Раатбеков
175 subscribers
2 photos
1 file
Download Telegram
Channel created
46. Жана ал экөөнүн (бейиштик жана тозоктуктардын) ортосунда тосмо дубал бар. Жана Аьрофта (тосмонун үстү жагында) көптөгөн кишилер болот ( жакшы, жаман иштери тең болуп калган). Алар ар бирин (бейиштикти, тозоктукту) өз белгилеринен таанышат. Жана бейиш ээлерине үн салышат: “Тынчтык болсун силерге”. Алар али бейишке кирише элек, бирок үмүттөнүп турушат.

47. Жана качан алардын көздөрү тозок ээлери тарапка бурулган учурда айтышат: “ Эй, Роббибиз, бизди заалым коом менен бирге кылбагын”.

Аьроф сүрөөсү 46 47 аяттар.


Бейиш эли менен тозок элинин ортосунда тосмо бар. Бул тосмо “Аъраф” деп аталат. Каалгалары абдан бийик болуп, тозоктун эли канчалык аракет кылып урунушса да, андан өтүп, бейишке кире алышпайт. Бейиш менен тозоктун ортосунда тосмо болуп турган бийик жана кең каалга Аърафтын үстүндө адамдар бар. Аъраф ээлери жакшылык жана жамандыктары барабар болуп, же бейишке же тозокко өкүм кылынбай калган кишилер. “

Аъраф ээлеринин” жакшылыгы менен жамандыгы барабар болуп калып, бейишке да, тозокко да өкүм болбой калып, бейишти үмүт кылып тургандар, ошолордун өздөрү болот, Ошол “Аъраф ээлери” аларга бейишке кирерден мурда: “Сизге салам болсун”, деп турган болушат. ‚

Качан көздөрү тозок ээлери тарапка бурулуп калса; “О, Роббибиз, бизди заалым коомдор менен бирге кыла көрбө”, дешет. Тозок ээлеринин акыбалы чындыгында аянычтуу. Ошол заалым коомдордун тозоктогу абалын көргөн ар бир пенде, эрксизден Алла Тааладан өзүн алар менен бирге кылбоону
өтүнүп сурашаары турган кеп.

КОШУМЧА ТҮШҮНДҮРМӨЛӨР!

Аъраф эли кимдер, кайсы адамдар? Булар акыретте тозок отунан куткарылып, бирок бейишке мына эми киребиз деп турган адамдар. Аъраф сөзүнүн мааниси Хадид сүрөөсүндө чечмеленет. Махшар майданында адамдар үч топ болушат.

Биринчи тобу каапырлар, мушриктер, Аларды Сыроот көпүрөсүнө келтирбей эле, ачылган тозок эшигине түртүп киргизишет.

Экинчиси ыймандын нуру болгон момундар,

үчүнчүсү мунафыктар.

Булар башында момундар менен бирге болушат да, Сыроот көпүрөсүнө келгенде, аларды өтө катуу караңгылык каптап калат. Момундар ыймандын нурунун жарыгында алдыга басып кете беришет. Мунафыктар момундарды: «Токтой турсаңар, силердин нуруңардын жарыгынан пайдаланалы», дешет.

Ошондо Алла Таала тараптан бир жарчы айтат:

«Силер артка кайткыла, нур, жарыктыкты издегиле». Мунун мааниси, ыймандын жана жакшы амалдын нуру, аны ала турган жай жашоо дүйнөсү болчу, эми бул акырет дүйнөсүндө берилбейт, дегенди билдирет.

Ошол маалда момундар менен мунафыктардын ортосуна бир чеп-дубал тургузулат, анын бир дарбазасы болот, анын сыртынан азап көрүнүп турат, ички тарабында момундар болот. Алар Алла Тааланын мээримине бөлөнүп, бейиш чөйрөсүндө болушат.
Ибн жарир жана башка тафсир имамдарынын айтуусуна ылайык бул аятта бийик чеп хижаб
деп, ал эми Хадид сүрөөсүндө сур деп, ал эми ошол чептин үстүнкү бөлүгү өзүнчө бөлүнүп алыстан көрүнүп тургандыктан «аъраф» деп айтылат.

«Аъраф» «руф» деген сөздүн көптүк түрү. Ушул тафсирден бейиш жана тозоктун ортосунда турган чептин үстүңкү бөлүгү Аъраф экендиги маалым болот. | Аъраф аятында айтылып жаткан Махшар майданында бир канча адамдар болот жана алар бейиш жана тозоктуктардын абалдарын көрүп, алардын бири бири менен сүйлөшкөндөрүн, суроо жоопторун угуп турушат. Эми ошол ортолук жайда тургандар кимдер, эмне үчүн алар ал жерде турушат?

Булар жөнүндө муфассирлердин ар кандай пикирлер жана бир топ хадистер дагы бар. Эң туурасы көпчүлүк муфассирлердин ою боюнча, булар жакшы, жаман амалдары, сооп, күнөөсү таразада тең болуп калган адамдар. Алар тозоктон куткарылышкан, бирок күнөөлөрүнүн себебинен бейишке кире албай арасат жайда турган адамдар. Бирок, Алла Тааланын мээрими менен акырында бейишке киришет.

Аларды Аъраф жайына тургузганы, бейиш жана тозоктуктардын эсеп-китебинен кийин буларга да чечим чыгарылып, ` күнөөлөрү кечирилип, акырында бейишке киргизилет. (Ибн Касиир). Ибн Мардавий (рахм.ал.) Жаабир ибн Абдуллоодон (р.а.) риваят кылат, Пайгамбардан саллаллоху алейхи уа салламдан
Аъраф эли тууралуу сурашканда, алар ушундай адамдар ата
энесинин ыраазылыгы жана уруксатысыз согушка катышып, анда шейит болгондор, деген. Аларды бейишке кирүүсүнөн ата-энелерине тоң моюндук }
кылгандары токтотуп, ал эми тозокко кирүүлөрүнөн шейит болгондуктары тосуп турат. Мурдагы хадис менен бул хадистин ортосунда эч кандай карама-каршылык жок (Ибн Касиир).

Салам берүүдөгү сүннөт сөзү

Аъраф элинин ким экендиги менен таанышкандан кийин аяттын мазмунуна өтсөк, Аъраф эли бейиштиктерге «Салаамун алайкум» деп үн салышат. Бул сөз бул дүйнөдөгү да учурашуу сөзү, сый, урмат катары жолугушканда айтылат жана сүннөт болуп эсептелет. Бул кабыр зыяратында дагы, Махшар майданында дагы жана бейиште дагы айтылуучу сөз. Аят жана хадистерден бул дүйнөдө «ас салааму алайкум», ал эми акыретте алиф ламсыз эле

салаамун алайкум — силерге тынчтык болсун, жакшы иш кылдыңар, эми » бейишке киргиле, деп айтуу сүннөт экени белгилүү болот. Бул жерде дагы аърафтыктар бейиш элине «салаамун алайкум» деп ушул сөз менен кайрылып жатат. Периштелер дагы бейиштиктерди күтүп алганда ушул сөз менен учурашат. “САЛААМУН АЛАЙКУМТТИБТУМ ФАДХУЛУХАА ХООЛИДИИН - СИЛЕРГЕ ТЫНЧТЫК БОЛСУН, силер өтө жакшы иш кылдыңар, ошондуктан бейишке киргиле түбөлүккө, деп.
Нух а.с дын коомунун көпчүлүгүү ыйманды кабыл албай коёт.
Натыйжада Аллах аларды жазалап жер жүзүн баардыгын суу каптайт.
Алладан аян келет ар бир жаныбардын бир ургачы жана бир эркегин кемеге өзүң менен кошо жүктө деген.

Нух а.с жаныбарларга жыныстык катнаш кылууга тыюу салат.
Себеби кемеде жаныбарлар көбөйүп жана кеме сууга чөгүп кетпөөсү үчүн.

Ит өзүнүн ургачысы менен жыныстык катнаш кылып жатканын мышык 😂 көрүп калып, Нух а.с айтып барат.

Итти чакырып эмнеге андай кылдың мен тыюу салбадым беле десе, ит мойнуна албай коюп, мышык жалганчы болуп калат.
Анан Нух а.с дуба кылат.
Ким кемеде жыныстык катнаш кылса, жармашып калсын деп.

Ит дагы өзүнүн ургачысы менен жыныстык катнаш кылып, жармашып калат. Аны мышык көрүп калып бүт баардык жаныбарларга жайып, бүт баарын чакырат.
Ит аябай уятка калат да, ит да жүрөгүнөн кайгыланып мышыка каршы дуба кылат.
Аллах иттин дубасын кабыл алат.

Натыйжада ит жыныстык катнаш кылса жармашып кала турган болду, а мышык жыныстык катнаш кылууну каалаган кезде эки үчкүн катуу мыёлой турган болуп калды.

Мышык иттин айыбын жашыруу керек эле. Пайгамбар Нух а.с га айтып барбастан.

Ошол күндөн азыркы күнгө чейин иттин балдары жана мышыктын балдары бири бирин жаман көрүп келишет.😂

Конец.