Бакай Мамбетказиев устаздын сабактары
1.38K subscribers
27 photos
8 files
310 links
🎙 "аль-Имам" Ислам университетинин (Эр-Рияд) бүтүрүүчүсү. 2002-2021-ж.ж. Сауд Арабиясында илим алган.

📹
www.youtube.com/@BakayUstaz

tiktok.com/@bakayustaz

instagram.com/bakayustaz

t.me/BakayUstaz_shorts
Download Telegram
Үй-бүлө 05 - Үй-бүлөнү бекемдөө үчүн кеңештер
Бакай Мамбетказиев
Нике - 5-сабак

Тема: Үй-бүлөнү бекемдөө жана аны сактоо тууралуу кеңештер

00:00 - Киришүү
05:01 - Үй-бүлөлүк жашоо оңой эмес, жоопкерчилиги чоң. Ачуусу, таттуусу болот.
07:23 - Кыз киши, башка үйгө барып, батып кетүүгө моралдык жактан даяр болуш керек.
08:22 - Эркек дагы, бирөөнүн кызын үйүнө алып келгенден кийин жоопкерчиликти сезип, ошого даярданышы керек.
09:10 - Жубайлар үй-бүлө кургандан кийин берилген ырыскыга канаат кылышсын. Инстаграмдагы "жомок" жашоону көрүп таасирленишпесин.
10:50 - "Өзүңөрдөн төмөн жашагандарды карагыла" (хадис)
13:03 - Бири бириңерди башкалар менен салыштырбагыла!
16:04 - Чечим чыгарууга шашпа.
17:15 - "Момун эркек, момун аялды жек көрбөсүн" (хадис)
18:32 - Ажырашууга шашылба! Талак эч болбой калгандагы акыркы чечим!

#нике_сабактары #үй_бүлө #аял #кеңештер

📲 https://t.me/BakayUstaz/616
Үй-бүлө 05 - суроо-жооп
Бакай Мамбетказиев
Нике - 5-сабак (Суроо-Жооп)

00:00 - "Жаман аялдар жаман эркектер үчүн, жаман эркектер жаман аялдар үчүн" деген аятты кандай түшүнөбүз?
02:58 - Эгер жубайлар ажырашпайлы деп чечим кылып, бирок ынтымакка келе алышпай жатса - келишим түзүшсө болот, - деген аяттын тафсири.
05:20 - Аял күйөөсүнүн фамилиясын алуусу.
06:44 - Аял кайненеси менен чогу жашай албай башка үйгө бөлүнүүсү.
08:03 - Зынаа кылбаш үчүн нике кылышты, бирок балалуу болууга ниет жок.
10:01 - Аят: "Аялдарыңар менен үрп-адатка ылайык жашагыла"...
11:16 - Аялын төшөк жана материалдык жактан камсыз кыла албайт...
12:46 - Мурунку күйөөңдөн талак алгансыңбы деп сураса ачууланышат.
14:06 - Аялга үй иштерин кылуусу парзбы?
15:16 - Аялым төшөк маселесинде мени беймаза кылып келет
16:48 - Талак маселелирди ар ким жеке сурасын
17:52 - Эң жакшы аял.
20:07 - Эркек үй-бүлөсүнө короткон акча садака деп жазылат.

#нике_сабактары #суроо_жооп

📲 https://t.me/BakayUstaz/617
Үй-бүлө 06 - Эркектин үй-бүлөдөгү милдеттери
Бакай Мамбетказиев
Нике - 6-сабак

Тема: Эркектин үй-бүлөдөгү милдеттери

00:00 - Үй-бүлөдөгү эркектин милдеттери
08:02 - Үй-бүлөгө динди үйрөтүү парз
10:30 - "Силердин араңарда эң жакшыңар, үй-бүлөсүнө эң мыкты мамиле кылгандар"
11:11- Пайдалуу кеңеш!
13:11- Пайгамбардын ﷺ бир жакшы осуяты.
16:54 - Аялдарга жакшы мамиле кылынуу.
18:21 - Аял динди үйрөнсө оңолот.
19:03 - Аялды оңдобой, таштап койуу болбойт.
22:42 - Тарбия берем деп катуу мамиле кылуу.
25:18 - Пайгамбардын ﷺ өмүр баяны аялдарга жакшы мамиле жасоону үйрөтөт.

Суроо-жооп:

27:09 - күйөөм чечкүндүү эмес...
30:17 - кайнене келин маселеси
33:22 - аял коркутуу максатта талак суроо
35:09 - үй-бүлө турмушка даяр болбой чыгып алып...
42:52 - аялым жоолук салынбайт...
44:16 - күйөөсү намаз окубаса
45:46 - көп аял алуу
47:00 - дүкөнгө ж.б. чыкса да күйөөсүнүн уруксат сураш керекпи?
49:11 - тамаки чекпейм деп, никеден кийин чегет экени билинип калды...

#нике_сабактары #үй_бүлө #аял #күйөө #эркек #милдеттер

📲 https://t.me/BakayUstaz/624
Үй-бүлө 07 - Аялдын үй-бүлөдөгү милдеттери
Бакай Мамбетказиев
Нике - 7-сабак

Тема: Аялдын үй-бүлөдөгү милдеттери

01:55 - Күйөөгө баш ийүү
06:05 - Аялдардын Бейишке каалаган эшигинен кирүүсү
06:33 - Күйөөсү аялдын Бейиши же Тозогу
07:20 - Күйөөсүнө күнөө иштерде баш ийүүгө болбойт
08:50 - Күйөөсүнүн уруксаты жок сыртка чыгууга болбойт.
Үйгө байланыштуу нерселер боюнча күйөөсүнүн уруксатын алуу шарт.
14:16 - Төшөк мамилесинен себепсиз качууга болбойт.
16:14 - Күйөөсүнө кызмат кылуу.
27:15 - Үй-бүлөнү буза турган себептер.

⁉️ Суроо-жооп:

45:21 - Бала тарбиялоо же жумуш?
47:32 - Күйөөсүнүн акчасынан алып, садака берүү.
48:32 - Фиктивный развод.
49:19 - Күйөөсүнө "намаз оку" деп айтуу.
51:15 - "Кайсыл коомду аял башкарса, алар ийгиликке жетишишпейт", - деген хадис үй-бүлөгө да тиешелүүбү?
55:09 - Кайсыл себептер менен аял талак сураса болот?
57:37 - Эркек үй-бүлөсүн толук камсыз кыла албаса, ага карыз деп жазылабы?
59:49 - Мас күйөөсү төшөккө чакырса, аялы баш тартса болобу?

#нике_сабактары #үй_бүлө #аял #милдеттер #суроо_жооп

📲 https://t.me/BakayUstaz/632
Үй-бүлө 08 - Кайнене келин мамилеси
Бакай Мамбетказиев
Нике - 8-сабак

Тема: Кайнене келин мамилеси

00:00 - Кириш сөз
02:35 - Адам болгондон кийин, ар кимдин өзүнүн мүнөзү жана ой-пикири болот.
04:00 - Аял заты назик, унутчаак, сезимтал келет.
05:22 - Түшүнбөстүктөр каяктан чыгат?
07:05 - Үй-бүлөдөгү эркектин чоң ролу. Адилеттүүлүк.
09:15 - Келин үй кызматын кылууга милдеттүүбү?
11:47 - Жалпы адамзатка мамиле кылуудагы эреже. "Тагафуль" деген эмне?
17:30 - Курандагы алака кылуу эрежеси.
22:48 - Жакшылык, аманчылык, саламатчылыктын 10 бөлүгү
26:13 - Мүнөздү Куранга ылайыкташтыруу. Жакшы адеп-ахлакты дуа кылып Аллахтан сурануу.

⁉️ Суроо-жооп:

37:23 - кайненем келиндерине жаман мамиле жасайт...
45:03 - жеке суроо
46:32 - ажырашкам, бирок кайненем азыркыга чейин жаман мамиле жасайт
49:53 - кайнатасы канчалык деңгээлде балдарынын жашоосуна кийлигише алат?
54:13 - коноктор көп келет, ар дайым аларга кызмат кылам
56:36 - ата-эненин талабы м'н ажырашуу

#нике_сабактары #үй_бүлө #кайнене #келин #милдеттер #суроо_жооп

📲 https://t.me/BakayUstaz/635
Үй-бүлө 09 - Кош бойлуулук жана эмизүү өкүмдөрү
Бакай Мамбетказиев
Нике - 9-сабак

Тема: Кош бойлуулук жана эмизүү өкүмдөрү

01:03 - Аял менен күйөөсү жыныстык катнаш алдын дуа кылуулары.
02:57 - Боюнда бар аялдын айыз көрүүсү кездешеби?
04:44 - Боюнда бар аял төрөөр алдында келчү кан жана ошо кандын өкүмү.
07:42 - Төрөт алдын келчү суюктук, суу.
09:16 - Кош бойлуу аялдын орозосу.
12:40 - Курсактагы бала үчүн фитир садака берилеби?
14:52 - Кош бойлуу аял күйөөсү менен жыныстык катнаш кылса болобу?
15:30 - Күйөөсү өлсө аза күтүү мөөнөтү (идда)
18:13 - Боюнда бар аялга талак берсе болобу жана анын иддасы.

#нике_сабактары #үй_бүлө #аял #эмизүү #төрөт

📲 https://t.me/BakayUstaz/645
Үй-бүлө 10 - Балдарды тарбиялоо: төрөлгөндөн жети жашка чейин
Бакай Мамбетказиев
Нике - 10-сабак

Тема: Балдарды тарбиялоо - төрөлгөндөн жети жашка чейин

03:53 Бала тарбиялоо жубай тандоодон башталат.
05:04 Баланы тарбиялоодон алдын ата-эне өздөрү тарбиялуу болушу шарт.
06:16 Жыныстык катнаш алдын дуба айтуунун тарбияга кандай тиешеси бар?
06:53 Аллах Таала уул берсе да, кыз бала берсе да канааттануу.
09:55 Баланын акысын деген эмне?
11:17 Тарбия жоопкерчилиги.
12:53 Балага акыл эс кирип баштаганда баланын камын көрүп, тарбия берип баштоо, балага жакшы мисал болуу, жаман нерселерден сактануу.
16:27 Ата эне кыраакылыгы: балага өзүнө жараша таалим тарбия берүүсү.
28:35 Лукман баласын тарбиялаганы.
31:21 Жетиге чыкканда намазга буйруу кандайча болот?
32:36 Ата-эне өзүлөрү үлгү болушу керек.
35:30 Балдар үчүн Аллахтан жардам сурап кайрылуу.

#нике_сабактары #үй_бүлө #бала #тарбиялоо

📲 https://t.me/BakayUstaz/697
Үй-бүлө 11 - Балдарды тарбиялоо: жети жаштан кийин
Бакай Мамбетказиев
Нике - 11-сабак

Тема: Балдарды тарбиялоо - жети жаштан кийин

2:12 Балага канча жаштан намазга даярдаш керек жана башка ушул тууралуу башка өкүмдөр
4:26 Балага Таухидти үйрөтүү
5:31 Балдарга жөнөкөйлүк менен үйрөтүү же тарбиялоочу мугалимге тапшыруу
7:33 Балдардын дин таалимин белектер менен байлабастан, Акыреттеги сыйлык менен байлаш керек
9:47 Балдар ким менен дос болуп жүрөт, аны көзөмөлдөө
14:25 Балага керектүү, пайдалуу нерселерди үйрөтүү, көндүрүү
16:23 Тарбия берип жатып баланын акыл эсиң, мүнөзүн эске алып, анын жакшы жагын өнүктүрүү, шарият илимине көндүрүү
20:58 Балдарды башка балдар менен салыштырып сындабоо жана баланы кемсинтип, шагын сындырбоо
24:05 Кызды тарбиялоо, өзгөчөлүктөрү

#нике_сабактары #үй_бүлө #бала #тарбиялоо

📲 https://t.me/BakayUstaz/754
Бакай Мамбетказиев устаздын сабактары
Бакай Мамбетказиев – Үй-бүлө 12 - Үй-бүлөдөгү келишпестиктерди чечүүнүн жолдору
Нике - 12-сабак

Тема: Үй-бүлөдөгү келишпестиктерди чечүүнүн жолдору

00:00 Киришүү.
01:48 Биринчи кадам, чыр-чатактын булагын аныктоо.
03:16 Себеп аныкталды, андан кийинки кадам...
04:44 Экинчи кадам. Чыр-чатакты чечүүгө ортого адамдарды салуу.
06:14 Аят. Проблеманы чечүү үчүн ортомчу салуу.
07:28 Кандай адамды чыр-чатакты чечүүгө ортого салса болот?
10:22 Чыр-чатактын себептери.
11:49 Акча маселеси себептүү уруштар
14:42 Адеп, кулк-мүнөз себептүү уруштар
15:45 Хадис. "Эч качан момун эркек, момун аялды жек көрбөсүн..."
16:46 Сырттан аралашкан адамдар себептүү уруштар
18:05 Телефон, whatsApp. Адамдардын үй-бүлөгө аралашуулары өтө жеңил болуп калды
21:10 Бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишүүдөн өтө сак болуңуздар.
21:50 Аял башка үйгө барганда, ошол үйдүн аманатын сакташ керек.
23:10 Катындан жаман эркектер
24:34 Ватсаптагы статус аркылуу сырларды жайуу
27:30 Төшөк маселеси аркылуу уруштун чыгышы
29:24 Түшүнбөстүктөр себептүү уруштар
30:53 Чектен чыккан тамашалар себептүү уруштар
32:02 Уруш-талашты үн көтөрүү менен талкуулоо жакшылык менен бүтпөйт.
33:08 Өткөн, кеткенди чукуп эскербөө
33:50 Сүйлөшүүлөр ыңгайлуу убакыт таап, чечилиш керек.
35:01 Хадис. "...Тозок ээлеринин көбү аялдар..." Жакшылыктарды көзгө илбей, каапырлык кылуу.
37:20 Жалкоолук себептүү уруштар
39:57 Сыйкыр себептүү ажырашуулар. Сыйкырдын белгилери. Көзү ачыктарга кайрылуу.
42:02 Проблемалардан ЭҢ оңой кутулуу жолу...
44:30 Жубайлардын арасында бири-бирине кылынган жакшылыктарды БИР гана Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн кылыныш керек.
46:55 Башкаруу укукту аял эркектен талашпаш керек
48:02 "Эркекти көндрүп алышы керек. Укугуңду талаш. Күйөөңдү башкарып ал ж.б" - деген азгырык кеңештерди берүүчүлөр
50:00 "Аялга жумшак болуш керек" - дегенди туура эмес түшүнүп алган эркектер.

(PDF)

#нике_сабактары #үй_бүлө #проблема

📲 https://t.me/BakayUstaz/757
Үй-бүлө 13 - Талак берүүдөгү шашкалактык
Бакай Мамбетказиев
Нике - 13-сабак

Тема: Талак берүүдөгү шашкалактык

02:05 Шашкан шайтандан
07:10 Шашылуу сооптуу иштерде болуш керек, талакта эмес
08:02 Үй бүлөнү бузуу оңой иш эмес
09:22 Шариатта ажырашуу бар
11:22 Талак тууралуу аяттар
15:43 Аял талак албай туруп үйдөн кетпеши керек
19:55 Талактын түрлөрү
22:10 Биринчи жана экинчи талак
22:38 Үч талакты бир берип алып, кийин өкүнүп ыплас жолдорго барышат
29:52 Жакшы насаат

#нике_сабактары #үй_бүлө #талак

📲 https://t.me/BakayUstaz/759
Үй-бүлө 14 - Талак берүүдөгү пайдалуу кеңештер
Бакай Мамбетказиев
Нике - 14-сабак

Тема: Талак берүүдөгү пайдалуу кеңештер. Талакты кантип бериш керек.

7:14 Талак кандай шарттарда берилет?
14:20 Боюнда бар аялдын иддасы кантип өтөт?
15:43 Этек кири келбеген аялдын иддасы
16:30 Бир же эки талак алгандан кийин эмне болот?
18:12 Үч талак берген соң эмне болот?
23:43 Айыз келгенде талак берүү арам, бирок талак өтө берет.

#нике_сабактары #үй_бүлө #талак

📲 https://t.me/BakayUstaz/769
Үй-бүлө 15 - Талактан кийинки мамиле
Бакай Мамбетказиев
Нике - 15-сабак

Тема: Талактан кийинки мамиле

03:47 Ажырашкандан кийин жакшы мемилени сактап, жакшылыктарды унутпоо ж.б.
06:34 Калыңды берүү
09:41 Ажырашкандан кийин калыңды талап кылуу болбойт
12:09 Талактан кийин аялын ыраазы кылып белек, тамак аш берүү
20:39 Балдарга атасынан башка фамилияны койбош керек
33:19 Ажырашуудан кийин башка турмуш кылууга шашылуу

#нике_сабактары #үй_бүлө #талак

📲 https://t.me/BakayUstaz/781