Каримовдун бул кайрылуусун угуп, биздин Орусияга кошулган тарыхыбызды жакшылап окуп чыгуу керек экен деп ойлоп калдым.

Бир тарабынан Ормон хан жана ага каршы Боромбай, Балбай баатырлар, Сарыбагыш-Бугу маселеси.

Экинчиден, Кокон бизди басып алдыбы, биз эзгинде белек же Кокондун хандары жана аталык-аскер башылары өзүбүздөн чыккандыктан, биздин эле хандыкпы? Албетте, мен Коконду өзүбүздүн эле хандык деп эсептейм. Ал жерде Шерали хан, Алымкул аскер башы, Мусулманкул аталык, Нүзүп бий, Полот хан, Алымбек датка, Курманжан даткалар бар. Мындан сырткары биз билбеген бирок кыргыздан чыккан дагы башка салмактуу кишилер аз эмес деп ойлойм. Алар жөнүндө биздин кабарыбыз жок болгону, орустар жана орускулдар тарыхыбызды жазгандыктан болушу ыктымал.

Азыркы кыргыз тарыхы (мектептеги) Коконду душман, орусту бир аз дос көрүү багытында жазылган деп элестетем. Элдин аң сезиминде да ошондой туюмдар калкып жүргөндөй. Тактоо керек…
Атом эң майда бөлүкчө эмес. Аны түзгөн протон, электрон жана нейтрондор эмнелерден куралган? Алардан да майда бөлүкчөлөр барбы? Бул видеодо ушулар жөнүндө кеп болот.

https://youtu.be/RQC2UffyJoY
“Жыйырма жашында анархист болбогон адам, отузунда өрт өчүргүчтөр командасын жетектегини да алы жетпейт.”

“У того, кто в двадцать лет не был анархистом, к тридцати годам не хватит сил даже на то, чтобы руководить пожарной командой.”

Ален (Эмиль-Огюст Шартье)
— Французская революция доверила оружие молодым генералам...
— Но привел к власти Бонапарта старик, Сийес.
— Зато сам Бонапарт был молод и тем не менее поражал зрелых мужей своими познаниями и умом.
— Что это доказывает? Что характер важнее, чем возраст. Достоинства не зависят от возраста. Да и сам возраст понятие относительное. Бывают разочарованные во всем двадцатилетние старики; бывают восьмидесятилетние юноши, молодые душой и телом, полные замыслов.
Андре Моруа
#podcast

nFactorial Podcast ютуб каналынын подкасттарын укканда ар жолу таң калтырат.

Казахстандык салыштырмалуу жаш фаундерлердин жетишкендиктери жана амбицияларына баа бердим. Арман Сулейман жөнүндө бир тааныш байкеден 2017-2018-жылдары уксам керек эле. Чынында тех жана бизнес тармагында дүйнө таанымы кенен экен. Dan Carlin’дин подкасттарын ал да угат экен. “Норм” деп койдум))

Сиз кайсы подкастты/тарды угуп жатасыз жана сунуштамаксыз?
Бир нерсе жөнүндө көзүнөн оту жанып, берилүү менен айткан адамдар бар. Менимче ар адамдын жашоосунда ошондой “нерсеси” бар. Ар кимдин “нерсеси” ар башка жана биринен бири артык эмес.

Өзүмдүн ошол “нерселеримдин” бири тарых окшойт.

А сиздин оюңуз кандай?
ЖАРЫЯ!
Математика сабагынан райондук, облустук жана республикалык денгээлдеги маселелерди чыгаруу жолдору окутулат!
Мазмунунда:
📌Айлана
📌Окшоштуктар
📌Бурчтар
📌Аянт
📌Функция
📌Барабарсыздык
📌Тендемелер системасы
📌Комбинаторика
📌Сандар теориясы
📌Алгебралык маселелер каралат
Темалар кыскартылган форматта отулуп, ар бирине буга чейинки олимпиадада келген маселелерди чыгаруу менен отулот
🗓️Сабак 4 кун 1-поток 5,6,7,8-январь, 2-поток 10,11,12,13-январь (ар куну 2 сааттан) отулот
📞 Суроолор боюнча:0505952197
Сабак акысы:1000 сомдон
Реквизит: 0703310147 мбанк
👆👆

Өзүмдүн жакшы досумдан математикадан райондук олимпиадага даярдоо курсу. Сунуштайм.
Алтай жана хакас тилдери менен биздин тилдин окшоштугун төмөнкү ырлардан билсе болот:

https://youtu.be/T7x6XZmJvRA?si=59SEu8mzWpf2fbUM

https://youtu.be/qLQKoJNiHLs?si=gCiIvm5kyc-9KVsk

Эстешим боюнча байыркы түркий тилдеринен азыркыга чейин сөздөрдө төмөнкү тыбыштар алмашкан:

“з” => “д” => “й”

Эски тилде: козон, казың
Кийин: кодон, кадың
Азыр: коён, кайың

Жогорку ырлардын текстин карап “ундыбазым” дегендеги “з” азыр бизде “д” га алмашып “унутпаДым” болгонун байкадым.

Баткендеги “ада болду” деген сөз, “аягы болду” деген сөз менен маанилеш. “Ада болду” деп биз бир нерсе түгөдү деген мааниде айтабыз. “д” тыбышы “й” га алмашкан.

Бир нерсени жерге “жайып” кой дегендин эски варианты “жазып” кой.

Ошондуктан, Баткенде “эде” деп сүйлөгөндүн мааниси да ошол жактан чыгып калчудай. Балким, “д” тыбышы “л” менен алмашып “эле” болуп калган.

Баса, “тарактын” эски варианты “таргак” экен. Бул да Баткенде кездешет.

Тил темасына дагы көп кайрылмакчымын) Жакында Касым Тыныстановдун диалектилер боюнча цитатасын жазам.
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
Өзүбүз билбей туруп өзүбүздүн келечегибизге зыян алып келип алышыбыз ыктымал.

Терең көрүнгөн бирок тайыз жасалган маалыматтар кыргыздын келечегине да, диндин келечегине да зыян деп эсептейм.

Менимче ютубдагы “Телескоп каналы” сыяктуулар өлкөбүзгө коррупционерлерден кем эмес деңгээлде зыян алып келет.

Оюмча малыматтары бир тараптуу, булактар жок жана жарым жомок, критикалык көз караш жок. Толук тактабай туруп, мезгилдин чоң картинасын карабай туруп “урдура” берет. “Бейтараптык” деген нерсенин “Б”сын да көрүү кыйын бул сыяктуу каналдардан.

Авторлордун ниети жаман деп ойлобойм. Өлкө үчүн жана дин үчүн деп өздөрү туура деп ойлогон ишин кылып жатышат. Бирок, билим жетишпейт, дүйнө тааным жетишпейт.

Бул каналда улуу инсандарыбыз жөнүндө бир тарап маалыматтар топтолгону өкүнтөт (Раззаков, Абдрахманов ж.бу.с.)

Бир күн эмнеге “Телескоп каналы” биздин келечегибизге зыян экенин кененирээк айтып чыгармын.
Белгисиз Маршрут (Билимот) pinned «Өзүбүз билбей туруп өзүбүздүн келечегибизге зыян алып келип алышыбыз ыктымал. Терең көрүнгөн бирок тайыз жасалган маалыматтар кыргыздын келечегине да, диндин келечегине да зыян деп эсептейм. Менимче ютубдагы “Телескоп каналы” сыяктуулар өлкөбүзгө коррупционерлерден…»
Өзүм көрүп чыга элекмин бирок)
🇨🇳🇯🇵
Подкаст: Hardcore History, Supernova in the East 1.

Story localisation деген түшүнүк бар экен. Окуяны же жаңылыкты белгилүү бир жер/эл менен тикелей байланыштырганда аларга кызыктуураак болушу мүмкүн .

Бул согуштарда да колдонулуп келген белгилүү ыкмалардан экен. 1930-жылдары Жапон-Кытай согушунда Кытай кыйла жерин алдырып, өтө эле алсыз болгон. Мисалы, көптөгөн салгылашуулардын бири болгон Бейжиңди басып алуу салгылашында эле Жапон тараптан 40 миң, Кытайдан 250 миң адам жоготуу болгон. Эң кызыгы – Кытай кол башчылары согушту атайы Бейжиңде уюштурушкан, т.а. аскерлерин ошол жакка топтогон. Анткени, бул шаарда башка мамлекеттердин бизнесмендери, жарандары, дааватчылары, журналисттери көп болгон. Шаарда согуш жүргөн учурда Кытай учактары жаңылыштык менен өз элин да жардырып алган учурлар катталган. Жапон тарап да шаарды көп кыйраткан.

Шаарда чет элдик жарандар да көп каза болушкан. Америкалык миссионер өз кызынын көз алдында жарылуудан каза болсо, дагы башкалары да ушул сыяктуу кайгылуу окуяларга дуушар болушкан.

Бул согушка өз көзү менен күбө болгон чет элдик журналисттер адам боорун эзе турган кадрларды тартып, өз мекендештери Кытай жарандары менен кошо өлүп жатканын жазып чыгышкан. Поезд жол боюнда жарылуудан кийин күйүп капкара болуп калган 6 айлык наристе, каза болгон апасы жана жолдо жайнаган денелердин сүрөттөрү дүйнө гезит-журналдарына тарап, чуу чыккан. Кээ бир өлкөлөр Кытайга жардам жөнөтө башташкан. Кытай-Жапон согушуна көңүл бурулуп, дүйнө коомчулугу Жапония Кытайда эмне кылып жүрөт деген суроону бере баштаган.

Бул Кытай кол башчыларынын атайы тактикасы болчу. Бирок баасы да кымбат эле. Бир тараптан дүйнөнү көңүл бурдуруу, экинчи тараптан өз соода борбору болгон негизги шаарын кыйратуу, кадимки шаар тургундарын да согуш курмандыгына келтирүү.

Жогорку story localisation амалы жакынкы согуштардын биринин башталышында колдонулду. Билип колдондубу, билбей колдондубу айта албайм. Же жөн эле кокустук болуп калдыбы. Кокустук эмес деп ойлойм бирок.

Атайы жасаштыбы же кокустукпу? Негизи бул амалды колдонуу моралдык жактан канчалык туура/ката деп ойлойсуз? Менимче, туура эмес деп айтуу кыйын, бул да бир согуштук тактика.

Кайсы согуш жөнүндө айтып жатканымды аңдай алдыңызбы?
https://www.instagram.com/reel/C3zn6UaMrNd/?igsh=cWdjOHhrd2Yyejhl

Депутат Элдар Абакировдун ЖРТ тууралуу сунуштарына кошулам (4:20 мүн.)

Кошумча дагы ойлорумду мурда кагаз түрүндө депутаттык комиссияга да, билим берүү министрлигине да тапшыргам. Негизи, убакыт таап дагы барып кырдаал менен жакындан таанышып, толук ишке ашкыча аракет кылыш керек.

Күндүзү жумуш күндөрү Кара-Балтадан Бишкекке барып туруу кыйын. Бирок, өзгөрүүсүн кааласак, колдон келишинче аралашып иштеш керек. Отуруп алып критикалоо дагы жаман эмес, коомдук пикир да өзгөрүүгө алып келет. Ылдамдыгы жайыраак болуп калат.
Ак калпак – Ала-Тообуздун, ата мурасыбыздын сомволу. Тоолор бизди курчап, биздин жашоо образыбызды курады.

Биздин элдер бириккенде Римди (Атилла), Мысырды (Египет, Бейбарс), Индостанды (Бабур), азыркы Орусия аймагын (Өзбек хан, Жаныбек, Бердибек), дээрлик жалпы континентти (Чынгыз хан, Амир Темир) башкарып турган. Жазуу маданиятыбыз болгон, бирок кеңири тарабагандыктан, сөздүн күчү бекем болчу жана азыр деле жаман эмес.

Коом жана маданият (Society and Culture) сабагынан көчмөндөрдө аялдардын орду отурукташкан коомдогуга караганда жакшыраак болгонун үйрөнгөм. Ошол себептен Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал жана Курманжандар чыгып келсе керек.

Биз кичине эл эмеспиз, биздин жерибиз да кичине эмес, тарыхыбыздын тамыры узун. Узакка уланар улуттук инерциябыз бар.