БАЛАМ КЕЛЕЧЕГИМ.
137 subscribers
29 photos
5 videos
3 files
20 links
Мен кандай энемин?🤔
Балам акылман болсо экен🤲
Эмнеге балам мени укпайт
Эмнеге окугусу келбейт🤦
Эмнеге балам тентек🤔
Балам ийгиликтүү болуш үчүн, мен эмне кылышым керек? - деген суроолор болсо 👇төмөнкү каналда биз менен бирге болуңуз.
Download Telegram
Forwarded from Мээрим
19-Балдарыңыздын жанында башка балдарды мактабаңыз. Балаңызды башка окуган баладан өтө аларын айтыңыз. Бул балаңызга дем берет.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
20-Балаңызга жаккан китепти сатып бериңиз. Бирге окуп талкуу кылыңыз, көз карашын билиңиз.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
21-Бирге отуруп кинолорду көрүңүз, кызыктуу маалыматтарды айтып бериңиз. Бул мамилени жакшыртат.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
22-Балдарга күндөлүк ачтырып, эмне окуялар болгонун жаздырыңыз. Кыялдануу, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн арттырат.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
23-Мектебине, бакчасына барып тез-тез сурап туруңуз. Бала ата-энесин көргөндө күч кубат алат. Өзүн психологиялык жактан күчтүү сезет.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
24-Ашыкча коргоочу болуп, бардык ишине кийлигише бербеңиз. Себеби сиз жок кезде өзүн коргоп кетүүнү да үйрөнсүн.
⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘⚘
25-Акчаны колдонууну да үйрөтүңүз. Көп акча бербеңиз. Жумалык же айлык жумшоосуна ылайык бериңиз, акчаны туура колдонууну үйрөнсүн.

Бала тарбиялоодогу жаңы ыкмалар
китебинен. Даярдаган
Курманалиева Мээрим.