БАЛАМ КЕЛЕЧЕГИМ.
139 subscribers
29 photos
5 videos
3 files
20 links
Мен кандай энемин?🤔
Балам акылман болсо экен🤲
Эмнеге балам мени укпайт
Эмнеге окугусу келбейт🤦
Эмнеге балам тентек🤔
Балам ийгиликтүү болуш үчүн, мен эмне кылышым керек? - деген суроолор болсо 👇төмөнкү каналда биз менен бирге болуңуз.
Download Telegram
“ЖАШЫЛ КАЛЕМ”

Көпчүлүк мугалимдер окуучулардын дептерин текшерип жатып, каталардын баарын кызыл калем менен оңдоп чыгат. Бирок бул эне жашыл калем колдончу. Кызы жазган жазуулардын ичинен эң мыктыларын жашыл түс менен белгилейт эле. Кызына да бул ыкма жагып, жазган сайын кайрадан жазгысы келип: “Апаке, кайсынысы эң жакшы чыгыптыр? Дагы бир жолу жазып көрөйүнбү?” деп сунуш кылчу. Эстүү эне да кызыл калемин колго алып: “Бул эң мыкты чыгыптыр!” деп белгилеген сайын, кызынын окууга кызыгуусу артып жатты.
Мунун эмнеси бар экен? Кадимки эле жашыл калемди колдонгондон эмне пайда деп айтышыңыз мүмкүн. Кызыл түстүү калемди колдонгондо адам баласы жалаң каталарды гана көрүүгө ыктап калат. Көз аркылуу иштеген мээнин бөлүгү ошончо тамгалардын ичинен жалаң гана ката жазылгандарын эстеп калат. Белги коюлгандардын арасынан мыкты жазылгандарын көрө алдыңызбы? Албетте, жок.
Кааласак да, каалабасак да аң сезим түстүү калемдер менен белгиленген нерселерге көңүл буруп, аны эстеп калат. Экинчи ыкмадагы жашыл калемди колдонгондо биз көбүрөөк жакшы жазылган же аткарылган нерселерге көңүл бурабыз. Андан такыр башкача эмоция пайда болуп, кабыл алуубуз дагы да күчөйт. Кааласак да, каалабасак да кийин ошол эң мыктыларын кайталоону өзүбүзгө адат кылабыз!
Бул жан дүйнө үчүн такыр башка мотивация берүү ыкмасы. Ката кылуудан коркуп жашагандын ордуна, ар бир ишти эң мыкты деңгээлде жасоого умтулуу!
Эми бул суроого жооп берип көрүңүз: “Дептердеги каталарды белгилөө биздин келечегибизге кандай таасир калтырышы мүмкүн?”
Жообу оңой эле. Жаштайыбыздан жалаң гана каталарга жана кемчиликтерге көңүл бурууга үйрөнөбүз. Ар бир нерсенин жаман жагын көрөбүз, жаман күмөн кылабыз. Муну бизге мектептеги кезибизден кызыл калем аркылуу үйрөтүшөт. Ар бир кадамыбызда биз мыкты жасаган ишибизге мактоо угуунун ордуна, кылган каталарыбыз жана кетирген кемчиликтерибиз үчүн жеме угабыз.
Мисалы, катарда жазылган 20 тамганын бири гана белгиленет. Алардын 19 жакшы жазылып, 1 болсо анча жакшы эмес.Эмне үчүн биз ошол бир начар жазылганына мынчалык маани беребиз?
Жашоодо өз турмушуна нааразы болуп, өз баркын билбегендикке дал ушул мектеп дубалдарында алган “кызыл калем тарбиясы” таасир этет. Анткени жаштайыбыздан ар бир нерсенин терс (ката, кемчилик, кемтик, жаман) жагын көрүп көнүп калганбыз.

ЭМНЕГЕ КӨП КӨҢҮЛ БУРУЛСА, ОШОЛ КӨБӨЙӨ БЕРЕТ!

Чоңойгон убактагы биздин көнүмүштөрүбүз жана мүнөзүбүз көпчүлүк учурда балалык мезгилибизде калыптанат. Тилеке каршы, алардын баары эле биз үчүн пайдалуу эмес.
“Жашыл калем” усулун колдонуп көрсөңүз эле , балаңыз бузулуп кетпейт. Анын каталарына көңүл бурбасаңыз деле, бара-бара алар өз алдынча азайып же жоюлуп жаткандыгын байкайсыз. Анын себеби, бала ар бир ишти мыкты жасоого өз каалоосу менен аракет кылат.
Балаңыздын (окуучу, тарбиялануучу) окуу жөндөмдүүлүгүн жана жеке тартибин оңдоодо “жашыл калем” усулун колдонуңуздар! Мөмөсүн көп өтпөй эле көрөсүздөр.
Бул ыкманы психолог Татьяна Иванко өз кызын мектепке даярдап жатып иштеп чыккан. Бирок бул ыкманы жалгыз гана кол жазма үчүн эмес, башка тармактарда да колдонсо болот. Аталган ыкма аркылуу адам баласы каталарга эмес, жетишкендиктерге көңүл бурууну үйрөнөт.
Макала Т.Лелеконун “Сырлардын сыры” долбоорунун алкагында жазылган материалынан алынды.

Которгон: Нуриет Абдулазиз
Баланын сүрөтүндөгү үй -бүлө көрүнүшү жана адамдар ортосундагы мамиле.
Бала эмнеге тентек болот?
🤝🤝🤝🤝 Кутман кеч менин угармандарым. Сабак эртең жиберем. Жеке иштерим менен бошобой жаттым. Сабак күтүп жаткан айымдарга ыраазычылык билдирем.
Башаламан, ыраатсыз ата-энелердин мамилелери же эмнеге балам мени укпайт?
Эмнеге азыркы доордун балдары бизден акылдуу?