БАЛАМ КЕЛЕЧЕГИМ.
141 subscribers
29 photos
5 videos
3 files
20 links
Мен кандай энемин?🤔
Балам акылман болсо экен🤲
Эмнеге балам мени укпайт
Эмнеге окугусу келбейт🤦
Эмнеге балам тентек🤔
Балам ийгиликтүү болуш үчүн, мен эмне кылышым керек? - деген суроолор болсо 👇төмөнкү каналда биз менен бирге болуңуз.
Download Telegram
Кутман кечиңиздер менен Орозоңуздар кабыл болсун. Азыр 21.30 да бала тарбиялоо боюнча зуум аркылуу сабак болот үлгүрүп кирип билим алыңыздар.
https://www.instagram.com/tv/CODlrfIFc-I/?igshid=y15ihzs6sdy7

Инстограммдан Жазасыз тарбия берүү жөнүндө уксаңыздар болот.
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык майрамы менен чын дилимден куттуктайм урматтуу "Балам келечегим" группасы !!!
Сиздерге бекем Ден Соолук, үй бүлөлүк бакыт каалайм.
Кут даарыган касиеттүү жерибизге кудайым берекесин төгүп, дилибизге ыйман, элибизге ынтымак берсин.
Өлкөбүздө ааламды таң калтырган илимий ачылыштар, бийикти багындырган экономикалык өнүгүүлөр болуп, өнүгүүнүн Улуу доорун алып келген балдарды тарбиялап, өстүрүп Кыргыз элибизге салым кошолу. 🤲🤲🤲🤲🤲
Жакшылыктар коштосун,
Жараткан өзү колдосун!!!
Урматым менен Тина Жунушбаева
Көпчүлүк адамдар бай болууну каалашат, бирок эмне үчүн бай болгусу келип жатканын билишпейт: акча болгон кезде каякка коротоорумду ойлоном дешет.
Эгерде сиз эмнеге жана канча акча керектигин билбесеңиз, анда сизге акча табуу мүмкүнчүлүгү келбейт. Андыктан сизде акча жөнүндө билим болуусу зарыл.
Төмөнкү баалуу билимдер сиздин жашооңузга, үй бүлөңүзгө, балдарга, чөйрөңүзгө чоң таасирин берет.

Акча энергиясы
Эмнеге адамдар карыз болот?🤔
Акча жөнүндө 5 суроо👋
Акча булчуңу🦾
Очки техникасы😎
Акча жана убакыт
Мен инвестор (практика)💸
Акча системасы.📈

Курс 15-мартта башталат.
1 жумада 3 жолудан 3 жума
Инстаграммда жабык группада өтүлөт.
Курстун баасы 3000 сом
Айымдардын майрамына карата
10- мартка чейин 1000 сом

Төлөмдү төмөнкү реквизиттерге жургузө аласыздар:

Элсом 0700182169
M.BANK 0700182169

Карта Оптима банк
4169585347963315

Получатель:
TINATIN ZHUNUSHBAEVA
Тинатин Жунушбаева

Чекти көрсөтүү зарыл, аты-жөнүңүздү чекке жазып коюңуз
Forwarded from Мээрим
Үй-бүлөдөгү бала менен 25 алтын эрежеси:
1-Үйдө акырын сүйлөңүз. Дайыма жылмайып жүрүңүз. Балдардын жанында эч качан урушуп талашпагыла. Мындай чөйрөдө бала урушчаак жана корс болуп чоңоюп калат.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
2-Балдарыңызды жакшы тааныңыз. Алардын кайсы абалда кандай каршылык көрсөтөөрүн, эмнелерге кубанып, эмнеге кайгырарын, каалоолорун абдан жакшы билип алыңыз жана ошого жараша мамиле кылыңыз!
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
3-Кылган каталарын чоңойтпоңуз. Бирок туура эмес экендигин айтыңыз. Жада калса "муну кантип кылдың?" менимче көрбөй же байкабай калсаң керек деп, ага дем бериңиз, эч качан урушуп төмөн көрбөңүз
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
4-Ийгиликке жетсе сыйлык бериңиз. Бөлмөсүн жыйнаганда, жардамдашканда рахмат айтыңыз. Сизге жакшы иштерди жасап жатканын билсин!
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
5-Балдарды кичинекей иштерге жумшап, дайындап, жоопкерчиликти бериңиз. Үй жумуштарында сизге жардам беришсин. Ар бир ишине рахмат айтып, мактаңыз. Ошондо силерге дагы да жакындай баштайт.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
6-Балдарга өздөрүн таанууга, оюн айтууга, өздөрүн сыноого мүмкүнчүлүк бериңиз. Аларды сүйлөтпөй, өздөрүнүн дүйнөсүнө камап салбаңыз. Болбосо коомдук жашоодо өзүн алып жүрө албай турган абалга түшөт.
Уландысы бар...
Куурчак эне тасмасын сөзсүз көрүңүздөр өтө таасирдүү окуя. Биздин күнүмдүк турмушта ар дайым кездешет мындай эмоция.
Тасманы улам кайталап көрүңүздөр, көргөн сайын жаңы түшүнүктөр болот
Forwarded from Мээрим
7-Балдарыңыздын каалоо тилектерин эске алыңыз. Сөздөрүнө маани бериңиз, аларды адам катары көрүңүз. Эгер сиз балдарыңызга олуттуу карап, көйгөйлөрүн бөлүшпөсөңүз, анда ал чечимди үй-бүлөдөн башка жактан издей баштайт.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
8-Балдарыңызга көп насаат айта бербеңиз. Жүз насаат айта бергенден көрө кыймыл- аракет, мамилеңиз менен өрнөк болсоңуз жакшы болот. Түшүндүрүүдөн мурун көрсөтүңүз, сүйлөөдөн мурун аткарыңыз. Себеби баланын модели, сиздин кыймыл-аракетиңиз, мамилеңиз!
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
9-Балаңыз менен диалог куруп жатканда аябай сабырдуу болуңуз. Шашпаңыз. Ар бир катаны туура эмес жорубаңыз. Проблемасын угуңуз, себебин аныктап, андан соң чечим чыгарыңыз!
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
10-Алар менен оюндарды ойноп, тамашалап, аңгемелерди айтып бериңиз, оюнчуктарын бирге ойноңуз. Бул диалогду көбөйтүп, сүйүүнү арттырат.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
11-Үй-бүлөңүз менен барыңар чогу болгон бир күн болсун.Муну "чогулуш" же "үй- бүлө" күнү деп койсо болот. Ал күнү бардык үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп, тамактангыла, өткөндү эстегиле, көйгөйлөрдү айткыла, алдыга пландалган долбоорлорду сунуштагыла. Ал күнү китеп окуп, ал жөнүндө талкуу жүргүзсөңүз да болот.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
12-Айдын бир күнүндө үй-бүлөңүз менен эс алууга, саясатка, киного, театр ж.б ушулар сыяктуу социалдык иш чараларга барсаңыз болот. Бул да үй-бүлөнүн руханиятын өнүктүрүүгө жардам берет.
Уландысы бар...
Forwarded from Мээрим
13-Сөз бергенден кийин сөзсүз аткарыңыз. Эгер аткара албасаңыз куру сөз бербеңиз. Эгер сөзүңүздү орундата албай калсаңыз балаңыздан кечирим сураңыз. Болбосо балаңыз сөз берип, аткарбаган адам болуп чыгат.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
14-Балдарыңызды Жараткан Кудай менен, тозок менен коркутпаңыз. Ар ката кетирген сайын Кудай сени тозоко таштайт деп, коркунучтуу каардуу кылып клрсөтпөңүз!
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
15-Балдарды аталары менен коркутпагыла. Бала атасын жазага тартуучу бир адам катары эмес, көйгөйүн айта ала турган дос катары көрсүн.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
16-Балдарыңызга тамаша болсо да жалган сүйлөбөңүз, аларды алдабаңыз. Бала ата-энесинин ар бир сөзүн чын деп ойлосо, балада ишеним пайда болот.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
17-Балага ашыкча эркиндик бербеңиз. Жок дегенде жооп угууну да билсин. Ар бир каалоосу ишке ашып турса, кийин кыйналып калат.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
18-Балдырыңыздын досторун үйгө чакырып, алар менен таанышыңыз! Сиз аларды үйгө чогултпасаңыз, көчөдө же сиздин көзөмөлүңүз жок жерде чогулушат.
Уландысы бар...
Фото от 👍
Forwarded from Мээрим
19-Балдарыңыздын жанында башка балдарды мактабаңыз. Балаңызды башка окуган баладан өтө аларын айтыңыз. Бул балаңызга дем берет.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
20-Балаңызга жаккан китепти сатып бериңиз. Бирге окуп талкуу кылыңыз, көз карашын билиңиз.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
21-Бирге отуруп кинолорду көрүңүз, кызыктуу маалыматтарды айтып бериңиз. Бул мамилени жакшыртат.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
22-Балдарга күндөлүк ачтырып, эмне окуялар болгонун жаздырыңыз. Кыялдануу, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн арттырат.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
23-Мектебине, бакчасына барып тез-тез сурап туруңуз. Бала ата-энесин көргөндө күч кубат алат. Өзүн психологиялык жактан күчтүү сезет.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
24-Ашыкча коргоочу болуп, бардык ишине кийлигише бербеңиз. Себеби сиз жок кезде өзүн коргоп кетүүнү да үйрөнсүн.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
25-Акчаны колдонууну да үйрөтүңүз. Көп акча бербеңиз. Жумалык же айлык жумшоосуна ылайык бериңиз, акчаны туура колдонууну үйрөнсүн.

Бала тарбиялоодогу жаңы ыкмалар
китебинен. Даярдаган
Курманалиева Мээрим.