АКЫРЕТКЕ ДАЯРДЫК🕌🕋
5.74K subscribers
1.17K photos
525 videos
1.32K links
Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу☝🏻❤️

📖Куран аяттар
🕋Хадистер
🕌Сүннөт амалдар
⚡️Баяндар
📲👨‍👩‍👦 ✔️Диний маалыматтар
📷Өзүм тарткан видео сүрөттөр

КАНАЛГА КАТТАЛЫП, ДҮЙНӨЛҮК ЖАНА, АКЫРЕТТИК ПАЙДА АЛЫҢЫЗДАР

🧕🏻https://t.me/polotovaAiz
Download Telegram
🍀🍀🍀🍀🍀🍀🍀🍀

Шайтандын азгырыктарынан кантип сактанабыз

Шайтандан жана анын желдеттеринен сактануунун негизги жол – Аллахка кайрылуу. Аллах Таала пайгамбарыбызга кайрылып: «Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү!» деп айткан. (Аьроф сүрөсү, 199-200-аяттар).

Дагы бир аятта: «Айткын: «Оо, Роббим! Мен шайтандын азгырыгынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!» (Муминуун сүрөсү, 97-аят).

Демек, ким чын ыклас менен Аллахка кайрылып, шайтандын азгырыгынан сактоону суранса, Аллах аны шайтандын азгырыгынан сактайт.

Шайтандан сактануу сөзүн айтуучу орундар:

1. Ажатканага кирүүдөн алдын.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ажатканага кирүүдөн алдын: «Аллахумма иннии аъуузу бика минал хубси вал хабааис» - деп айтчу. Мааниси: «Аллахым, жин-шайтандын эркек-ургаачысынан сактооңду суранам».

2. Ачуу келген учурда.

Сулайман бин Сирд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Бир жолу эки адам урушуп кетип, ачууланып, бети кызарып чыккан бири экинчисин жаман сөз менен тилдеп жиберди. Аларды көрүп калган пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Мен бир сөз билем. Ким бул сөздү айтса, анын ачуусу тарап кетет. Бул «Аьуузу биллахи минаш-шайтоонир-рожиим» деген сөз» – деди.
(Бухари, Муслим).

3. Эшектин айкырыгын уккан мезгилде.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Эгер эшек айкырса, шайтандан сактоону суранып Аллахка кайрылгыла» – деп айткан.
(Табарани).

4. Куран окуган мезгилде.

Аллах Таала Куранда: «Куран окуган учурда таш бараң кылынган шайтандан сактоону суранып Аллахка кайрыл» – деп айткан.
(Нахл сүрөсү, 97аят).

◦✧✿ ﷽ ✿✧◦

Катталыңыз!
➤➤https://t.me/polotovvaai
🌴 108-КҮН🌴

АЗИРЕТИ НУХ (А.С.)

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ: "Нухту өз журтуна: "Элиңе оор азап келе электе эскерткин" деп жибердик". ("Нух"* сүрөсү; 1-аят)

🌴 ХАДИС:"Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мынтип айткан:_
"Кыямат күнү Нух (а.с.) менен үммөттөрү Аллахтын алдына келишет. Аллах андан:

- Менин динимди жеткирдиңби? - деп сурайт.

- Ооба! Оо, Жараткан!* - дейт Нух (а.с.)

Аллах бул жолу үммөттөрүнөн:

- Нух (а.с.) силерге динди жеткирдиби? - деп сурайт._

- Жок! Бизге Пайгамбар келген жок, - дейт үммөттөрү.

Аллах Нухка (а.с.) кайрылып:

- Ким айткандарыңды сага далилдеп бере алат? - дейт._

Нух (а.с.):

- Мухаммад (с.а.в.) жана анын үммөтү,- дегенде менин үммөттөрүм:

- Азирети Нух (а.с.) динди (аларга) жеткирген,* - деп күбөгө өтүшөт". (Абу Саид).

🌴 ОКУЯ: АЗИРЕТИ НУХТУН (А.С.) КЕМЕСИ

Азирети Нух пайгамбар (а.с.) элди Аллахтын адал жолуна күчүнүн жетишинче аракет кылып чакырат. Бирок саналуу гана адамдар анын сөзүнө кулак төшөп, Аллахтын адал жолуна түшкөн эле. Ошондуктан Нух пайгамбар (а.с.) Аллахка алакан жая дуба кылып жалбарат. Аллах ага: "Эй, Нух! Кайгырба! Мен туура жолго түшпөгөн адамдарды оор азапка салып жазалайм. Алардын баары жок болот!" деп кабар берет.

Ошондой эле Аллах Азирети Нух пайгамбарга (а.с.) бир бороон жибере тургандыгын, ишенбегендерди жазага тартаарын, ишенгендерди куткаруу үчүн бир кеме жасашын, бул кеме менен адал жолдогулар кутула тургандыгын билдирет. Ошентип Нух пайгамбар (а.с.) кеме жасай баштайт. Кеменин жасап болгон соң Жараткан Аллах Азирети Нух пайгамбарга (а.с.) кемеге ошол кездеги дүйнөдөгү болгон жаныбарлардын ар биринен бирден алып, өзүнө ишенгендер менен чогуу кемеге салуусун буйруйт. Азирети Нух пайгамбар (а.с.) буйрукту аткарган соң уулу үчүн сарсанаа болот. Анткени уулу Жаратканга ишенбеген каапырлардын катарында эле. Азирети Нух пайгамбар (а.с.) Аллахка:

- Уулумдун абалы эмне болот? Ал дагы менин бүлөмдүн бир мүчөсү эле, - деп кайрылат.

Анда Аллах:

- Жок, Нух! Ал сенин үй-бүлөңдөн эмес, анткени ал Мага ишенбейт. Сен ал үчүн капа болбо! Ким мага ишенсе, мына ошол сенин үй-бүлөңдөн болот! - дейт._

Ошентип көптөн күткөн убакыт да келет. Албууттанган топон суу каапырлардын баарына, алардын арасында Азирети Нух пайгамбардын (а.с.) уулун дагы жууп кетет.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Катталыңыз!
➤➤https://t.me/polotovvaai