Жалкоолук жана чет өлкөгө окууга тапшыруу:
Forwarded from IsChemist e/acc
Сколько стоит лень?

Я уже думал высказаться про то, о чем сейчас все говорят, но подумал, что это звучало бы немного по-детски (кто поймет, тот поймет). Но, коль Селимжан открыл этот ящик пандоры (https://www.instagram.com/p/CD-0IOcHVKV/), докину на вентилятор.

Значит, есть несколько постулатов (которые я считаю self-evident):

1. 100% людей — абсолютно ленивые создания. 95% не способны это признать.
2. Люди хотят верить в существование магической формулы
3. В капиталистическом обществе главной целью человека является зарабатывание денег и для выпускника в Казахстане это подразумевает необходимость поступления в хороший вуз за бугром.

Так вот, никакой магической формулы нет. Никто не скажет вам секретный код, с помощью которого вас возьмут в Гарвард. Такого не существует. И это работает во всех сферах. Напомню про свой пост про кривую знаний (https://t.me/ischemist/1403): единственный способ продвинуться по этой кривой — тупо трудиться. Трудиться и еще раз трудиться.

Вся информация, которая вам необходима для успешного составления заявки в амерские вузы есть в открытом доступе. Это факт. Более того, мы ее собрали (и продолжаем собирать) в одном месте https://wiki.beyondcurriculum.kz/books/вузы-сша

Конечно, есть две оговорки. Во-первых, исходя из постулата 1 (п.1) людям лень читать статьи и самим разбираться, им нужен человек который все расскажет и все покажет. По сути, такие люди покупают свободное время этого человека. А поскольку время — ценнейший ресурс, такого рода услуги могут стоить и $100 и $1000. Но, здесь есть и исключение — есть 1% населения, кому не то что лень самим разбираться, а их время еще ценнее, чем время консультанта, поэтому они готовы заплатить и такие деньги и не особо париться по этому поводу.

Во-вторых, есть вещи с которыми все таки сложно разобраться самостоятельно. Например, эссе. Благо в интернете полно носителей языка, готовых прочитать ваше эссе хоть за $30, хоть за $200. $30 тоже высокий порог и недоступен многим людям, но тут ничего не поделать.

Так вот. Нет ничего плохого в том, что кто-то просит большие деньги за экономию времени заказчика. Особенно, если это понимают обе стороны.

Но вот абсолютное блядство — обманывать людей и давать им гарантии. Мол, вот купишь мои услуги и если все сделаешь правильно, то с вероятностью “стремящейся к 100%” ты поступишь в Гарвард.

Единственное, что можно гарантировать — то, что тебе сэкономят время и тебя введут в курс дел. А поступишь ли ты или нет зависит от тысячи разных факторов, некоторые из которых дальше твоего светового конуса.

А те, кто играют (с целью извлечения прибыли) на втором постулате, страхах, переживании и наивных мечтах детей заслуживают того, чтоб их били ссаными тряпками по лицу.
Менден чет өлкөгө окууга тапшыруу боюнча да көп сурашат. Бул абдан жакшы көрүнүш деп ойлом. Анткени бизде билимге болгон кызыгуу бар экенин көрсөтөт.

Бирок жогорку постто айтылгандай, даяр жана так кылып, анын үстүнө текст форматта дароо жазып жооп беришимди каалагандар да болот. Анысы аз келгенсип, кээде шашпай жооп берсең: "Неге жооп бербейсиң", - деп капа болот. Анан албетте, так жана бардык суроолорун бир сообщениеге жазып суроо бергендер да бар.

Бирөөдөн маалымат суроонун эң жакшы жолу - алгач өзүңдү тааныштырып, эмне үчүн сага сен сурап аткан тема маанилүү болуп жатканын түшүндүрүп, анан суроолоруңдун баарын мүмкүн болушунча бир сообщениеге жазуу.

Окуучу кезде чоң байке/эжелерден сураган суроолорумду эстесем, анча жакшы жазган эмес экем. Кээ бирөөлөр жооп бербегенине же кыска жооп берип койгонун эми түшүнүп атам.

Негизи, ЖРТ даярдык, чет өлкөгө тапшыруу, олимпиадага даярдануу ж.б. изденүүнү, зерикпей узун постторду окуп чыгууну талап кылат.

Туура суроо бергенди да билиш керек. Негизи бул темага өзүнчө бир видео тартып чыгара турган, антпесе текст менен түшүндүрүш кыйын. Эптеп узун кылып жазып чыксаң, узун экен деп толук окулбай калат😂
Кыргыз тилинде керемет каналдардын тизмеси:

Алгач, Telegram колдонмосун кыргыз тилине өткөрөлү☺️: басыңыз

@kalemkg
Жаш акындар тобу✍️ Поэзия сүйүүчүлөр бул жакта.

@zamangabap
Кореядагы студенттин илим жана билим тууралуу ойлору.

@payda_al
Бул дүйнө жана акыреттик жашооңо пайда ал :)

@kitepaalamy
Китеп мүлжүгүчтөр, китеп окууга шыктандыруу, китептин асыл ойлору менен бөлүшүү!

@bilimot
Билимот ЖРТга даярдоо платформасынын негиздөөчүсүнүн блогдору

@shareknowledge2019
Максаттан аракетке өт

@iygilik
Ийгиликтин формуласын чогуу түзөбүз

@elkitepguljan
Кел,оку...🤗❤️ Электрондук китепкана🔎📚

@jan_azyk
Жан дүйнөңө ЖАН АЗЫК 🍃
Биз жалкоо эмеспиз, болгону биздин билим берүү системабыз жараксыз.

Мектепти аяктаганга чейин Республикалык олимпиададан химия боюнча 2- жана 3-орунду алып , үч жолу эл аралык олимпиадага катыштым. ЖРТдан 226 балл менен “Алтын Сертификатка” ээ болдум жана чейректерим да баары “5” болчу. SAT жана TOEFL сынактарын анчалык эле жаман эмес денгээлде жаздым деп ойлойм. 11-классты аяктап жатканда Түштүк Кореянын UNIST университетине окууга өтүп, азыр ошол жакта 3-курсту аяктадым.

Жогорку жетишкендиктеримди өзгөчө бир нерсе деп ойлобойм. Мындан кыйла жакшы результат көрсөтө алсам болмок жана КРдагы башка миңдеген окуучулар да кыла алышмак. Бирок аны үчүн ошого ылайыктуу система куруш керек. Ар бир адамга жана ошол эле учурда баарына эффективдүү билим бере турган өлкөдө жашагым келет.

Ошондо биз да каникулдарда шаарыбызга жакын жайлоого эмес, Европа, Америка, Азия өлкөлөрүнө 5-10 күнгө эс алганы барууну адат кыла алабыз. Жакын тууганыбыз ооруп калса дары-дармек, операцияга акчабыз болот. “Кыргыздар этти көп жейбиз” деп куру мактанбай, чындап эле көп эт жеп калабыз. Уул-кыздарыбызды жаш кезинен талаага/базарга иштетпей, футбол, балет, пианино, сүрөт, музыка ийримдерине жөнөтүп, бири-биринен озунуп окуткан мектептерге, курстарга, университеттерге окууга берүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Акчабыз болуп билимибиз болбосо, азыркы араб өлкөлөрүндөй эле болуп калышыбыз мүмкүн. Аларды жаман көрбөйм, бирок БАЭ, Катар, ошол эле Сауд Арабиясында адам укуктары башка “каапыр” өлкөрдөгүдөй сакталбайт. Бул Ислам динин айынан же Христиандыктан эмес, андагы адамдардын коррупция, трайбализм жана кландык бийликтин астында болгондугунан деп ойлойм.


Эң өкүнүчтүүсү көпчүлүк учурда бийликти кайра ошол эле элдер колдоп-коштоп шайлап беришет. Эмнеге? Анткени 5 жыл мурда “асмандан айды алып берем” деп берген убадалырын унутуп коюшат. Эми “асмандан жылдыз берет экен” деп кайра шайлап беришет. Айла канча, башка көзгө көрүнөр лидер/партия жок...
Жай мезгилин көңүлдөгүдөй өткөрдүңүзбү?

🕐🕑🕒🕓🕔🕕🕖🕗🕘🕙🕚🕛
Anonymous Poll
31%
йеп ✌️
17%
хмм 🤔
19%
no idea 🤷‍♂️
33%
ноуп 🙅‍♀️
Эң жакшысы кагазга жазып ойлонгон болсо керек. 2-3 күндөн бери жайды кандай жаман өткөргөнүмдү ойлоп жүрөм. Балким анчалык жаман өтпөгөн чыгаар. Шашпай жазып анализдеп көрөйүнчү.

Күз ичи негизги 3 нерсеге максималдуу концентрация берейин деп жатам. Аны да тактап, анан бир жерди катуу эле кысып, аракет кылыш керек болуп калды. Күндөрүбүз өтүп баратат, өмүр болсо чексиз эмес)))
“В истории больше глупости, чем в чем-либо еще, и где-либо еще.”

Бул видеодо осмон империясы менен австриянын ортосундагы күлкүлүү согуш жөнүндө айтып берет 🤣🤣
https://youtu.be/y2JGNXnsWb4

Бул жактан болсо, Уганданын хаха президенти жөнүндө😂😢
https://youtu.be/vssuBZ56VBs

“Өткөнүнөн сабак албаган эл - келечегинен үмүтсүз эл,” - деп даана айтылган. Биз өлкө катары мурдагы жана жакынкы тарыхыбыздан, жеке адам катары 15-20 жылдык жашообобуздагы өз тарыхыбыздан сабактарды алып, тыянактарды чыгарып турушубуз керек. Болбосо, бир катаны кайра-кайра кайталай беришибиз толук ыктымал.

Тарыхка кызыгасызбы?
Она никогда не видела глаз, в которых отражалась бы такая несокрушимая сила. Этот человек все может, - вот о чем говорил ей его взгляд....

Мартин Иден, Джек Лондон.
Биз сыяктуу “өнүгүп келе жаткан” өлкөлөрдө Мартин Иденге окшогон кыздар жана балдар толтура деп ойлойм. Андай адамдар дүйнөнүн бардык тарабында эле бар, бирок кээ бир өлкөлөрдө адамдардын талантын ачыкка чыгарганы мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк.

Азырынча Мартин Иденди окуп бүтө элекмин, кандай болуп аяктаары өзгөчө кызык болуп жатат.
Кыйын учур келгенде төбөң менен жер казсаң да, бар жаныңды 100% берсең да кээ бир нерселерди аткаруу колуңдан келбей калат. Алсыз жана чарасыз экениңди карап гана отуруп каласың. Мындай учурлар жашооңдо аз болсун десең алдын ала аз-аздан даярдануу керек.
“Я слышал его речь во время предвыборной компании. Она была так умно-глупа и банальна ... а пошлости которые он говорит, вполне соответсвуют пошлости среднего избирателя. Всякому человеку лестно услышать с кафедры свои собственные взгляды.”

Мартин Иден
Бирөөдөн кеңеш сураганда бардык суроолорубузду бир сообщениеге жазып сураганды үйрөнүшүбүз керек.

Өзүм да мектепте окуган кезимде чоңураак байке-эжелерден сураган суроолорумду карадым, азыр.

Ошолорго рахмат)) алгач “ассалом алейкум”, анан жооп келсе “кандайсыз”деп,дагы жооп келсе анан суроолорумду берип журупмун. Кээде жооп келбесе да кайра-кайра жазыпмын. Жакшы, ушундай болуш кк😅
Биздин белгисиз маршрут келечек үчүн абдан маанилүү күндөрүн жашап жатат.

Бизге люстрация керек. Анткени Жапаровду бирөө колдойт, Мадумаровду башкасы, Бабановду, Текебаевди дагы башкаларын да ар ким колдойт. Булардын баары убагында бийликте чоң орундарда иштеп көрүшкөн. Баарына жаккан бирөөнү табуу кыйын.

Люстрация жөнүндө мыйзам кабыл алып, тазалануу керек.

Бул жакта түндүк-түштүк маселеси болгон жок, бул жакта жаңылар менен эскилер, шайлоодо добуштарды сатып алгандар менен добушун сатпагандар, мыйзам бузууларга көз жумуп көнүп калган орто жана улуу муун менен "инстаграмда" мыйзам бузууларды, "ютюбдагы" миллиардаган акчаларды уурдап аткандарды көрүп, бийлик үн чыкпаганына нааразы болгон жаштар арасында кагылышуу болуп жатат.

Бишкек же Ошто жашаганымда көчөгө чыгып, люстрация керек деген топторго кошулуп, бийликти өз алдынча бөлүшүп алгандарга каршы чыкмакмын.