БАЛАМ КЕЛЕЧЕГИМ.
139 subscribers
29 photos
5 videos
3 files
20 links
Мен кандай энемин?🤔
Балам акылман болсо экен🤲
Эмнеге балам мени укпайт
Эмнеге окугусу келбейт🤦
Эмнеге балам тентек🤔
Балам ийгиликтүү болуш үчүн, мен эмне кылышым керек? - деген суроолор болсо 👇төмөнкү каналда биз менен бирге болуңуз.
Download Telegram
Тасманы улам кайталап көрүңүздөр, көргөн сайын жаңы түшүнүктөр болот
Forwarded from Мээрим
7-Балдарыңыздын каалоо тилектерин эске алыңыз. Сөздөрүнө маани бериңиз, аларды адам катары көрүңүз. Эгер сиз балдарыңызга олуттуу карап, көйгөйлөрүн бөлүшпөсөңүз, анда ал чечимди үй-бүлөдөн башка жактан издей баштайт.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
8-Балдарыңызга көп насаат айта бербеңиз. Жүз насаат айта бергенден көрө кыймыл- аракет, мамилеңиз менен өрнөк болсоңуз жакшы болот. Түшүндүрүүдөн мурун көрсөтүңүз, сүйлөөдөн мурун аткарыңыз. Себеби баланын модели, сиздин кыймыл-аракетиңиз, мамилеңиз!
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
9-Балаңыз менен диалог куруп жатканда аябай сабырдуу болуңуз. Шашпаңыз. Ар бир катаны туура эмес жорубаңыз. Проблемасын угуңуз, себебин аныктап, андан соң чечим чыгарыңыз!
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
10-Алар менен оюндарды ойноп, тамашалап, аңгемелерди айтып бериңиз, оюнчуктарын бирге ойноңуз. Бул диалогду көбөйтүп, сүйүүнү арттырат.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
11-Үй-бүлөңүз менен барыңар чогу болгон бир күн болсун.Муну "чогулуш" же "үй- бүлө" күнү деп койсо болот. Ал күнү бардык үй-бүлө мүчөлөрү чогулуп, тамактангыла, өткөндү эстегиле, көйгөйлөрдү айткыла, алдыга пландалган долбоорлорду сунуштагыла. Ал күнү китеп окуп, ал жөнүндө талкуу жүргүзсөңүз да болот.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
12-Айдын бир күнүндө үй-бүлөңүз менен эс алууга, саясатка, киного, театр ж.б ушулар сыяктуу социалдык иш чараларга барсаңыз болот. Бул да үй-бүлөнүн руханиятын өнүктүрүүгө жардам берет.
Уландысы бар...
Forwarded from Мээрим
13-Сөз бергенден кийин сөзсүз аткарыңыз. Эгер аткара албасаңыз куру сөз бербеңиз. Эгер сөзүңүздү орундата албай калсаңыз балаңыздан кечирим сураңыз. Болбосо балаңыз сөз берип, аткарбаган адам болуп чыгат.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
14-Балдарыңызды Жараткан Кудай менен, тозок менен коркутпаңыз. Ар ката кетирген сайын Кудай сени тозоко таштайт деп, коркунучтуу каардуу кылып клрсөтпөңүз!
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
15-Балдарды аталары менен коркутпагыла. Бала атасын жазага тартуучу бир адам катары эмес, көйгөйүн айта ала турган дос катары көрсүн.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
16-Балдарыңызга тамаша болсо да жалган сүйлөбөңүз, аларды алдабаңыз. Бала ата-энесинин ар бир сөзүн чын деп ойлосо, балада ишеним пайда болот.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
17-Балага ашыкча эркиндик бербеңиз. Жок дегенде жооп угууну да билсин. Ар бир каалоосу ишке ашып турса, кийин кыйналып калат.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
18-Балдырыңыздын досторун үйгө чакырып, алар менен таанышыңыз! Сиз аларды үйгө чогултпасаңыз, көчөдө же сиздин көзөмөлүңүз жок жерде чогулушат.
Уландысы бар...
Фото от 👍
Forwarded from Мээрим
19-Балдарыңыздын жанында башка балдарды мактабаңыз. Балаңызды башка окуган баладан өтө аларын айтыңыз. Бул балаңызга дем берет.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
20-Балаңызга жаккан китепти сатып бериңиз. Бирге окуп талкуу кылыңыз, көз карашын билиңиз.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
21-Бирге отуруп кинолорду көрүңүз, кызыктуу маалыматтарды айтып бериңиз. Бул мамилени жакшыртат.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
22-Балдарга күндөлүк ачтырып, эмне окуялар болгонун жаздырыңыз. Кыялдануу, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн арттырат.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
23-Мектебине, бакчасына барып тез-тез сурап туруңуз. Бала ата-энесин көргөндө күч кубат алат. Өзүн психологиялык жактан күчтүү сезет.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
24-Ашыкча коргоочу болуп, бардык ишине кийлигише бербеңиз. Себеби сиз жок кезде өзүн коргоп кетүүнү да үйрөнсүн.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
25-Акчаны колдонууну да үйрөтүңүз. Көп акча бербеңиз. Жумалык же айлык жумшоосуна ылайык бериңиз, акчаны туура колдонууну үйрөнсүн.

Бала тарбиялоодогу жаңы ыкмалар
китебинен. Даярдаган
Курманалиева Мээрим.