ПОЭЗИЯ Бердибек Жамгырчиев
1.63K subscribers
229 photos
119 videos
8 links
Баары жакшы болот!
Download Telegram
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
Улуу устатым Алыкул! Окуучулук күндөрүмдө көл тууралуу ырларын окуп, кереметтүү поэзия дүйнөсүнө жетеленгем! Өзү өмүрдөн эбак өтсө да жүздөгөн акындарды ыр ааламына чогулткан гений устат!
Асанкалый залкар ырдаган бул өлбөс ырын сүрөтүнө кошуп, жайгаштырып койдум. Анан ырды угуп, акындын жүзүн карап турсаң ырды дагы да тереңдеп түшүнгөндөй болот экенсиң..
Адамдын асылы, акындын асылы Алыкул ага!
🍁Түбөлүк таазим сизге🍁
😉Тамашалуу саптардан😉
Кыял деген ушунча күлүк белем?
Кылымдарды мүнөттө сүрүп келем.
Жетеги жок өмүрүн көп учурда,
Жеңет тура адамдар үмүт менен.

Күн табына жанымды кумарлантып,
Күндөрүмдү үмүткө куралдантып.
Кыска жолдон максатка жетүүчүдөй,
Кыялдардын күүсүндө турам балкып.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
АЛЫКУЛГА

Өлбөстүгүн далилдеп ырга айланган,
Өнөрүнө баш ийдим Алыкулдун.
Жан дүйнөмдү ойготуп акын ыры,
Чоң уйкудан мен бүгүн жаңы турдум.

Ар бир сабы жүрөктүн дарысындай,
Болсо болсун акындар Алыкулдай.
Өлсө дагы мүрзөсүн жара тепкен,
Буудан деген чынында дал ушундай.

Эх, Алыкул, буюрбай өмүр теңи,
Ээрчип жүрүп алгандай өлүм сени.
Ырларыңа ызалуу муңун кошуп,
Ыйлап күтүп жаткандай көлүң сени!

Эх, Алыкул, буюрбай өмүр теңи,
Ээрчип жүрүп алгандай өлүм сени!
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Чындык.. Адамзаты эч нерсеге ыраазы болбой, шүгүр дебей жүрүп эле өмүрдөн өтүп кетет окшойт..
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Жеки Чан 1954 жылы 7-апрелде Гонконг шаарында туулган) — гонконг жана америка актёру, каскадёр, кинорежиссёр, продюсер, сценарист, трюктарды жана мушташуу оюдарын коюуучу, ырчы, БУУнун өз эркинче элчиси. Тасмаларда актер акробатикалык күрөш ыкмалары, күлкүлүү кыймыл-аракети, жана ар түрдүү куралдарды мушташта колдоно билгени жана өзү аткарган каскадерлук трюктары менен белгилүү. Ал кунг-фу жана хапкидо менен машыккан. Актер 1960-жылдардан тарта тасмаларда катышып, жүз элүүдөн ашуун тасмада тартылган.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Илон Рив Маск 1971-жылы 28-июнь) – түштүк Африкада туулган канадалык-америкалык бизнес-магнат, инвестор, инженер жана ойлоп табуучу.
Илон Маск (2015-жыл).
Маск SpaceX компаниянын негиздөөчүсү, башкы жана техникалык директору; Tesla Inc. компаниянын кош-негиздөөчүсү, башкы инвестору, башкы директору жана өнүмдөр архитектору; OpenAI компаниянын кош-төрагасы; Neuralink компаниянын негиздөөчүсү жана башкы директору.
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Мына, мына, жылда депутаттарга алданган бул турмуш мага жагат)..