АКЫРЕТКЕ ДАЯРДЫК🕌🕋
5.56K subscribers
1.17K photos
523 videos
1.31K links
Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу☝🏻❤️

📖Куран аяттар
🕋Хадистер
🕌Сүннөт амалдар
⚡️Баяндар
📲👨‍👩‍👦 ✔️Диний маалыматтар
📷Өзүм тарткан видео сүрөттөр

КАНАЛГА КАТТАЛЫП, ДҮЙНӨЛҮК ЖАНА, АКЫРЕТТИК ПАЙДА АЛЫҢЫЗДАР

🧕🏻https://t.me/polotovaAiz
Download Telegram
Live stream finished (3 minutes)
Live stream finished (1 hour)
Аллахтын сиз менен бизге берген дагы бир Жума күнү Маарек болсун, Аллахым ар бирибизге үй бүлөөбүзгө жана ошондой эле жалпы Пайгамбарыбыз с.а.в дын үммөтүнө берекелүү пайдалуу кылып берген болсун.

Ассалому алейкум рахматуллахи ва баракатух.

СубханАллах🌹
Альхамдулиллах🌸
Аллаху Акбар🌼


Катталыңыз!
➤➤https://t.me/Akyretke_daiardyk

➤➤https://t.me/Akyretke_daiardyk_2
*БАЙ ЖАНА АЖАЛ*

Бир бай өлүмдөн аябай коркчу экен. Андыктан ал: “Сен мага келериңде эскертип кой, мен даярданып алайын” деп өлүмдөн суранат, буга ажал макул болуп, экөө бул боюнча келишим түзөт.

Ошондон соң бай өлүмдөн коркпой: “Алдын ала ажал өзү эскертип койо тургандан кийин коркуп эмне? Ал мага “даярдан” деп эскерткенде гана бүт күнөөлөрүмдү жууп, Кудайга тобо келтирип, одүйнөгө даярдана баштайм”,- деп беймарал жашай баштап, анын бир гана “дагы да кантип байыш керек?”- деген санаасы калып, арам да, адал да жолдор менен акча таба берет. Ушинтип ал бир топ жыл жашайт.

Ошентип жүргөндө анын короосунан ажал бир улакты алып кетет. Бирок мындай чириген бай үчүн бир улак кеп бекен! Бул тууралуу ал ойлонуп да койбойт. Андан көп өтпөй анын аты, буйволу баш болуп малдарынын улам бири өлө берип, көп чыгымдар болот. Бай: “Өлгөнгө мал болсун, башыбыз аман болсо мал табылат”,- деп мында да өлүмдү көп тогото бербейт. Дагы бир топ убакыт өтүп балдарынан ооруп, алардан каза болгондору да болот.

Анан жаркырап тийип турган күндөрдүн биринде байдын көзгө басар аялын да ажал алып тынат. Бирок мында да бай өлүм жөнүндө көп ойлоно бербей: “Мага өлүм эскертүү бере элек”,- деп көр тириликке баш оту менен кирип, болгон чыгымдарын толуктоо менен алпурушуп жүрө берет. Бирок бир күнү капысынан эле ажал анын алдынан чыгып: “Баскын! Сенин убагың келди”,- деп колунан сүйрөйт.

Буга коркуудан мурда ачуусу келген бай: “Сен эмне берген убадаңа турган жоксуң?”- деп ажалдын өзүнө доомат кылат. “Кандайча эскерткен жокмун? Көп эле жолу эскертпедимби!”- дейт ажал. “Качан эскерттиң? Андан көрө ал келишим тууралуу унутуп калыптырмын деп чыныңды айтпайсыңбы, ажал башың менен апыртпай. Азыр эми мен сени менен бара албайм.

Анткени мен одүйнөгө өтүүгө даярданган жокмун. Кудайга тобо келтирбедим, күнөөлөрүмдү жуубадым”,- деп бай күйүп-бышып жиберет. “Кандайча мен сага жакын калганымды эскертпей койдум? Эскертмек тургай ар бир күнү мен сенин эшигиңди тыкылдатып жүрдүм. Малдарыңдан алып аттым, балдарыңа да бардым, акырында өмүрлүк жолдошуңду алып, өзүңө бир эле карыш калганымды эскерттим. Кебетеңе караганда сен мени тоготпогондой түрүң бар. Көзүңдү май басып, кулагыңа алтын тыйындардын шыңгырынан башка эч нерсе угулбай калгандай. Бас кеттик!- деп ажал байды колунан жетелеп жөнөгөн экен.

Катталыңыз!
➤➤https://t.me/Akyretke_daiardyk
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
МУСУЛМАН БОЛГОНУБУЗГА ШУГУР КЫЛАЛЫ....

МАКСАТБЕК АЖЫ ТОКТОМУШЕВ УСТАЗ


https://t.me/Akyretke_daiardyk
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
АСТЫНАН МЫШЫК ОТУПКЕТСЕ ЭМНЕ БОЛОТ...

https://t.me/Akyretke_daiardyk
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
ЭН ЖАКШЫ АМАЛ КАЙСЫ...?

https://t.me/Akyretke_daiardyk
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
КАБЫРДА АЗАПТАЛГАН УЧ ТУРДУУ АДАМ....


https://t.me/Akyretke_daiardyk
➤ Пайгамбарыбыз ﷺ Ашура күнүнө өзгөчө көңүл бурган, ал күнү орозо тутууга шашылган. Абдуллах ибну Аббас айтат:⠀

«Пайгамбар ﷺ артыкчылыкка ээ болгон күндөрдүн арасынан мына ушул Ашура күнүнүн орозосуна айрыкча көңүл бурганын көрдүм». (Сахих Бухари, 1867)

📌 ЭСКЕРТҮҮ!!!

Быйыл 2022-жылы Ашура күнү 8-август күнү болот.
https://t.me/Akyretke_daiardyk
🔴 БИР ЖЫЛДЫК КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛИШИНЕ СЕБЕП БОЛГОН АШУРА КҮН

🔹 АШУРА КҮНҮ ДЕГЕН КАНДАЙ КҮН?

Ашура күнү – Мухаррам айынын 10-күнүнө туш келген күн. Быйылкы 2022-жылы 8-августка туура келет.

🔹 БУЛ КҮНҮ КАНДАЙ ИБАДАТТАРДЫ АТКАРУУ КЕРЕК?

Ашура күнү орозо тутуу сүннөт болуп саналат. Анткени Аллах таала ушул күнү Муса пайгамбарды Фараон жана анын аскеринен куткарган. Ошол себептен улам Аллахка шүгүр кылуу максатында бул күнү орозо тутуу сүннөт.

🔹 АШУРА КҮНҮНҮН ОРОЗОСУ ТУУРАЛУУ ШАРИЯТТА КАНДАЙ ДАЛИЛДЕР КЕЛГЕН?*

Абу Катада, радыяллаху анху, риваят кылат: «Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыздан ﷺ Ашура күнүндөгү орозо тууралуу сурашканда, ал: *«Ашура күнүндөгү орозо – өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп үмүттөнөм»,– деп жооп берди».* (Сахих Муслим, 1976)
Бул хадистен Ашура күнүнүн орозосу бир жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болорун билебиз. 

🔹 БУЛ КҮНДӨГҮ ОРОЗО КАНТИП ТУТУЛАТ?

Ашура күнүндөгү орозо 3 түрдө тутулат:
1) Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы жана кийинки күндөрү да орозо тутуу. Ошондо үч күн (7-8-9-август күндөрү) катар орозо тутулат.
2) Ашура күнү менен анын алдыңкы күнү (7-8-август күндөрү) орозо тутуу же Ашура күнү менен андан кийинки күнү (8-9-август күндөрү) орозо тутуу.
3) Ашура күнү эле (8-август күнү) орозо тутуу.
Мына ушул үч түрдүн бирөөсүнө туура келгендей орозо тутсаңыз, Ашура күнүндөгү орозону туура туткан болосуз.

🔹 БУЛ КҮНДҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ КАНДАЙ?

– Пайгамбарыбыздын сүннөтүн аткарып, Ашуранын орозосун тутуу мустахаб болуп эсептелет.
– Бул күнү пайгамбарыбыз ﷺ да, сахабалар да жана Муса пайгамбар да Аллахка шүгүр келтирүү максатында орозо тутушкан.
– Бул күн байыркы замандан бери өзгөчөлөнүп келген улуу күн.
– Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы же кийинки күнү орозо тутуу сүннөт. Анткени жөөттөр Ашура күнү гана орозо тутушкан. Пайгамбарыбыз аларга каршы болуу максатыңда анын алдыңкы күнүн же кийинки күнүн кошуп туткула деп айткан. 
– Бул хадистен жыл эсеби эзелтен айдын жаңырышына карата эсептелгенин билебиз. Анткени Аллахтын элчиси ﷺ айткан хадисте Мухаррамдын 10-күнү Фараонду аскери менен кошо жок кылган деп келген.

Мусулман бир тууган! Бул күн дагы Аллах тааланын бизге берген улуу күндөрүнөн. Кимде-ким Ашура орозосун тутса, анда өткөн жылдагы күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот. Мына ошондуктан бул күндөгү орозону сөзсүз карма. Анткени Аллах таала айткандай:
«Чындыгында, жакшы иш-аракеттер күнөөлөрдү кетирет». Худ сүрөөсү (11:14)

Аллах таала Ашура күнүндөгү орозону тутууну баарыбызга насип этсин жана туткан орозобузду өткөн жылдагы күнөөлөрүбүздүн кечирилүүсүнө себеп кылсын. Аамин!

Катталыңыз!
➤➤https://t.me/Akyretke_daiardyk
*🔴 ПАЙГАМБАРЫБЫЗ ﷺ АШУРА КҮНҮ ОРОЗО ТУТУУСУНУН СЕБЕБИ*

Пайгамбарыбыз ﷺ Ашура күнү өзү да орозо туткан жана башкаларды да орозо тутууга чакырган. Абдуллах ибну Аббас айтат:

«Пайгамбар ﷺ Мединага келгенде, ал жерде жашаган жөөттөрдүн Ашура күнү орозо тутуп жатышкандарын көрдү. Ошондо алардан: «Бул эмне?» – деп сураганда, алар: «Бул касиеттүү күн. Бул күнү Аллах Исраил урпактарын душмандан куткарган. Ошол себептен Муса орозо кармаган» – деп жооп беришти. Ошондо пайгамбар ﷺ айтты: *«Мен силерге караганда Мусанын алдында акылуумун» – деп өзү орозо кармады жана башкаларды да орозо кармоого буйруду».* (Сахих Бухари, 1865)

Бул хадистин Имам Муслим келтирген риваятында *«Бул күн улуу күн. Аллах ушул күнү Мусаны жана анын элин Фараон менен анын коомун сууга чөктүрүү менен куткарган»* деп айтылган.

Ал эми «Муса орозо туткан» дегенге кошумча катары Имам Муслимдин риваятында «ал Аллахка шүгүр кылуу үчүн орозо кармаган, биз дагы кармайбыз» деп айтылган. Ал эми Имам Бухаринин башка бир риваятында «Биз дагы бул күндү улуктап орозо кармайбыз» деп келген.

Ал эми «Аларды орозо кармоого буйруду» дегенге Имам Бухаринин башка риваятында мындай деп келет: «Пайгамбар ﷺ сахабаларына *«Силер аларга караганда Мусанын алдында акыңар көбүрөөк. Андыктан орозо туткула».*

*📌 ЭСКЕРТҮҮ!!!*

*Быйыл 2022-жылы Ашура күнү 8-август күнү болот.*

Ашура күнгө карата ооз бекитүү жана ооз ачуу убактыларынын календарын төмөнкү шилтеме аркылуу көчүрүңүз:

Катталыңыз!
➤➤https://t.me/Akyretke_daiardyk
Катталыңыз ➤https://t.me/Akyretke_daiardyk
Катталыңыз>>>
https://t.me/Akyretke_daiardyk