“В истории больше глупости, чем в чем-либо еще, и где-либо еще.”

Бул видеодо осмон империясы менен австриянын ортосундагы күлкүлүү согуш жөнүндө айтып берет 🤣🤣
https://youtu.be/y2JGNXnsWb4

Бул жактан болсо, Уганданын хаха президенти жөнүндө😂😢
https://youtu.be/vssuBZ56VBs

“Өткөнүнөн сабак албаган эл - келечегинен үмүтсүз эл,” - деп даана айтылган. Биз өлкө катары мурдагы жана жакынкы тарыхыбыздан, жеке адам катары 15-20 жылдык жашообобуздагы өз тарыхыбыздан сабактарды алып, тыянактарды чыгарып турушубуз керек. Болбосо, бир катаны кайра-кайра кайталай беришибиз толук ыктымал.

Тарыхка кызыгасызбы?
Она никогда не видела глаз, в которых отражалась бы такая несокрушимая сила. Этот человек все может, - вот о чем говорил ей его взгляд....

Мартин Иден, Джек Лондон.
Биз сыяктуу “өнүгүп келе жаткан” өлкөлөрдө Мартин Иденге окшогон кыздар жана балдар толтура деп ойлойм. Андай адамдар дүйнөнүн бардык тарабында эле бар, бирок кээ бир өлкөлөрдө адамдардын талантын ачыкка чыгарганы мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк.

Азырынча Мартин Иденди окуп бүтө элекмин, кандай болуп аяктаары өзгөчө кызык болуп жатат.
Кыйын учур келгенде төбөң менен жер казсаң да, бар жаныңды 100% берсең да кээ бир нерселерди аткаруу колуңдан келбей калат. Алсыз жана чарасыз экениңди карап гана отуруп каласың. Мындай учурлар жашооңдо аз болсун десең алдын ала аз-аздан даярдануу керек.
“Я слышал его речь во время предвыборной компании. Она была так умно-глупа и банальна ... а пошлости которые он говорит, вполне соответсвуют пошлости среднего избирателя. Всякому человеку лестно услышать с кафедры свои собственные взгляды.”

Мартин Иден
Бирөөдөн кеңеш сураганда бардык суроолорубузду бир сообщениеге жазып сураганды үйрөнүшүбүз керек.

Өзүм да мектепте окуган кезимде чоңураак байке-эжелерден сураган суроолорумду карадым, азыр.

Ошолорго рахмат)) алгач “ассалом алейкум”, анан жооп келсе “кандайсыз”деп,дагы жооп келсе анан суроолорумду берип журупмун. Кээде жооп келбесе да кайра-кайра жазыпмын. Жакшы, ушундай болуш кк😅
Биздин белгисиз маршрут келечек үчүн абдан маанилүү күндөрүн жашап жатат.

Бизге люстрация керек. Анткени Жапаровду бирөө колдойт, Мадумаровду башкасы, Бабановду, Текебаевди дагы башкаларын да ар ким колдойт. Булардын баары убагында бийликте чоң орундарда иштеп көрүшкөн. Баарына жаккан бирөөнү табуу кыйын.

Люстрация жөнүндө мыйзам кабыл алып, тазалануу керек.

Бул жакта түндүк-түштүк маселеси болгон жок, бул жакта жаңылар менен эскилер, шайлоодо добуштарды сатып алгандар менен добушун сатпагандар, мыйзам бузууларга көз жумуп көнүп калган орто жана улуу муун менен "инстаграмда" мыйзам бузууларды, "ютюбдагы" миллиардаган акчаларды уурдап аткандарды көрүп, бийлик үн чыкпаганына нааразы болгон жаштар арасында кагылышуу болуп жатат.

Бишкек же Ошто жашаганымда көчөгө чыгып, люстрация керек деген топторго кошулуп, бийликти өз алдынча бөлүшүп алгандарга каршы чыкмакмын.
Азыркы саясий кырдаал боюнча ойлорум ушундай... Убактыңар ашып-ташып атса окуп чыккыла😅
Бул дагы бар экен👇👇
Жогоркулардын баары болгону менин оюм. Сиздин оюңуз башка болушу мүмкүн, проблема жок. Ар ким өз оюн, аргументтерин айтыш керек. Талаштан тактык жаралат.
Эмне үчүн КРдан 70 жылдан бери Айтматовдон башка бир да “толковый” адам чыккан жок?