БАЛАМ КЕЛЕЧЕГИМ.
139 subscribers
29 photos
5 videos
3 files
20 links
Мен кандай энемин?🤔
Балам акылман болсо экен🤲
Эмнеге балам мени укпайт
Эмнеге окугусу келбейт🤦
Эмнеге балам тентек🤔
Балам ийгиликтүү болуш үчүн, мен эмне кылышым керек? - деген суроолор болсо 👇төмөнкү каналда биз менен бирге болуңуз.
Download Telegram
Эгерде сиздин жыйынтык 60 баллдан жогору болсо, бир чара көрүшүңүз зарыл, абалды көзөмөлдөн, чыгарып жибербеңиз.
Кыргызда калпак кандайча пайда болгон?
Илгери кыргызда Эрбол деген аксакалдын Алиман аттуу байбичеси жети уулу болот.👨‍👩‍👦‍👦👬👬

Жоокер заманында бөтөн эл кыргыз жерлерине кол салып турган маалда душмандар кыргыз айылын каптап кирет. 🗡

Кечки маал балдардын атасы-Эрбол душмандын колунан каза болот. Андан көп узабай кичүү уулу Шерболдун сөөгүн алып келишет. 😭

Алты баланын бирөө энесинин этегине келип чөгөлөй калып : “Кагылайын апа, кечир мени,Шерболду өзүм чаап алдым, караңгыда душман экен деп жаңылып чаап алдым”-деп ыйлайт. 😪

Айласы кеткен Алиман апа: “Атасын жат өлтүрсө баласын өз өлтүрсө, чогулткан балдарым кырылып бүтөт турбайбы”-деп кайгырып бутунун астында төшөлүп жаткан, өзү жаңы жасаган ак кийизди алып, бычак менен тилип туруп, балдарынын баштарына бекем ороп берген экен. Бири-бириңерди билип,караңгы болсо да таанып жаңылышпай чабышкыла деп жөнөтөт.

Ошондон кийинки кагылыштан алты бала аман эсен келет.👏👏👏 Уулдары апасына алкыш айтып, шырылган ак кийиз бири бирин тааныганга эле эмес, бир туугандардын бириге калып душманды талкалаганга жардам бергенин айтышат👍

Аларды көргөн башка кыргыз энелер,келиндер уулдарына, ага-инилерине ак кийизден баш кийим ороп беришет. Бара бара уз-чеберлер калпакты көркүн чыгара шөкөттөп алышкан.

Ак калпак кийгенди кыргыз деп бил деген сөз ошондон калган экен. Бул уламыш санжырачы Сыргак Сооронкуловдун айтып бергенинен жазылды. Урматтуу энелер, калпактын жаралышы тууралуу уламышты уул-кыздарыңарга айта жүргүлө:) Калпак күнүңүздөр менен.
Урматтуу жана кымбаттуу апалар, эжелер , сиңдилер сиздерди кирип келген жаз майрамынар менен чын жүрөктөн куттуктайм!!! Сиздерге чын ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт жана үй бүлөңүздөр менен ар дайым бар болуп, бактылуу балдардын сыймыктуу, кадырлуу, мээримдүү энеси болушунарды каалайм!!! Дагы бир жолу майрамыныздар менен!!!
Урматтуу жана кымбаттуу апалар, эжелер, сиңдилер НООРУЗ майрамыныздар менен чын дилимден куттуктайм. Баардык үй бүлөөдө бактылуу балдардын күлкүсү жаңырып, кадырлуу ата энелер бакытка балкып жашасын, элибизде молчулук, токчулук, бейпил жашоо өкүм сүрсүн. 🤲🤲🤲
Менин "БаламКелечегим" убактылуу токтоп турганын орундуу себеби бар болгондуктан сиздерге маалымат кетире албай жатам.
19 жашымда келин болуп келген күндөн баштап, бүгүнкү күнгө чейин эне бала болуп, мыкты келин болууга мажбурлап, тарбиялап, ак караны билүүгө, жаман менен жакшыны ажыратууга, улуу, кичүүгө урмат көрсөтүп, мамиле кылууга, үй бүлөлүк жашоого жол көрсөткөн, сүйүктүү жолдошумдун апасы, балдарымдын чоң апасы, менин кайненем дүйнө салгандыгына байланыштуу сиздер менен болгон байланыш үзгүлтүккө учурап калды. Эми кыркын өткөрүп, жыйынтыктап алгандан кийин кайра сиздер менен бирге болом.
Биздин үй бүлөөдөгү жоготуу мага дагы көптөгөн сабактарды үйрөттү.
Умарова Айкерим приглашает вас на запланированную конференцию: Zoom.

Тема: Жазасыз,коркутуусуз тарбиялоо
Время: Это регулярная конференция Начать в любое время

Подключиться к конференции Zoom
https://us02web.zoom.us/j/2422165829

Идентификатор конференции: 242 216 5829
Кутман кечиңиздер менен Орозоңуздар кабыл болсун. Азыр 21.30 да бала тарбиялоо боюнча зуум аркылуу сабак болот үлгүрүп кирип билим алыңыздар.
https://www.instagram.com/tv/CODlrfIFc-I/?igshid=y15ihzs6sdy7

Инстограммдан Жазасыз тарбия берүү жөнүндө уксаңыздар болот.
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык майрамы менен чын дилимден куттуктайм урматтуу "Балам келечегим" группасы !!!
Сиздерге бекем Ден Соолук, үй бүлөлүк бакыт каалайм.
Кут даарыган касиеттүү жерибизге кудайым берекесин төгүп, дилибизге ыйман, элибизге ынтымак берсин.
Өлкөбүздө ааламды таң калтырган илимий ачылыштар, бийикти багындырган экономикалык өнүгүүлөр болуп, өнүгүүнүн Улуу доорун алып келген балдарды тарбиялап, өстүрүп Кыргыз элибизге салым кошолу. 🤲🤲🤲🤲🤲
Жакшылыктар коштосун,
Жараткан өзү колдосун!!!
Урматым менен Тина Жунушбаева