Бакай Мамбетказиев устаздын сабактары
1.37K subscribers
27 photos
8 files
308 links
🎙 "аль-Имам" Ислам университетинин (Эр-Рияд) бүтүрүүчүсү. 2002-2021-ж.ж. Сауд Арабиясында илим алган.

📹
www.youtube.com/@BakayUstaz

tiktok.com/@bakayustaz

instagram.com/bakayustaz

t.me/BakayUstaz_shorts
Download Telegram
Азыркы абал
Бакай Мамбетказиев
- Катаны ката жол менен өзгөртө албайбыз
- Тынчтыкты барктай билели

(Өлкөдөгү революция тууралуу баян)

🎙Устаз Бакай Мамбетказиев

#түз_эфир #бийлик

@BakayUstaz
Өлкө тынчтыгы
Бакай Мамбетказиев
Башаламандык балээси

(11-окт. эртең мененки сабак)

🎙 Устаз : Бакай Мамбетказиев

#түз_эфир #сабак #бийлик

https://t.me/BakayUstaz
Чагымчылдар колдонгон ыкма
Бакай Мамбетказиев
⚠️ Чагымчылдардын элди бийликке козутуудагы ыкмаларын билип алыңыз, жана ошондойлорго алданбаңыз!

🎙 Устаз : Бакай Мамбетказиев

#бийлик

https://t.me/BakayUstaz/241
Өлкө башчыга баш ийүү
Бакай Мамбетказиев
📌 Жаңы өлкө башчысы келди. Эми эмне...

🎙 Устаз: Бакай Мамбетказиев

#бийлик

📲 https://t.me/BakayUstaz/295
Аят-хадистер, далилдер (бийликке баш ийүү милдет экени тууралуу)
Бакай Мамбетказиев
📚 Эл башчыга баш ийүү милдеттүүлүгү тууралуу келген далилдер, аят-хадистер

🎙 Бакай Мамбетказиев

#бийлик

_____________

https://t.me/BakayUstaz/467
#бийлик

🔖 Баш ийүүнүн милдеттүүлүгү тууралуу далилдер, аят-хадистер

•┈┈┈┈•✿❁✿•┈┈┈┈•

1️⃣ Аллах Таала айтты:
О, ыйман келтиргендер! Аллахка баш ийгиле, Элчиге баш ийгиле жана өзүңөрдөн (мусулмандардан) болгон иш башчыңарга” (Куран, 4:59)

•┈┈┈┈•✿❁✿•┈┈┈┈•

2️⃣ Убада ибн Сомит айтты:
“Биз Пайгамбарга (соллаЛлооху алейхи ва саллам) убада (баят) бердик: эл башчыларды угабыз жана баш ийебиз - бизге жакканында да жакпаганында да, оордукта да жеңилдикте да, биздин үлүшүбүздү алып алышса да (асаро), жана эч качан мыйзамдуу башчыны кетирбейбиз качанга дейре андан ачык куфр (куфр баваах) көрмөюнчө жана Аллахтан ал нерсеге бизде ачык далил (бурхан) болмоюнча
📗 (Бухари: 7055, 7056; Муслим: 1709).

•┈┈┈┈•✿❁✿•┈┈┈┈•

3️⃣ Сахабалар сурашты: “О, Аллахтын элчиси! Өзүлөрүнүн акысын алган, бирок биздин акыбызды бербеген амирлер башыбызга келсе эмне кылуубузду буйруйсуз?”.
Расулаллах (соллаЛлооху алейхи ва саллам) айтты: “Уккула жана моюн сунгула. Себеби алар мойнундагы милдеттерине өзүлөрү жооп берет, силер мойнуңардагы милдетиңерге өзүңөр жооп бересиңер
📗 (Муслим: 1846)

•┈┈┈┈•✿❁✿•┈┈┈┈•

4️⃣ Аллахтын Элчиси (соллаЛлооху алейхи ва саллам) айтты: “Чындыгында, кимдин үстүнөн башчы дайындалса, жана анысы кандайдыр бир күнөө иш жасаганын көрсө – анын кылыгын жаман көрсүн, бирок баш ийүүдөн кетпесин
📗 (Муслим: 1855),
б.а. ушул күнөө ишинде баш ийилбейт, бирок негизинен баш ийүү кала берет жана калган жакшы иштерде итаат кылынат.

•┈┈┈┈•✿❁✿•┈┈┈┈•

5️⃣ Ибн Аббастан риваят Аллахтын Элчиси (соллаЛлооху алейхи ва саллам) айтты: “Ким өз башчысынан (амир) бир нерсесин жактырбаса сабыр кылсын. Себеби, адамдардан ким гана болбосун султандан бир карыш четке чыкса, жана ушул акыбалда өлсө – жахилия өлүмү менен өлүптүр
📗 (Муслим “Сахих :: Амирлерге баш ийүү бабы”: 1849).

•┈┈┈┈•✿❁✿•┈┈┈┈•

6️⃣ Пайгамбар (соллаЛлооху алейхи ва саллам) айтты: “Менден кийин силер адилетсиз тартып алуу (асаро) жана силер үчүн жаңы болгон жагымсыз иштерди көрөсүңөр”. Айтышты: “Бизге эмне буйруйсуз?”. Айтты: “Алардын (б.а. амирлердин) акыларын бергиле, өзүңөрдүн акыңарды Аллахтан сурагыла
📗 (Бухари “Сахих”:: “Китаб аль-Фитан” 7052; Муслим: 1843; Тирмизи: 2190).

Башка хадисте толукталат: “...сабыр кылгыла качанга дейре мени Хауздан жолукмайынча” (Бухари: 4330, Муслим: 1061). Хауз – Акыр Кыяматта момун мусулмандар иче турган кереметтүү көлмө.

7️⃣ Пайгамбар (соллаЛлооху алейхи ва саллам) айтты: “Баш ийүү бир гана жакшылык иштеринде
📗 (Бухари, Муслим: 1840)
Дагы айтты: “Угуу жана баш ийүү бул милдет, бирок качанга дейре алар (эл башчылары) күнөөнү буйруганга чейин
📗 (Бухари: 2955, 7144; Муслим: 1840)

══════ ❁✿❁ ══════

📲 https://t.me/BakayUstaz/469
Баш ийүү тууралуу аалымдардын цитаталары
Бакай Мамбетказиев
📚 Баш ийүү тууралуу аалымдардын цитаталары:
- Имам Ахмад "Усуль ас-Сунна" китебинде
- Имам ат-Тахави аль-Ханафи "Акыйда" китебинде

🎙 Бакай Мамбетказиев

#бийлик

_____________

📲 https://t.me/BakayUstaz/470
Фудейл ибн Ийад асары - эл башчыга дуа кылуу
Бакай Мамбетказиев
🤲 Фудейл ибн Ийад айтты:
"Эгер менин кабыл болчу дуам болгондо, мен аны бийлик ээси үчүн арнамакмын, себеби..."

🎙 Бакай Мамбетказиев

#бийлик #дуа
_____________
📲 https://t.me/BakayUstaz/472
Эл башчы күнөө кылып жатса кантип оңдоо керек
Бакай Мамбетказиев
Эл башчыны оңоо жолдору кандай

"Жамандык көрсөң колуң менен токтот, ага күчүң жетпесе тилиң менен токтот" делет го хадисте.
Демек, падыша күнөө иш кылып жатса, ага каршы чыгышыбыз керекпи, же жок дегенде эл астында сүйлөп аны айыптап чыгышыбыз керекпи?

#бийлик'тегилерге #даават кылуу жолу

🎙 Бакай Мамбетказиев
_____________
📲 https://t.me/BakayUstaz/473
Митинг демонстрациялар Батыштын мурасы
Бакай Мамбетказиев
💥 Митинг демонстрациялар - Батыштын мурасы, Исламдын эмес

#бийлик #митинг

🎙 Бакай Мамбетказиев
_____________

📲 https://t.me/BakayUstaz/475
Бийликке сатылып кеттиңерби
Бакай Мамбетказиев
⚡️ Эмне эле бийлик тууралуу көп сүйлөп калдыңар, эмне бийликке сатылып кеттиңерби?!

#бийлик

🎙 Бакай Мамбетказиев
_____________

📲 https://t.me/BakayUstaz/476
Казахстанда болгон 2022-ж. бийлик төңкөрүшү тууралуу
Бакай Мамбетказиев
🔥 Казакстанда болгон бийлик төңкөрүш аракети тууралуу (январь 2022)

🎙 Бакай Мамбетказиев

00:00 - дин, өмүр, мүлк, акыл, абийирдин Шариатта кол тийбестиги
02:42 - #бийлик'ке баш ийүү диндин негизги маселелеринен. Аны билбегендер көтөрүлүш кылып жатышат
07:26 - дин ж'а баш ийүү - тынчтыктын чоң себеби
08:29 - аят "Ыйман келтирип, ыймандарын зулумдук менен аралаштырбагандарга тынчтык жана туура жол бар" (Анъам, 82).
09:50 - баш ийүү жакшы иштерде гана болот.
10:27 - башчылардын айыптарын эл астында жайуу - тынчтыкты кетирет, баш аламандыкты баштайт.
11:52 - Казахстанда болгон нерсе бизге да сабак.
13:00 - соц. тармак аркылуу таркаган маалыматты тактаганды билели.
14:50 - тынчтыктын баркын аны жоготкондор билет.
16:00 - падыша ууру, заалым болсо да, ага каршы чыгуу болбойт тууралуу хадистер.
20:00 - канткенде акыбал өзгөрөт?
23:40 - тынчтык болсун деп дуа жасоо
24:39 - тынчтык жоголсо ачарчылык келет. Курайш сүрөсү
26:20 - эми ким жоопкерчиликтүү?
30:00 - истигфардын пайдасы

📲 https://t.me/BakayUstaz/497