т𝕣ĮĆк𝕪 в𝐨ⓨ ♤💔
205 subscribers
53 photos
467 videos
5 links
🅐🅡🅐🅛🅐🅢🅗ʙидᴇᴏ 🎥
ᴋᴀᴩᴛинᴋи 🌌
ᎷᏢ3 ʍуɜ 🎧
Download Telegram
Бакыт
Периштелер бакыттын кадырына жетпеген адам баласына сабак бергиси келиптир. "Келгиле, бакытты жашырып коёлу, ушундай жашырайлы адам баласы оңойу менен таба албасын, аракет кылсын, кыйналсын, бакытты тапканда анын кадырына жете турган болушсун" дешиптир.
Бирок, бакытты жашырганы жер жүзүнөн ылайыктуу орун таба албай коюшуптур.
Ошондо араларынан бирөөсү чыгып:" Келгиле, жакшысы бакытты адамдын өзүнүн ичине, жүрөгүнө жашыралы, алар бакытты издейт экен өздөрүнө, жүрөгүнө назар салуу эч кимисинин акылына келбейт" дептир.