Бакай Мамбетказиев устаздын сабактары
1.36K subscribers
27 photos
8 files
305 links
🎙 "аль-Имам" Ислам университетинин (Эр-Рияд) бүтүрүүчүсү. 2002-2021-ж.ж. Сауд Арабиясында илим алган.

📹
www.youtube.com/@BakayUstaz

tiktok.com/@bakayustaz

instagram.com/bakayustaz

t.me/BakayUstaz_shorts
Download Telegram
17 - Хадис
Бакай Мамбетказиев
ан-Навави #40хадис 17-хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/211

📌 17-хадис:
Ихсан

📝 Хадистин тексти:

Абу Йаъла Шаддад ибн Аустан (радияЛлаху анху) риваят, Аллахтын Элчиси ﷺ айткан:
«Аллах Таала бардык нерсени чырайлуулук менен, жакшылап кылууну парз кылды. Андыктан эгер өлтүрсөңөр жакшылап өлтүргүлө, жана эгер мал сойсоңор жакшылап сойгула: ар бириңер бычагын жакшылап курчутсун, союп жаткан малын жеңил сойсун»
📚(Муслим).
200831_001
My Recording
ан-Навави #40хадис 18-хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/212

📌 18-хадис:
Жакшы кулк мүнөз

📝 Хадистин тексти:

Абу Зарр Жундуб ибн Жунада жана Абу Абду-р-Рахман Муаз ибн Жабал (радияЛлаху анхума) риваят кылышат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Каякта болсоң да Аллахтан корк. Бир жаман иш кылып койсоң, аны жууп кетсин үчүн, артынан жакшы иш аткар. Жана адамдарга жакшы кулк-мүнөз менен мамиле кыл!»
📚(Тирмизи).
19 -Хадис
Бакай Мамбетказиев
#40хадис 19-хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев

📡 https://t.me/BakayUstaz/213

Тагдырга болгон ыйман

Ибн Аббас (радияЛлаху анхума) айтты: “Бир күнү мен Аллахтын Элчисинин ﷺ артында бара жаттым эле. Ал айтты: «О, балакай! Мен сага айрым сөздөрдү үйрөтөйүн. Аллахты сакта, Аллах сени сактайт. Аллахты сакта, Аны алдыңан табасың. Эгер сурасаң, Аллахтан сура. Эгер жардам издесең, Аллахтан жардам изде. Билгиниң: эгер эл чогулуп бир нерседе сага пайда берели дешсе, Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат; эгер чогулушуп сага бир залал (зыян) келтирели дешсе, Аллах тагдырыңа жазганчалык гана залал бере алышат. Калем (кагаздан) көтөрүлгөн жана барактар кургаган» 📚(Тирмизи).
Риваятында келет: «Аллахты сакта, Аны бет алдыңан табасың. Аллахты бакубатчылык кезде тааны, Ал сени кыйынчылыкта тааныйт. Билгиниң, сага келген нерсе сени айланып өтүүсү мүмкүн эмес, ал эми сени айланып өткөн нерсе сага келип тийүүсү мүмкүн эмес. Билгиниң, сабырдан кийин жеңиш, кайгыдан кийин сүйүнүч, кыйынчылыктан кийин жеңилдик келет»
200913_001
My Recording
ан-Навави #40хадис 20-хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/214

📌 20-хадис:
Уяттуулук ыймандан

📝 Хадистин тексти:

Абу Масуд Укба ибн Амр аль-Ансари аль-Бадри (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Адамдарга мурунку пайгамбарлардан калган сөздөрдүн ичинде мындай бир сөз бар: ≼Эгер уялбасаң, билгениңди жасай бер≽»
📚(Бухари).
Audio
ан-Навави #40хадис 21-хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/215

📌 21-хадис:
Истикома

📝 Хадистин тексти:

Абу Амр (же Абу Амра) Суфиян ибн Абдуллах (радияЛлаху анху) айтты: “Мен айттым: «О Аллахтын Элчиси! Мага Ислам тууралуу ушунадй бир сөз айтыңыз, аны сизден башка эч кимден сурабайын». (Пайгамбар ﷺ ) айтты:
«Аллахка ыйман келтирем деп айткының да, андан соң (динде) түз жүргүнүң!»
📚(Муслим).
СУРОО ЖООП 1
Бакай Мамбетказиев
#СУРОО_ЖООП
(Инстаграм аркылуу сабак жана суроо-жооп. 26.09.2020-ж)

🎙 Устаз:
Бакай Мамбетказиев

0:00 - Таухид деген эмне? Ширктен тооба кылуу
4:36 - Өлгөндөн келген тамак
8:17 - Ниетти тил м'н айтуу. Жунуп абалда зикр айтуу
9:45 - Арам аралаш иш
10:33 - Күйөөм голубой
12:47 - Эмчектеш тууганчылык
14:52 - Аял м'н эркектин намазы
16:21 - Жаназа окулбай калган мейит
17:30 - Шайлоо. Добуш сатуу.
19:09 - Сапардагы жамъ, каср
20:23 - Бешик той акыйкабы?
21:22 - Садаканы колко кылуу
22:39 - Түн урсун, Кудайдын кулагы сүйүнсүн деп айтуу
25:40 - намаздан кийин дуада кол көтөрүү
27:02 - Күйөөм мени урат...
28:25 - Бала төрөлгөндө чачын алуу
28:45 - Чет өлкөдө иштөө сапарбы?
29:21 - Аял чачын тегиздетсе
30:45 - Музыка арам
31:46 - Гусул тартиби
32:55 - Сажда сахв
35:01 - Дуада эмне суралбайт
35:54 - Түйүлдүк уул же кыз төрөлсүн деп календарь м'н кошулуу
36:57 - Жалгыз окуганда азан коомат айтуу
37:54 - эки жашка чейин баланы эмчектен чыгаруу.

#түз_эфир

@BakayUstaz
Бакай Мамбетказиев устаздын сабактары
Photo
Аллах кааласа, ар жекшемби, устаз Бакай Мамбетказиев менен түз эфир аркылуу байланыш болуп турмакчы:

10:00 - суроо-жооп
Дареги: https://www.instagram.com/islamjolu

Шамдан кийин - ан-Нававинин 40-хадиси боюнча сабак
Дареги: https://mixlr.com/islamjolu

@BakayUstaz
Audio
🎙️ Бакай Мамбетказиев

Араб тилинин маанилүүлүгү

@bakayustaz
Audio
🎙 Бакай Мамбетказиев

06-октябрь Бишкектеги бийлик төңкөрүшү тууралуу

#түз_эфир #сабак

@BakayUstaz
Азыркы абал
Бакай Мамбетказиев
- Катаны ката жол менен өзгөртө албайбыз
- Тынчтыкты барктай билели

(Өлкөдөгү революция тууралуу баян)

🎙Устаз Бакай Мамбетказиев

#түз_эфир #бийлик

@BakayUstaz
Audio
Бийлик ээлерине дуа кылуу дегенди кандай түшүнөбүз?

🎙️Устаз Бакай Мамбетказиев

@BakayUstaz
Audio
Элдин пейилине жараша башчы келет

🎙️Устаз Бакай Мамбетказиев

@BakayUstaz
Audio
Тынчтык митинги деген барбы?

🎙️Устаз Бакай Мамбетказиев

@BakayUstaz
Audio
Трайбализм балээси

🎙️Устаз Бакай Мамбетказиев

@BakayUstaz
Бакай Мамбетказиев устаздын сабактары pinned «Аллах кааласа, ар жекшемби, устаз Бакай Мамбетказиев менен түз эфир аркылуу байланыш болуп турмакчы: 10:00 - суроо-жооп Дареги: https://www.instagram.com/islamjolu Шамдан кийин - ан-Нававинин 40-хадиси боюнча сабак Дареги: https://mixlr.com/islamjolu…»
Өлкө тынчтыгы
Бакай Мамбетказиев
Башаламандык балээси

(11-окт. эртең мененки сабак)

🎙 Устаз : Бакай Мамбетказиев

#түз_эфир #сабак #бийлик

https://t.me/BakayUstaz
22 - хадис
Бакай Мамбетказиев
ан-Навави #40хадис 22-хадис

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев
(аль-Имам университети, Сауд Арабиясы)

📡 https://t.me/BakayUstaz/236

📌 22-хадис:
Бейишке жол

📝 Хадистин тексти:

Абу Абдулла Жабир ибн Абдулла ал-Ансари (радияЛлаху анхума) айтат: “Бир киши Аллахтын Элчисинен ﷺ сурады:
«Кана мага айтып бериңизчи, эгер мен парз кылынган намаздарды түгөл окуп, Рамазан айында орозо тутуп, адалды адал деп, арамды арам деп жана ушулардан артык эч нерсе кылбасам, Бейишке кире аламбы?». (Аллахтын Элчиси ﷺ): «Ооба», - деди”.
📚(Муслим).
“арамды арам деп”, б.а. андан алыс болсом.
“адалды адал деп”, б.а. аны адал экенин ишенип аткарган болсом.