартка ылайык келсе гана Аллах алдында кабыл болот. Экөөнүн бирөөсү эле жок болсо ибадат жокко чыгат.

1️⃣ Биринчи шарт – ыклас: ибадатты Аллахка гана багыттоо, ширктен таза болуу.

⚠️ Даарат бузулса намаз кабыл болбогондой эле, ыклас бузулса ибадат кабыл болбойт. Аллахка сыйынып, кийин ширк кылсаң – амалдарың күйүп кетет.

2️⃣ Экинчи шарт – Пайгамбарды ﷺ ээрчүү.

⚠️ Пайгамбар ибадат деп көрсөтпөгөн иш – диндеги жаңылык болуп эсептелет, Аллах алдында кабыл болбойт, ибадат деп эсептелбейт.

Ошондуктан Пайгамбар ﷺ айтты: “Ким биздин уруксатыбыз болбогон нерсе[ни динден деп] аткарса – ал кайтарылатхадистин башка вариантында айтылат “Ким биздин ишибизге [динибизге] анда болбогон жаңы бир нерсе киргизсе – ал кайтарылат” 📘 (Бухари, Муслим).

⚠️ Амал ибадат деп эсептелиш үчүн сөзсүз Шарияттагы далилге негизделиши лазым. Жакшы максат же түз ниет деп кылынган менен – эгер Пайгамбар ﷺ ал нерсеге уруксат бербеген болсо – ал амал “бидаат” деген өкүм алат. Эгер киши Аллахка жакындап жатам деп ойлоп, бирок динде бидаат жасап жатса ага амалы пайда бербейт. Ага сооп жок. Тескерисинче амалы зыян гана берет, себеби ал күнөө.


👤 Автор: Солих ибн Фаузан аль-Фаузан, Сауд
Аравиясынын "Фетвалар боюнча туруктуу комитетинин" мүчөсү, "Чоң аалымдар кеңешинин" мүчөсү.

1⃣6⃣Эмне үчүн Шаабан айында орозо көп кармоо керек?

❗️ЖООП:


Пайгамбардан ﷺ сурайт: “Оо, Аллахтын Элчиси, сизди шаабанда орозо туткандай башка айларда көрбөдүм”. Ал жооп берди: “Адамдар бул айды ражаб менен рамазандын ортосунда унутуп калышат. Бул айда амалдар ааламдардын Раббисине көтөрүлөт. Мен каалайт элем амалдарым көтөрүлүп жатканда орозодо болуумду”.
📚(ан-Насаи 2357. Хадис хасан)

Аиша (радиаллаху анха) айтат: “Шабанда орозо туткандай Пайгамбар ﷺ башка бир да айда орозо тутчу эмес. Кээде шабандын бардыгын орозо кылып, кичине эле бөлүгүн калтырып койчу”.
(📚 Бухари 1970, Муслим 1156)


Эскертүү‼️

Эки күндөн кийин Шаабан айы башталат
.

1⃣7⃣Кыямат жакындап калдыбы?

❗️ЖООП:


“Кыямат качан болот деп сураганыңда эч даанышмандык (пайда) жок. Ал эми эмне амал кылып атам жана кантип ал күнгө даярданам деп суроо чыныгы даанышмандык”


✒️Шейх Солих ал-Фаузан  (حفظه الله )
📚(Минхату ар-Роббания 89- бет)