Аллах жүрөктөрдүн ээси💛
58 subscribers
80 photos
69 videos
1 link
Оо ЖАРАТКАНЫМ!!!
Мен сага кандай гана учур болбосун муктажмын.
Жашоомдо бактылуу учур болгон кезде да,
жан дүйнөм өрттөнгөн кезде да мен сага гана муктаж алсыз пендеңмин йаа расул Аллах🧡.
ЧЫНДЫГЫНДА СЕН ЖҮРӨКТӨРДҮН ЭЭСИСИҢ.
Download Telegram
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Күн батса эртеңкиси таң болот,
Өлгөн соң тирилүүчү жан болот.
Ар бир жан сурак берип ал Күнү,
Бейиштиктер ойноп күлчү шаң болот.

Жаша сен жошоодо жаңылбай,
Өкүнүп ар бир жанга кагылбай.
Сооп иш, аягы чоң кубаныч,
Сүйүнүп жаңы аткан таңыңдай.

Батса эгер күнүң сенин баягы,
Ойлобо! "Бул жашоомдун аягы".
Бирин берип, бирин алган Зат болот,
Бейиштикке жолдомо го сыягы.

Бул дүйнө бар болгону беш күндүк,
Жошоодо жаңылбоого баш бурдук.
Жыгылып кайра бутка турсак да,
Аллага ишенүүдө тик турдук.

Шайтан ал жолдон сени азгырган,
Максаты бул "кайгыларга батырган".
Жалган дүйнө жакшы жашоо башаты,
Алданба, бекем карман жашыңдан.

Каримов Жээнали
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Аллахтын пендесине берген эң баалуу нематтарынын бири бул убакыт. Аны туура жана пайдалуу нерселерге иштетели.

Ал убакытка да Алланын астында жооп беребиз.